Иранда Ноорузга даярдыктар башталды. Сүрөттөр

Иранда Ноорузга даярдыктар башталды. Сүрөттөр

Иранда жылдын маанилүү майрамы болгон Нооруз майрамына даярдыктар башталды. Нооруз алдында ирандыктар үйлөрүн тазалап даярдык көрө башташат, бул салт аларда “хане текани” деп аталат. “Хане текани” перс тилинен которгондо “хане” – “үй”, “текани” –  “силкүү” деген маанини билдирет. Салт боюнча бардык үй-бүлө мүчөлөрү  үйдүн ичин толугу менен тазалап чыгышат: палас, парда, терезе жана эмеректердин бардыгын жуушат. Ошондой эле короо-жай, айлана чөйрөнүн баарын тазалап, кирлерден бери жуушат.  Үйлөр жыйналгандан кийин бөлмөлөрдүн баарын гиацинт же нарцисс сыяктуу жыпар жыттуу…

Прочитайте больше

Москва Украинадагы бийликти кулатуу ниети жок экенин билдирди

Москва Украинадагы бийликти кулатуу ниети жок экенин билдирди

Орусия Украинадагы бийликти кулатууну максат кылбайт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Мария Захарова шаршембидеги брифинг учурунда билдирди. Согуштун башында президент Владимир Путин украин аскерлерин төңкөрүш уюштурууга чакырган. Анда өлкөнүн легитимдүү жетекчилигин “баңгилердин жана неонацисттерлин уюшкан тобу” деп атаган. Захарованын айтымында, согуш Донбасcтагы орусиячыл жикчилдерди коргоону, Украинанын “демилитаризациясын” жана “ашынган улутчулдардан арылышын”, ошондой эле Орусияга болгон аскердик коркунучту жоюуну көздөйт. Москва кол салардан бир күн мурун Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды “көз каранды эмес мамлекеттер” деп тааныган….

Прочитайте больше

Калкты дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу аракети көрүлүүдө

Калкты дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу аракети көрүлүүдө

Эдил Байсалов дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык абалдын курчушуна байланыштуу дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, калкты дары-дармек менен камсыздоо улуттук коопсуздук маселесине кирет жана мамлекеттин маанилүү функциясы болуп саналат, буга байланыштуу мурда жөнгө коюлган жеткирүүлөр үзгүлтүккө учураган мезгилде Министрлер Кабинети тарабынан ыкчам жана чечкиндүү чаралардын кабыл алынышын талап кылат. «Учурда жарандардын арасында дары-дармектердин жана…

Прочитайте больше

Суу кризиси: Кыргызстанда 50 суу сактагыч куруу пландаштырылууда

Суу кризиси: Кыргызстанда 50 суу сактагыч куруу пландаштырылууда

Жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанда 50  сезондук  (10 күндүк) сууну жөнгө салуучу бассейндерди (БДР) жана суу сактагычтарды куруу пландаштырылууда.  Бул тууралуу 4-мартта өткөн пресс-турда КР Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, башкармалыктын алдында сууну үнөмдөө жана топтоо жана калктын ага болгон керектөөсүн канааттандыруу боюнча бир катар милдеттер турат. Бул үчүн дээрлик ар бир дарыяга суу топтоо үчүн бассейндер курулат. «Биринчи милдет – фильтрацияны кыскартуу жана суу берүүнүн темпин жогорулатуу, экинчиси – аны талааларга…

Прочитайте больше

БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

Борбор калаадагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) Иран жана Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата «Ирандын тарыхы жана маданияты». «Бүгүнкү Иран» аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Ирандын Бишкектеги маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Ага  Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми, БМУнун ректору Мусаев Абдылда, БМУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов,  БМУнун Чыгыш таануу факультетинин кафедра башчысы, кыргыз-перс сөздүгүнүн түзүүчүсү Нурлан Балтабаев, окутуучулар жана студенттер катышты. Көргөзмөнүн ачылышынан кийин иш-чаранын коноктору университеттин залындагы Ирандын кол өнөрчүлүк…

Прочитайте больше

Сирияда эки ирандык шейит болду; Ирандын катуу өч алуусу күтүлөт

Сирияда эки ирандык шейит болду; Ирандын катуу өч алуусу күтүлөт

Бүгүн Тегеранда Ирандын КСИР күчтөрүнүн сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Ислам революциясынын сакчыларынын шейиттери Мортеза Саиднежад менен Эхсан Кербалаи-Пурдун ыйык сөөктөрүн жерге берүү зыйнаты бүгүн бейшемби, 10-март Тегерандын Сепах аянтында жайгашкан Фатеме Захра Хосейнияда өткөрүлдү. Эл менен коштошуу зыйнаты саат 16:00дөн 18:00гө чейин шейит болгон Ахваз элинин катышуусунда өттү. Белгилей кетсек, шейит Мортеза Саиднежад жана шейит Эхсан Кербалаи-Пур 7-мартта, сионисттик режимдин Сириянын Дамаск шаарынын чет жакаларына ракеталык чабуулунан шейит…

Прочитайте больше