Байден АКШнын Ооганстанда кетирген негизги катачылыгын айтты

Байден АКШнын Ооганстанда кетирген негизги катачылыгын айтты

Ооганстандагы кырдаал Ак үйдүн башчысын капалантууда, бирок ал республикадан аскерлерди  чыгаруу чечимине өкүнбөйт. АКШнын Ооганстанда согушка даяр армияны түзүүгө багытталган чаралары ийгиликсиз болду. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы Жо Байден телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуусунда билдирди. Байдендин айтымында, Америка ооган армиясын машыктырууга триллиондогон доллар жумшап,  курал-жарак берген. Бирок, Кошмо Штаттары армияга жеңишке болгон эрктүүлүктү бере алган жок. Армия кыйрады, бийлик багынып, качып кетишти. Ак үйдүн башчысы америкалык аскерлерди Ооганстанга киргизүүнүн максаты АКШдагы террордук чабуулдарды алдын алуу…

Прочитайте больше

Ооганстандын 22 учагы менен 24 тик учагы Өзбекстандын чек арасын бузду

Ооганстандын 22 учагы менен 24 тик учагы Өзбекстандын чек арасын бузду

14-15-августта Өзбекстандын аба мейкиндигин бузган Ооганстандын 22 аскердик учагы менен 24 аскердик тик учагы Термездеги эл аралык аэропортко мажбурлап кондурулган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, учактардын ичинде Ооганстандын 585 куралчан аскер кызматкери болгон. Маалыматта белгиленгендей, 15-августта Ооганстандын үч “EMBRAYER-314” учагы Каршидеги  “Ханабад” аэропортуна конууга уруксат сураган. Алар Термез аэропортуна конууга буйрук алышкан. Учактарды коштоо үчүн асманга эки МИГ-29 учагы көтөрүлгөн. Учактарды коштоо учурунда Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда Ооганстандын…

Прочитайте больше

Кыргызстанга БАЭден ишкерлик боюнча делегация келет

Кыргызстанга БАЭден ишкерлик боюнча делегация келет

Президент Садыр Жапаров Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  16-августта, Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Өлкөлөр ортосундагы соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышы жана илдетке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар талкууланды.  Мамлекет башчысы эки…

Прочитайте больше

Казакстанда токой өрттөнүүдө

Казакстанда токой өрттөнүүдө

16-августта Батыш Казакстан облусунун Байтерек районундагы талаада башталган өрт жакын жайгашкан токойго өтүп, жалын каптаган аянт 21 гектарга жетти. Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, алгач Байтерек районундагы талаада куураган чөп күйө баштаган. Кечке жакын жалын Орол дарыясынан өтүп, Теректин районундагы токойго жайылган. Учурда жакын жайгашкан айылдардын тургундары үчүн эч кандай коркунуч жок. Экоактивисттер акыркы кездери облуста катталып жаткан өрттүн көбөйгөнүн ысык аба ырайы жана Орол дарыясынын тайыздап жатканы менен байланыштырууда. — Жайдын өтө ысыктыгы…

Прочитайте больше

Ооганстандын башчысы өлкөдөн акча шыкалган унаалар менен качкан

Ооганстандын башчысы өлкөдөн акча шыкалган унаалар менен качкан

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Кабулдан акчага толтурулган унаалар менен качкан, өзү менен кошо алып кете албай калган акчалар аэропорттун учуу тилкесинде калган. Бул тууралуу РИА Новостиге Орусиянын эличилигинен билдиришти. Дипломатиялык миссиянын басма сөз катчысы Никита Ищенконун айтымында, Ашраф Гани өлкөдөн акчага толтурулган төрт унаа менен качып кеткен, акчалардын башка бөлүгүн тик учакка салууга аракет кылышкан, бирок баары батпай калып, акчалардын бир бөлүгү учуу тилкесинде калган. Ооганстандагы кырдаал өзгөчө акыркы жумаларда талибан ири шаарларга чабуул кое…

Прочитайте больше