Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Президент Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан спортчуларды качан сыйлай тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты. Маалыматка ылайык, спортчуларды сыйлоо аземи 23-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Буга чейин, президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалаган. Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов күмүш, Айсулуу Тыныбекова күмүш жана Мээрим Жуманазарова коло медал алышкан.

Прочитайте больше

Көлөмү 1,4 чакырым. Жерди көздөй ири астероид учуп келе жатат

Көлөмү 1,4 чакырым. Жерди көздөй ири астероид учуп келе жатат

21-августта Жер планетасына кооптуу делген 2016 AJ193 астероиди жакындайт. Бул тууралуу Москва планетарийи билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Адистеринин айтымында, астероид Жер планетасынын жанынан учуп өтөт. Аталган планетарийдин берген маалыматына караганда, NASA уюмунун эксперттери 2016 AJ193 астероиди 21-августта Жерге болжол менен 3,4 миллион чакырым жакындай турганын билдиришкен. Анын көлөмү болжол менен 1,4 чакырым деп эсептелүүдө. Астероиддер – жерге жакындаган асман телолорунун бүтүндөй бир классы. Алардын жакынкы келечекте Жер планетасына 7,5 миллион чакырым же андан да…

Прочитайте больше

Ооганстан кимдин колунда: Талибандын лидерлери

Ооганстан кимдин колунда: Талибандын лидерлери

Ооганстандагы бийликтин Талибан  кыймылына өтүшү бүткүл дүйнө коомчулугу үчүн күтүүсүз болду, эми Талибанды бүгүн ким жетектеп жатат деген негизги суроо жаралат. Көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган Талибандын негизги лидерлери тууралуу Sputnik Азербайжан жазды. Мулла Ахундзаде – кыймылдын жогорку лидери Беш жыл мурун талиптер өздөрүнүн жогорку лидери катары мусулман дин аалымы Мулла Хайбатулла Ахундзадени тандашкан. Ал Ооганстан-Пакистан чек арасына жакын жерде АКШнын куралдуу күчтөрүнүн операциясы учурунда дрондон жасалган чабуулдун натыйжасында өлтүрүлгөн Ахтар Мансурдун ордуна келген. Хейбатулла Ахундзаде 1961…

Прочитайте больше

“Талибандын” алгачкы кадамы аялдарды бийликке чакыруу, чиновниктерге мунапыс, маңзатка тыюу болду

“Талибандын” алгачкы кадамы аялдарды бийликке чакыруу, чиновниктерге мунапыс, маңзатка тыюу болду

“Талибан” бийликти колго алгандан кийинки алгачкы саясий чечимдерин жарыялады. Алар аялдарды Ооганстандагы болочок өкмөттү башкарууда катышууга чакырышаарын жана өкмөттө иштегендерди кысымсыз кайра жумушка алышаарын билдиришти. Бул тууралуу “Талибан” администрациясынын мүчөсү Энамулла Самангани телеканал аркылуу чыгып сүйлөдү.“Биз шарыятка ылайык гана иш жүргүзүп, андан аша чапкан мыйзамдары киргизбейбиз. Мисалы, аялдар мурдагыдай үйдө камалып отурушпайт, окуганга уруксат берилет жана толук чүмкөнүү шарт эмес”,- деди ал.Белгилей кетсек, 1996-2001-жылдары талибандар Ооганстанды башкарып турушканда аялдарга карата талаптар алда канча катаал болуп, шарыяттан оолак…

Прочитайте больше

Түркия “Талибанга” карата позициясын билдирди

Түркия “Талибанга” карата позициясын билдирди

Анкара Ооганстанда бийликти басып алган радикалдуу “Талибан” кыймылынын билдирүүлөрүн оң кабыл алат. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Анын айтымында, түрк бийлиги Ооганстандын экономикалык өнүгүүсүн жана ал жерде тынчтык жана бейпилдикти орнотууну колдоону уланта берет.“Азыркы учурда, биз талибандардын билдирүүлөрүн позитивдүү кабыл аларыбызды айткыбыз келет. Биз бардык тараптар, анын ичинде талибандар менен диалогду улантуудабыз”, – деди дипломат.Белгилей кетсек, буга чейин Чавушоглу Анкара Түркиянын Ооганстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү боюнча бардык зарыл чараларды көргөнүн жана Түркиянын Кабулдагы элчилиги өз…

Прочитайте больше

ИШИМдин картасында Борбор Азия жок. «Талибан» күчтөнсө эмне болот?

ИШИМдин картасында Борбор Азия жок. «Талибан» күчтөнсө эмне болот?

16-августта “Талибан” Кабулду курчап, өлкөнүн Президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып чыгып кетти. Бул арада Оогантанда чет элдик жарандар менен жарыша жай тургундар да өз өлкөсүн таштап качуу аракетин көрүшүп, Кабул аэропортунда башаламандык орноп, учакка батпай калып, бортко жабышкандардын видеосу интернет желесинде желдей тарады.Ал учурда Талибан кыймылынын лидерлери Президенттин сарайын ээлеп, бийликти колго алганын жарыялады. Ошондой эле, 20 жылдан берки согуш токтогонун, өлкөнүн жашоочулары менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугуна кепилдик берилерин билдирди.Бирок, эл аралык коомчулукта эксперттер Ооганстанда бийлигин…

Прочитайте больше