Иракта Түркиянын жаңы аскердик операциясы башталды

Түркия кечээ, шаршемби күнү Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан Жумушчу партиясынын (ПКК) базаларына каршы жаңы аскердик операция башталганын жарыялады.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
Түркиянын Коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө Ирактын Кара районунда “Бүркүттүн тырмагы 2” деп аталган жаңы операция башталганын жана Анкара террордук уюм деп эсептеген Күрдистан Жумушчу партиясынын күчтөрү чоң жоготууларга учураганын билдирди.
Түркиянын Коргоо министрлиги операция “Түркиянын террордук чабуулдарга жооп катары өзүн-өзү коргоо укугуна жана чек араларынын коопсуздугун камсыз кылууга” негизделгенин билдирди.
Белгилей кетсек, Түркия буга чейин Багдад өкмөтүнүн нааразычылыгына карабастан, Ирактын түндүгүндө Күрдистан Жумушчу партиясына каршы бир нече аскерий операцияларды жүргүзгөн.
ППК тобу Түркия, АКШ жана Европа Биримдиги террордук топ деп жарыялаган. Бул топтун Түркияга кол салып баштаганына 30 жылдан ашуун убакыт өттү жана бул аралыкта он миңдеген адамдар өлтүрүлдү.

Комментарий жиберүү