Нэнси Пелоси: Сенат Трампты соттоого даяр

АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы маалымат жыйынында АКШ Сенаты Трамп менен соттошууга даяр экендигин жарыялады.

Mehr News агенттигинин Ал-Жазира телеканалына шилтеме берип, билдиргенине караганда, АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери “Нэнси Пелоси” 21-январда өткөргөн маалымат жыйынында Сенаттын кызматкерлери Трамп менен сот ишин баштоого даяр экенин жарыялады.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери бул маанилүү иш-чаранын так датасын айтпастан сөзүн мындай улады: 6-январда Конгресстин имаратына кол салуу Трамп тарабынан провокация болгону анык. Жакында анын сот ишин баштайбыз.
Нэнси Пелоси кошумчалады: “Трамптын администрациясында коронавирус менен күрөшүү планы жок болгону эми белгилүү болду. Байден (АКШнын жаңы президенти) буга байланыштуу аткаруучу буйрук чыгарат.”
Белгилей кетсек, Республикачы-сенатор Митч Мак Коннелл Трамп өз тарапташтарын Конгресске кол салууга үндөгөндүгүн мойнуна алды.
Билдирүүгө ылайык, АКШ Конгрессине кол салууга үндөгөн деген айып менен Трамптын соту жакынкы күндөрү өтөт.

Комментарий жиберүү