Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык сахаба

Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык сахаба

Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) хижрий жыл санагынын 1-жылында Билял ибн Раббахды муэзин (азанчы) кылып даярдаган. Көпчүлүгүбүз бул сахабаны пайгамбарыбыздын (САВ) 1-азанчысы катары тааныйбыз. Ал эми Ислам тарыхында экинчи азанчы ким болгонун билесизби? Бул – Абдуллах ибн Умми Мактум. Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык, таң каларлык эр жүрөктүүлүк сапаты менен суктандырган бул сахаба тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз. 1- Абдуллах ибн Умми Мактум- өзү меккелик, курайш уруусунан. Пайгамбарыбызга (САВ) тууганчылыгы бар. Пайгамбарыбыздын (САВ) сүйүктүү жубайы Хадижа энебиздин таякесинин…

Прочитайте больше

Токио 2020: Борбор Азия боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Токио 2020: Борбор Азия боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Токио 2020 Олимпиада оюндарында багындырылган медалдар боюнча Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунда келе жатат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 4-августка карата 200дөн ашык мамлекеттин ичинен 61-орунга көтөрүлдү. Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстандын спортчулары Олимпиада оюндарынан байгесиз кайтып келишти. Өзбекстан 2 алтын, 1 коло менен 30-орунда, Түркмөнстан 1 күмүш менен 71-орун жана Казакстан 4 колосу менен 72-орунда турат. Кыргызстандын спортчулары бул Олимпиадада үч медалга ээ болшту. 3-августта Акжол Махмудов күмүш медал жана балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло медаль утушкан. Кечээ, 4-августта Айсулуу…

Прочитайте больше

Айсулуу Тыныбекова: Кыргызстанга алтын алып келгим келген

Айсулуу Тыныбекова: Кыргызстанга алтын алып келгим келген

Токио – 2020 олимпиадасынын кыз-келиндер күрөшү мелдешиндеги финалда күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова Токиодогу акыркы беттеши тууралуу билдирди. “Мен өзүмө да, мелдештин натыйжасына да нааразымын. Бардыгы мени алтын алат деп күтүшкөн, бирок элдин ишеничин актап, тарых жарата алган жокмун.”Анын айтымында, мелдештен алдыраак өзү жакшы даярдыкта болгону менен беттешүүдө тилекке каршы машыктыруучунун айткандарын толук аткара алган эмес.Айсулуу Тыныбекова мындай деп кошумчалады: “Жараткандын буюругу менен күмүшкө ээ болуп отурам, бүгүн муну кабыл алышым керек. Биздин жашоо бул күрөш,…

Прочитайте больше

Жаңы окуу жылы кандай форматта башталат?

Жаңы окуу жылы кандай форматта башталат?

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы оффлайн форматта өтүүсү үчүн эки шартты белгиледи. Анын айтымында, окуучулар салттуу түрдө мектепте билим алуулары үчүн биринчиден бардык мугалимдер жана мектеп кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт. Ал эми Саламаттыкты актоо минитрлигинин берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө мугалимдердин 60-70 пайызы гана эмделишкен. Ошондой эле, Жусупбекова экинчиден өлкөдөгү эпидемиялык абалга көңүл буруларын баса белгилеп, жергиликтүү штабдардын чечими менен гана окуучулар мектепке бара башташарын айтты. “Ал үчүн ата- энелер жана окуучулар азыртадан саламаттык жактан…

Прочитайте больше

Аял, эркек жана акыл

Аял, эркек жана акыл

Суроо: Аялдын эркекке караганда акылдуураак экенин, ошондуктан, аялга көбүрөөк укуктарды берүү керектигин айтып жүргөндөр бар. Ар аял бардык эркектен акылдуубу? Жооп: Алгач акылдын эмне экенин билүү керек. Аллаху таала акылды туураны жаңылыштан, жакшыны жамандан, пайдалууну зыяндуудан айырмалоо үчүн жараткан. Кайсы нерсенин туура, кайсы нерсенин жаңылыш, кайсы нерсенин жакшы, кайсы нерсенин жаман экенин жалгыз бүткүл макулуктарды жоктон бар кылган Аллаху тааланын билдирүүсү менен гана түшүнүлөт. Адамдардын жакшы же жаман деп айтуусу менен бир нерсе жакшы же жаман болуп…

Прочитайте больше