Бүгүн кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын үчүн ат салышат

Бүгүн кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын үчүн ат салышат

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов  бүгүн, 3-августта финалдык беттешке чыгат. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат. Махмудов килем 77 кг салмакта алтын үчүн атаандашы венгриялык балбан Тамаш Лоринц менен килем үстүнө чыгат.

Прочитайте больше

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 3 -августта UFCнин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келгенин EFC 38 турниринин PR-кызматынан билдиришти. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.Нурмагомедов кыргызстанга Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов, Умар Нурмагомедов, Усман Нурмагомедовдор менен чогуу келди, алар Хабибдин командасына кирет.Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) 3-августта өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.Спорттук иш-чара 19 беттешти камтыйт, алардын…

Прочитайте больше

Курманбек Бакиев апта аягында Кыргызстанга келеби?

Курманбек Бакиев апта аягында Кыргызстанга келеби?

Социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жакынкы күндөрдө өлкөгө келери тууралуу маалыматтар таркоодо. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул маалымат боюнча ар кандай пикирлерин билдирип, комментарий калтырып жатышат. Айрымдары “Ак ийилет, бирок сынбайт” десе, кээ бирлери “ Ал кишинин кылгандарын кыргыз эли унута  элек” деп жазышууда. Кыргыз бийлиги Кумтөр боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасоодо жана ага байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгон. Кечээ, 2-августта издөөгө…

Прочитайте больше

Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токиодо өтүп жаткан олимпиаданын күрөш боюнча мелдештеринин үчүнчү күнү кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарованын жеңиши менен башталды. Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова коло медалына жолдомо алуу үчүн азербайжандык атаандашын 4:1 упай менен жеңди.Ошондой эле, Айсулуу Тыныбекова латвиялык атаандашын 8:0 упай менен утуп, 1/8 финалга чыкты.Ал эми, Узур Жузупбеков финляндиялык атаандашына утулуп, коло медалга жолдомо алууга жетпей калган. Буга кошумча, Атабек Азизбеков бүгүнкү биринчи мелдешинде венгриялык атаандашына 6:1 упайга уттуруп,  1/4 финалга чыкпай калды. Алдыда Акжол Махмудовдун финалдык беттеши бүгүн, 3-августта саат 15:00дө өтмөкчү.

Прочитайте больше

Кабул «Талибандын» шартын кабыл алды

Кабул «Талибандын» шартын кабыл алды

Кабул өкмөтү бийликти талибандар менен бөлүшүүгө даяр экенин жарыялады.  “Ооган бийлиги талибандар менен тынчтыкка бийликти бөлүшүүгө даяр, бирок талибандар белгилүү шарттарды сактоосу шарт” – бул тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар “Известия” гезитине берген маегинде билдирди.Ал ошондой эле, талибандар менен иштешүүгө жана аларды өкмөткө алууга, ошондой эле алар менен элдешүүгө жана бийликти бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.“Ал эми бизде бул үчүн көп шарттар жок, чындыгында бир гана нерсе бар – өлкөнүн ичинде Ооганстандын келечегин ооган эли…

Прочитайте больше