Израиль Байденге эскертүү жасады

Израиль Байденге: Эгер өзөктүк келишимге кайтып келсеңер, анда бизде силер менен сүйлөшө турган эч нерсе калбайт.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги жазды
The Times of Israel гезити “Шаршемби күнү Израиль ТВсынын 12-каналы Тель-Авив АКШнын Биргелешкен Комплекстүү Иш-аракеттер Планына (JCPOA) кайтып келиши ортодогу мамилелердеги кризис жаратышы мүмкүн деп эскерткенин билдирди”, – деп жазды.
Израиль ТВсынын 12-каналы “өтө жогорку даражалуу маалымат булагына” шилтеме берип: “Эгерде Байден Обаманын планын ишке ашырса, анда биздин аны менен сүйлөшө турган башка эч нерсебиз калбайт”, – деп билдирди.
Байден бийликке келгенден кийин JCPOA га кайтуу анын максаттарынын бири экенин бир нече жолу айткан.
Учурда Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши, Коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Куралдуу Күчтөр жана Моссад сыяктуу ар кандай мекемелер менен Иран боюнча бир катар жолугушууларды өткөрүп жатканы кабарланууда.
Белгилей кетсек, Барак Обаманын президенттик мөөнөтүнүн аягында АКШ менен сионисттик режимдин мамилелери Ирандын айынан эң караңгы деңгээлге жеткен.

Комментарий жиберүү