Ооганстандагы акыркы кырдаал: Өлкөдөгү азыркы жагдайга Ашраф Гани жооптуу (сүрөт)

Ооганстандагы акыркы кырдаал: Өлкөдөгү азыркы жагдайга Ашраф Гани жооптуу (сүрөт)

Ооганстандын Жогорку Жарашуу Кеңешинин башчысы Абдулла Абдулла өлкөнүн президенти Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кеткенин кескин сынга алып, Ооганстандагы азыркы кырдаал үчүн аны күнөөлөдү. Белгилей кетсек, Абдулла Абдулла Фейсбуктагы баракчасына видео кайрылуу жарыялап, качып кеткен президентти сындап, аны учурдагы кырдаалга күнөөлөдү. Ооган элин сабырдуулукка чакырган башчы,  Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн өлкөнүн ички коопсуздугун, айрыкча Кабулда камсыз кылуу үчүн бардык күч -аракетин жумшоосун талап кылды.Эске салсак, 15-августта талибандардын Кабул шаарын курчоо убагында президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Берилген маалыматтарга ылайык,…

Прочитайте больше

Москвада пневмониядан дарыланып жаткан Өзбекстандын башкы муфтийи Усмонхон Алимов каза болду

Москвада пневмониядан дарыланып жаткан Өзбекстандын башкы муфтийи Усмонхон Алимов каза болду

Кечээ, 15 -августта 72 жашында Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын төрагасы, муфтий Усмонхон Темирхон углы Алимов каза болду. Бул тууралуу Өзбекстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Усмонхон Алимов пневмониядан Москвада дарыланып жатканы кабарланган. Белгилей кетсек, У. Алимов 1950-жылы  1-январда Самарканд облусунун Иштихан районунда туулган. 1982-1983-жылдары Бухара шаарындагы Мир Араб медресесинде, 1983-1987-жылдары Ташкент Ислам институтунда, 1989-1990-жылдары Карауиин университетинде (Марокко) окуган.Ал эми, 1987-2000-жылдары Самарканд облусунун Пайарик районундагы Имам аль-Бухари мечитинде имам болуп иштеген.2000-жылдын январында Самарканд облусунун муфтийи болуп дайындалган.Эске салсак,…

Прочитайте больше

Талибан Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялады

Талибан Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялады

“Талибан” кыймылы Ооганстанда 20 жылдан бери уланып келе жаткан согуш аяктаганын жар салды. Бул тууралуу аталган топтун расмий өкүлү Мухаммед Наим Al Jazeera телеканалына берген маегинде билдирди.Ал өлкөдө башкаруу формасы жакында белгилүү болорун айтып, “Биз 20 жыл мурун өлкөбүздө башталган согушту токтоттук”, – деди.Анын айтымында, Талибан ооган лидерлери менен диалог жүргүзүүгө даяр жана аларды коргоого убада беришүүдө. Ошондой эле, өлкөнүн жашоочулары менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугуна кепилдик берилерин баса белгиледи.Мындан тышкары, аталган топ эл аралык коомчулуктагы маселелерди…

Прочитайте больше

Бишкекте 30 жылдын ичинде канча мэр алмашты?

Бишкекте 30 жылдын ичинде канча мэр алмашты?

Быйыл Кыргызстан өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. 30 жылдын ичинде Кыргызстандын борборунда – Бишкек шаарында 21 мэр алмашты. Орточо эсеп менен бир мэр бир жарым жыл иштеди.1.  Акматбек Нанаев эгемендүү Кыргызстандын Бишкек шаарынын биринчи мэри. Анын башкаруусунда 1991 -жылдын 5 -февралында Фрунзе Бишкек болуп өзгөртүлгөн. Ал шаарды 1990 -жылдан 1991 -жылга чейин башкарган.2.  Абдыбек Суталинов 1991-1992 -жылдары Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон.3.  Өмүрбек Абакиров 1992-1993 -жылдары Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы болгон.4.  Жумабек Ибраимов 1993…

Прочитайте больше

Гаитиде жер титиреп, 1300дөй адам каза болду

Гаитиде жер титиреп, 1300дөй адам каза болду

Гаити мамлекетинде каттуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.14-августта өлкөнүн түштүгүндө күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, өлкөдө бир айга өзгөчө кырдаал жарыяланды.Маалыматка караганда, тибият кырсыгынан 1300дөй адам каза болгон жана миңдеген адамдар жаракат алган.Жереми жана Ле-Ке шаарларындагы турак жайлардын көбү кыйрап, жараксыз абалга келген.Жер титирөөнүн күчү Багам аралдарында, Доминикан Республикасы, Ямайка, Пуэрто-Рико, Теркс жана Кайкос аралдары, АКШнын сырткы аралдарында жана Кубада да сезилген.Бул жаратылыш кырсыгы 2021-жылдагы эң күчтүү жана эң…

Прочитайте больше