Жаңы божомол: Коронавирус адамга лабораторияда жуккан

Жаңы божомол: Коронавирус адамга лабораторияда жуккан

Даниялык окумуштуу Питер Эмбаректин жаңы изилдөөлөрү коронавирус адамга алгачкы жолу лабораторияда жуккан болушу мүмкүн экенин көрсөттү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобу билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. ДССУнун эксперттер тобунун жетекчиси Питер Эмбарек акыркы изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча COVID-19 алгачкы жолу адамга лабораторияда же талаадагы изилдөөлөр маалында жуккан болушу мүмкүн деген тыянак чыгарды. Ошол эле учурда бул божомол экенин,бирок, пандемия бир кишинин жарганаттан оору жуктуруп алганы менен башталган болушу толук мүмкүн экенин баса белгиледи. “Үлгүлөрдү…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултуу демилгесине каршы чыкты

Президент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултуу демилгесине каршы чыкты

Билим берүү министрлиги аркылуу алдыраак мектептерде кошумча акча чогултуу боюнча берилген сунушу, өлкөнүн президенти Садыр Жапаров аркылуу четке кагылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин министр Болотбек Купешев, окуучулардын ата-энелерине шаардык мектептерде  1000 сом, ал эми айылдык мектептерде 800 сомго чейин кошумча төлөө варианттарын сунуштаган. Билим берүү министрлигинин мындай сунуштары коомчулукта, айрыкча көп балалуу ата-энелердин нааразы пикирлерин жараткан. Маселеге байланыштуу, өлкөнүн президенти билдирүү жасап мындай деген: Мектептерде кошумча акча чогултууга…

Прочитайте больше

Түркияда селден каза болгондордун саны 27ге жетти

Түркияда селден каза болгондордун саны 27ге жетти

Түркиянын Кара деңиз жээгинде селдин кесепетинен улам жүздөгөн калктуу конуштар электр жарыгысыз жарыксыз калып, бир катар негизги магистралдарда транспорт кыймылы жабылды. Түркияда суу ташкынынан жана селден жабыркагандардын саны 27ге жеткенин РИА Новости билдирди. Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Кара деңиздин жээгиндеги Кастамону жана Синоп провинцияларында суу ташкындады. Бир күн мурун өлкө президенти Режеп Эрдоган 17 адам каза болгонун билдирген. “Кастамонудагы сел жана суу ташкындары 25 кишинин өмүрүн алды, дагы экөө Синопто, бирөө Бартында дайынсыз жоголду”, – деп…

Прочитайте больше

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды. Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, билим берүү процессин салттуу окутууну кайра баштоодо коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, мындай форматтын пайдасы жана тобокелчилиги жана башка факторлору эске алынышы керек. Учурда билим берүүнүн бардык…

Прочитайте больше

Жириновский орустарды кемсинткен азербайжандык дипломатка кылмыш ишин ачууну талап кылды

Жириновский орустарды кемсинткен азербайжандык дипломатка кылмыш ишин ачууну талап кылды

ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский Азербайжан дипломатынын билдирүүсүнөн кийин Азербайжан президенти Илхам Алиевден дипломатка каршы кылмыш ишин козгоону талап кылды. Орусиянын саясатчысы азербайжандык дипломаттын билдирүүсүн “бардык орусиялыктарды мазактоо” деп  атады.  Бул тууралуу ал YouTube каналынын SolovyovLive эфиринде билдирди. Белгилей кетсек, мурда Азербайжанда Беларусь, Молдова жана Пакистанда элчиси болуп иштеген Исфандияр Вагабзаде социалдык тармактарда “орус улутун” мазактоо менен сүйлөп жаткан видео пайда болгон. Жириновскийдин айтымында азербайжандык дипломат өз сөзүндө “чочколор”, “эшек” жана башка терминдерди колдонгон.  «Биз Азербайжанга…

Прочитайте больше

ММК: Талибан Кабулду бир-үч айдын ичинде колго алат

ММК: Талибан Кабулду бир-үч айдын ичинде колго алат

Америкалык аскерлер Ооганстандагы кырдаал тездик менен начарлап баратканын жана Талибан кыймылы өлкөнүн борборун бир-үч айдын ичинде басып алышы мүмкүн экендигин билдиришти. Бул тууралуу The Washington Post гезити Пентагондогу булактарына таянып жазып чыкты. Белгилей кетсек, талибандар америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин акыркы бир нече жума ичинде өлкөдөгү чабуулдарын кыйла күчөтүшүп, 34 провинциясын дагы алты административдик борборлорун ээлеп алышкан. Эксперттердин айтымында 2-3 ай аралыгында талибандар Кабулду колго алышышы мүмкүн, ошентип 9га жетпеген провинция калат. Кызыл Крест учурда…

Прочитайте больше