Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде, 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди.

Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан билдиришти.

Шарият боюнча Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 29, кээде 30 күн болот.

Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен бул күнү кыргызстандыктар эс алышат.

Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн.

Комментарий жиберүү