Мароккодогу жашыруун фабрикада кеминде 28 адам каза болду

Мароккодо нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны бир топ адамдардын өмүрүн алып кетти.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Марокконун түндүгүндөгү Танжер шаарындагы мыйзамсыз текстиль фабрикасын сел каптап, кеминде 28 жумушчу каза болду.
Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өлкөнүн коопсуздук органдарына шилтеме берип, суу каптаган фабрика турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашканын жазышты.
 Белгилей кетсек, Мароккодо тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып кеткен. Жер төлөөдө жайгашкан фабрикадан он жумушчу куткарылып, ооруканаларга жеткирилген, алардын өмүрүнө коркунуч жок. Каргаша болгон учурда заводдо канча адам болгону азырынча белгисиз. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Комментарий жиберүү