Кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду

Кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду

Бүгүн, 11-мартка караган түнү саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 20 мүнөткө созулган атышуу болгон. Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде Тажикстандын чек арачылары жолдон өтүп бара жаткан унааларга таш ыргыткан. Кыргызстандын чек арачылары таш ыргытууну токтотууну талап кылышкан. Бирок, тажик чек арачылары уккан эмес. Кыргыз чек арачылары асманга эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан. Бул учурда аталган…

Прочитайте больше

Орус-Украин ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыктары кандай болду?

Орус-Украин ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыктары кандай болду?

Кечээ, 10-мартта, Түркиянын Анталия шаарында Орусия жана Украинанын Тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусу өттү. Аны Түркия ортомчулук кылып уюштурган. Бул сүйлөшүүлөргө аталган өлкөнүн ТИМ башчысы Мевлүт Чавушоглу да катышты. Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба: «Эгер агрессор-өлкө каалабаса, биз согушту токтото албайбыз»,-деди. Анын айтымында, жолугушууда ал Киев орус президенти Владимир Путиндин талаптарын аткарса, ок атышууну токтотуу мүмкүн экенин укту. Кулеба Орусиянын талабын толук капитуляция деп кыскача мүнөздөдү. «Бирок Украина багынбайт. Биз дипломатиялык чечимдерди издейбиз, ага…

Прочитайте больше

Бүгүн АКШ Орусияга каршы жаңы чараларды жарыяларын билдирди

Бүгүн АКШ Орусияга каршы жаңы чараларды жарыяларын билдирди

АКШнын президенти Жо Байден бүгүн, 11-мартта Орусиянын Украинадагы операциясына жооп катары Москвага каршы жаңы чараларды жарыялайт. Бул тууралуу Ак үй билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. “Саат 10:15те (Москва убактысы боюнча 18:15) президент Орусияны мындан ары жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-аракеттер топтомун жарыялайт”, — деп жазылат маалыматта. Буга чейин, маалымат каражаттары Байден жума күнү “Орусия менен нормалдуу соода мамилелерин” токтотууну жана орус импортуна салыктарды көтөрүүнү талап кыларын кабарлашкан эле.

Прочитайте больше

Лавров: «АКШнын Украинадагы биологиялык лабораториялары жашыруун болгон»

Лавров: «АКШнын Украинадагы биологиялык лабораториялары жашыруун болгон»

Украинада жайгашкан АКШнын биологиялык лабораториялары ал жерде жашыруун болгон. Мындай билдирүүнү 10-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана Түркиянын ТИМ башчысы Мевлют Чавушоглу менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жасады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Лавров Орусия АКШнын Украинадагы биологиялык ишмердүүлүгүн кантип түшүндүрүүгө болоруна жооп талап кылат деди. “Пентагон биологиялык, токсиндик куралдарга тыюу салуу боюнча тиешелүү конвенцияны бузуу менен бүткүл дүйнө боюнча аскердик биологиялык лабораторияларды түзүү программасынын алкагында Украинанын аймагында бир нече…

Прочитайте больше

Орусиядан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды

Орусиядан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды

Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө 31-августка чейин дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Тыюу буудай, меслин, кара буудай, арпа, жүгөрү жана кумшекерге киргизилди. Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлиги тарабынан берилген экспорттук лицензиялар боюнча өзүнчө шарт каралат. Орусиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү быйылкы сезондо алымсыз режимде зарыл болгон сатып алуулардын көлөмүн ишке ашырган. Ошондуктан убактылуу тыюу айыл чарба продукциясынын сыртка чыгып кетишинин алдын…

Прочитайте больше