Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эмнени сүйлөштү?

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эмнени сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаров Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты. Тараптар ошондой эле…

Прочитайте больше

Израилде синагогада адамдар сыйынып турган трибуна кулап калды (видео)

Израилде синагогада адамдар сыйынып турган трибуна кулап калды (видео)

Иерусалимдин чет-жакасындагы израилдиктердин Гиват-Зеев конушунда синагогада адамдар сыйынып турган трибуна кулап калды.  Андан улам эки адам анын ичинде бир бала каза болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алышты. Бул тууралуу Орусиянын Биринчи каналы маалымдады. Окуянын учуру видеого түшүп калган. Көпчүлүк адамдар эмне болгонун дароо түшүнүшкөн эмес. Трибуна кулап түшкөндөн кийин тыгын жаралып, кысылыштан дүрбөлөң башталган. Синагогада жалпысынан еврейлердин эн негизги майрамдарынын бири Шавуотко чогулган 600гө жакын адам болгон. Учурда полиция массалык сыйынуу учурунда эрежелер сакталганбы же…

Прочитайте больше

Израилдин Газанын түндүгүнө кол салуусу уланууда

Израилдин Газанын түндүгүнө кол салуусу уланууда

Бул тууралуу бүгүн, шейшемби күнү Палестинанын маалымат каражаттары маалымдашты.Израилдин согуштук учактары Газа тилкесинин түндүгүндөгү Тел аль-Заатар, Масуд, Аль-Хазандар жана Аль-Тавам аймактарына да ондогон кол салууларды жасашты. Маалымат каражаттары Израилдин согуштук учактарын Газа аймагынын асманында өтө төмөн бийиктикте учуп өткөнүн билдиришти. Палестинанын ар кайсы шаарларында Палестина элинин каршылык көрсөтүүсүнүн жаңы айлампасы башталды. Израилдин Иерусалимдин оккупацияланган чыгыш бөлүгүндөгү Шейх Жаррах аймагын жок кылуу жана ээлеп алуу аракеттери Палестинада жаңы кагылышууларга алып келди жана курчуган абалдын улантылышынан улам…

Прочитайте больше

Кыргызстан Баткенди калыбына келтирүүгө Кытайдан жардам сурады

Кыргызстан Баткенди калыбына келтирүүгө Кытайдан жардам сурады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова кытай тарапка Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү менен көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинети үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Кыргыз…

Прочитайте больше

Беларусь Президенти митингге чыккандарга каршы ок атууга уруксат берди

Беларусь Президенти митингге чыккандарга каршы ок атууга уруксат берди

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко “Беларусь Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө, өзгөчө милиция кызматкерлерине митинг жана массалык башаламандыктардын катышуучуларына каршы согуштук жана атайын шаймандарды колдонууга укук берет. Бул тууралуу өлкөдөгү жергиликтүү басма сөз каражаттары маалымдашты. Мыйзамда полиция кызматкерлери эгерде курал колдонуу ушул органдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылса, куралдарды жана атайын техниканы колдонуунун натыйжасында келтирилген зыян үчүн жооп бербейт. Мыйзам…

Прочитайте больше