УКМК: Аскар Акаев Бишкекте сурак берип жатат (видео)

УКМК: Аскар Акаев Бишкекте сурак берип жатат (видео)

Издөөгө алынган мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.Эскерте кетсек, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында мурдагы президент Аскар Акаев дагы бар экенин билдирген эле.Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы Камеко менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.Маалыматка ылайык, УКМК тергөө учурунда…

Прочитайте больше

Түркиядагы өрттүн чыгышына шектүү адам кармалды

Түркиядагы өрттүн чыгышына шектүү адам кармалды

Түркияда өткөн аптанын башында башталып, өлкөнүн алты провинциясындагы токойлорду каптаган өрттүн чыгышына шектүү адам кармалды. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган айтты.Ал 1-июлда өрттөн жабыр тарткандар баш калкалап жаткан кризистик борбордон кабар алып, анын алкагында Мугла провинциясында өрткө тиешеси бар деп шектелген бир киши кармалганын билдирди.“Эгерде бул иш диверсия болсо, күнөөлүүлөрдүү жазалоо – биздин милдетибиз”, – деди өлкө башчысы.Түркиянын алты провинциясында токойлорду каптаган өрт кеминде алты кишинин өмүрүн алып, 410 адам жабыркады. Бул өлкө тарыхындагы эң…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Түркиянын президентине өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Садыр Жапаров Түркиянын президентине өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын айрым провинцияларында адам курмандыктарына жана кайгылуу кесепеттерге алып келген ири өрт кырсыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КРнын мамлекет башчысынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди. «Мен Түркиянын бир нече провинцияларында чыккан өрттөн адам өмүрү кыйылды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде мен Түркия элине бул табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуда кайраттуулук жана туруктуулук каалайм. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй -бүлөлөрүнө…

Прочитайте больше

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты

Токио 2020 олимпиадасында 77 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов финалга чыкты. Белгилей кетсек, ал Армениядан келген Карапет Чалянды 6: 2 эсебинде утуп алды. Буга чейин Акжол тунистик күрөшчүнү (11: 0) жана азербайжандык спортчуну (9: 1) мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Эртең финалда (3-август) анын атаандашы Тамаш Леринц (Венгрия) болмокчу.Ал эми, бүгүн балбандар Узур Жузупбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга өтө албай калган жолугушууларын өткөрүштү.Эске салсак, анын алдында 74 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча турнирдин жарым финалына чыккан.

Прочитайте больше