АКШ орусиялык саясатчыларга жана ишкерлерге каршы жаңы санкцияларды киргизди

АКШ орусиялык саясатчыларга жана ишкерлерге каршы жаңы санкцияларды киргизди

АКШ Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго жана орусиялык жети ири ишкерге каршы “толук бөгөт коюучу” санкцияларды киргизгенин билдирди. Бул тууралуу АКШнын Ак үйү билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты. Санкциялык тизмеде ири ишкерлер Николай Токарев, Борис жана Аркадий Ротенберг, Сергей Чемезов, Игорь Шувалов, Евгений Пригожин жана Алишер Усмановдор бар. Ошондой эле, тизмедеги Песков менен Усмановдон башкалардын эң жакын туугандары да санкцияга дуушар болушкан. АКШ Украинадагы окуяларга байланыштуу орусиялык 19 бизнесменге, ошондой эле алардын 47 үй-бүлө мүчөсүнө жана алар менен тыгыз байланышта болгон адамдарга виза чектөөсүн киргизди, деп…

Прочитайте больше

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгуу башталды

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгуу башталды

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу  боюнча иштин заказчысы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы аныкталды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.   Чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө транспорттук камсыздоо жана республиканын жана анын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Документке ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик…

Прочитайте больше

Запорожье АЭСиндеги өрт өчүрүлдү

Запорожье АЭСиндеги өрт өчүрүлдү

Энергодар шаарындагы Запорожье АЭСинин окуу-машыгуу имаратында кечээ түнү чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жана курмандыктар жок. Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. “Запорожье АЭСинин окуу-машыгуу корпусундагы өрт саат 06:20да (жергиликтүү убакыт боюнча) өчүрүлдү. Курмандыктар жана жабыркагандар жок”, – деп айтылат маалыматта. Запорожье АЭСинин басма сөз кызматынын өкүлү Андрей Туз радиациянын жайылуу коркунучу байкалбаганын билдирди. Учурда үчүнчү энергоблок бирдиктүү энергетикалык системадан өчүрүлүп, төртүнчү блок гана иштеп жатат. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин маалыматы…

Прочитайте больше

Орусияда Facebook бөгөттөлдү

Орусияда Facebook бөгөттөлдү

Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси “Meta” компаниясына таандык Facebook социалдык түйүнүнө бөгөт коюу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу кечээ, 4-март күнү ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. “2022-жылдын 4-мартында Орусиянын аймагында Facebook тармагына (Meta Platforms, Inc. компаниясына таандык) кирүүгө бөгөт коюу чечими кабыл алынды”, — деп айтылат ведомствонун сайтында жарыяланган билдирүүдө. Роскомнадзордон белгилешкендей, 2020-жылдын октябрынан бери Facebook тарабынан орусиялык ЖМКларга жана маалымат ресурстарын басмырлоо боюнча 26 факты катталган. Акыркы күндөрү Facebook түйүнү “Звезда” телеканалынын, “РИА Новости”, “Sputnik”,…

Прочитайте больше