Иракта болгон жардыруулар үчүн ИШИМ жоопкерчили калды

ИШИМ террордук тобу жума күнү эртең менен жасаган билдирүүсүндө Багдаддын борборунда болгон эки жанкечтилик жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды.

Кечээ күнү Багдаддын борборундагы эл көп жайгашкан базардын жанында эки жардыруу болуп, кеминде 32 адам каза болуп, 110 адам жаракат алган. Бул жардыруулар Багдаддагы акыркы үч жылдагы эң кандуу террордук акт болуп саналат.

Ирактын Ички иштер министрлиги билдиргендей, биринчи жанкечти Таяран аянтындагы эл көп жүргөн базарда элди өзүнүн жанына топтоп, андан кийин өзүн жарылуучу кур менен жардырып жиберген. Экинчи жанкечти жабырлануучуларга жардам берүү үчүн эл окуя болгон жерге топтолуп жатканда өзүн-өзү жардырып жиберген.

Комментарий жиберүү