Исмаил Хание Иран Ислам Ынкылабынын Жогорку Лидерине ыраазычылыгын билдирди

Иран Ислам Ынкылабынын жеңишинин 42 жылдыгына карата Хамастын лидери Аятолла Хаменейиге Палестинаны колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын Ислам Кыймылынын (Хамас) саясий бюросунун башчысы Исмаил Хание, Иран Ислам Ынкылабынын Жогорку Лидери Аятолла Сейед Али Хаменейиге Жеңиш майрамына карата куттуктоо билдирүүсүндө ыраазычылык айтты.

Бул билдирүүдө Исмаил Хание мындай деди: “Биз, Хамастын мүчөлөрү жана өзүбүз менен катар Палестина эли, ушул ийгиликтүү учурдун кубанычын Cиздер менен тең бөлүшүп, Сиздин Палестина элин колдоодогу ардактуу жана туруктуу позицияларыңыз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Исмаил Ханийе сөзүнүн уландысында  Палестинанын Исламдык Коргонуу  кыймылы Палестинанын жеңиши үчүн ушул позицияларды өнүктүрүүнү улантып, ушул өлкөнүн алдында турган коркунучтар менен кыйынчылыктардын шартында палестиналыктарга колдоо көрсөтө берерин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү