Палестина сионисттик режимдин кылмыштарын иликтөөгө чакырды

Палестина автономиясынын Тышкы иштер министрлиги 14- февралда сионисттик режимдин палестиналыктарга каршы кылмыштарын иликтөөнү тездетүүгө чакырган билдирүү жасады.

Iran press агенттигинин маалыматына ылайык, Палестина автономиясынын Тышкы иштер министрлиги Гаагадагы Эл аралык Кылмыш Сотунан (ЭКК) Израилдин жана анын отурукташуучуларынын Палестина элине жана алардын жерлерине каршы жасаган кылмыштарын тезинен иликтөөнү суранды. 

Белгилей кетсек, Палестина министрлиги ошондой эле Палестина элине каршы жасалган бул кылмышкерлерди жазалоого чакырды.
Палестина автономиясы ошондой эле сионисттик режимдин Палестина элине жана алардын ыйык жерлерине каршы агрессиясын айыптап, сионисттер өздөрүнүн калктуу конуштарын кеңейтүүгө жана анда Палестинанын катышуусун жок кылууга багытталганын кошумчалады.

 Палестина автономиясынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык коомчулукту, эл аралык укуктук уюмдарды жана гуманитардык уюмдарды сионисттик режимдин аракеттерине каршы турууга жана Палестина элине каршы жасаган кылмыштары үчүн дароо жазалоого чакырды.

Эске салсак, 5-февралда Гаагадагы Эл аралык Кылмыш сотунун судьялары 1967-жылдагы Палестинанын оккупацияланган аймактарында жасалган кылмыштар боюнча соттун чечимин чыгарган. Соттун маалыматында, 1967-жылы басып алынган Палестина аймактарына Батыш Шериа, анын ичинде Чыгыш Иерусалим жана Газа сектору кирет жана сионисттик режимдин бул аймактарда жүргүзгөн ар кандай отурукташуусу же аракеттери мыйзамсыз болуп саналат.

Комментарий жиберүү