Парвиз Гасеми: «Кудс күнү – мусулман өлкөлөрүнүн биримдигинин символу»

Бүгүн, 7-май Бишкектеги “Eurasia Today” маалымат агенттигинин кеңсесинде “Кудс күнү” темасында тегерек стол өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Касеми, Иран элчисинин саясий иштер боюнча кеңешчиси Жавад Таги Рустамион, саясат таануучу Уран Усенов жана онлайн форматта дин аалымы Кадыр Маликов катышып, өз докладдарын окушту.

Анын жүрүшүндө Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүн жетекчиси Парвиз Гасеми Ирандын руханий лидери Имам Хомейни Эл аралык стратегиянын негизинде Палестина көйгөйүн көп кырдуу стратегияга айландырганын билдирди. Ал мунун негизинде Кудс күнүнүн  мааниси боюнча бир нече пунктту белгилеп өттү.

1.  Дүйнөлүк Кудс күнү Палестинаны колдогон мусулман өлкөлөрүнүн биримдигинин символу. Анын негизги максаты – сионисттик режимдин жамандыктарын жоюу жана Палестина көйгөйүн чечүү.

2.  Бул күн мусулман өлкөлөрүнүн каршылык көрсөтүүсүн эскертет. Кудс күнүнүн жаралышы менен аймакта, айрыкча Палестина менен Ливанда сионисттик режимге каршы туруунун ири кыймылдары пайда болду.

3.  Бул күн кээ бир араб өлкөлөрүнүн чыныгы позициясын көрсөтөт. Алар сионисттик режимдин ач көздүгүнө каршы турбастан, көпчүлүк учурда анын кылмыштарын колдошот. Ушул көз караштан алганда, Кудс күнү сионисттик режимге да, Иерусалимдин идеалдарына чыккынчылык кылган араб өлкөлөрүнө да каршы бир эле мезгилде күрөшүү болуп саналат.

4.  Ислам Революциясынын руханий лидери Кудс күнү жөн гана жүрүш эмес экенин, бул күнү Ислам коомчулугунун каны кайнаган күн экенин билдирген.

5.  Бул күн – Ислам революциясынын жетишкендиктерин сактоо күнү

6.  Кордогондорго мусулман элдеринин улуулугун көрсөтүү күнү 

7.  Сионисттердин мусулман элдеринин көтөрүлүшүнөн корккон күнү

8.  Палестина маселесин унуткаруу боюнча кутумдарды жок кылуу күнү

Гасеми бул сегиз пункт Бүткүл дүйнөлүк Кудс күнүнүн философиясынын бир гана бөлүгү экенин белгиледи.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Палестина элин колдоо максатында кеңири форматта оффлайн жана онлайн түрүндө иш-чаралар өткөрүлдү. Коронавируска карабай бул күндүн өткөрүлүшү  Палестина маселеси эч качан унутулбай тургандыгын көрсөтүп турат деди Касеми.

Ал быйылкы Кудс күнү мурунку жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк мааниге ээ экенин, анткени ал “Кылым келишимин” ишке ашыруу мезгилине туш келгенин белгиледи. Анын айтымында, бул күнү мусулман элдери жана өлкөлөрү бул батыш-еврей-араб долбоорун ишке ашыруу менен макул эместигин көрсөтүшөт. Ал бул күн Палестина көйгөйү мусулман коомчулугунун артыкчылыктуу багыты экендигин көрсөткөнүн белгилеп, мусулман коомчулугунун бул күнү демонстрацияларга чыгышы Ислам үммөтүнүн анти-сионисттик мотивдери бар экендигин жана Палестинанын бошотулушун каалаарын көрсөттү деди.

Ошондой эле маданий өкүл дүйнөлүк Кудс күнүнүн потенциалын ишке ашыруудагы эң маанилүү тоскоолдуктарга токтолуп, алардын катарына Палестина маселесинин артыкчылыгын этникалык маселелерге жана такфиризмге алмаштыруу аракеттери кирерин билдирди.

“Палестинанын бошотулушуна каршы чыккандар Палестина көйгөйүнүн артыкчылыгын тармактык, улуттук жана этникалык маселелер менен жана такфиризмдин экстремисттик идеологиясы менен алмаштырууга аракет кылып жатышат. Бирок, Бүткүл дүйнөлүк Кудс күнү Палестина маселесин кайрадан биринчи планга коё алат деп ишенебиз”, – деди Гасеми.

Ал айрым мусулман өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Кудс күнүн белгилөөдөн баш тартышканын айтып, буга Батыштын позициясы себепчи болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, жыл сайын бул күнү ирандыктар көчөлөргө чыгып, Палестина эли менен тилектештигин көрсөтүп, Иерусалимдин бошотулушун каалап жатышканын көрсөтүшөт. Ал быйыл коронавируска байланыштуу Кудс күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар виртуалдык форматта өткөндүгүн белгилеп, муну менен адамдар кандай гана шартта болбосун Палестинаны ар дайым колдой тургандыктарын дагы бир жолу далилдешти деп баса белгиледи.

Парвиз Гасеми сөзүнүн аягында Маданий өкүлчүлүк Кудс күнүнө карата интернетке жарыялоо үчүн бир катар материалдарды жана видео роликтерди даярдаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, иш-чара “Eurasia Today” маалымат агенттиги тарабынан уюштурулду.

Анын максаты – Палестина элинин укуктарын коргоо, аларга тилектештик билдирүү жана Кудс маселесин дагы бир жолу көтөрүп, эл аралык коомчулукка жеткирүү.

42-жылдан бери жыл сайын мусулмандардын Ыйык Рамазан  айынын акыркы жума күнүндө “Аль-Кудс” күнү белгиленет. Бул жылы ал күн 7-майга туш болду.

Бул күн 1979-жылы Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейнинин демилгеси менен Палестина элине тилектештиктин белгиси катары жана алардын укуктары үчүн күрөштү колдоо максатында бекитилген. Жыл сайын Палестинанын кайгысына кайдыгер карабаган эл аралык коомчулук Рамазан айынын акыркы жума күнүндө бул күнгө карата ар кандай иш чараларды өткөрүшөт.

Кудс күнү дүйнө жүзү боюнча мусулмандар бир нече жылдардан бери Израилдин сионисттик режиминин эзүүсүнө туш болуп, жерлери тартылып алынып, укуктары тепселген боордош жана диндеш Палестина элине тилектештик сезимин билдиришип, аларга моралдык жактан колдоо көрсөтүшөт.

Комментарий жиберүү