Танзаниядагы белгисиз оору 15 адамдын өмүрүн алды

Танзанияда белгисиз инфекциядан улам 15 адам каза болуп, 50дөн ашууну ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The Mirror” басылмасына шилтеме берип  жазды. Маалыматка караганда, кан кустурган табышмактуу оору азыркы тапка чейин 15 кишинин өмүрүн алды. Белгисиз инфекцияга кабылган адамдардын башы ооруп, кусуп, кан кусууда.

Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү эркектер, алар буга чейин боор оорулары менен жабыркаган. Танзаниянын ички иштер министри кырдаалдын масштабын баалоо үчүн эпидемиялык жайга бир нече эксперттер жиберилгенин жарыялады. Буга окшош оору 2018-жылы Танзаниянын батышында катталып, көптөгөн адамдар ооруканага жаткырылган.

Комментарий жиберүү