АКШ Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан баш тартты

АКШ Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан баш тартты

Пентагондун башчысы Ллойд Остин АКШ Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан жана бул өлкөнүн үстүнөн учууга тыюу салынган зонаны түзүүдөн баш тартарын билдирди. Бул тууралуу ал CNN телеканалына берген маегинде жарыялады. “Президент [АКШ Жо Байден] биздин армия Украинадагы Орусия менен согушууга катышпай турганын ачык айтты”, – деди министр. Ошондорй эле ал Украинада учууга тыюу салынган зонаны түзүү да АКШнын түздөн-түз катышуусун билдирерин, анткени укук бузуучуларга каршы чара көрүү зарыл болорун баса белгиледи. “Бул биздин Орусияга каршы экенибизди билдирмек, сөз эки…

Прочитайте больше

Ташкентте Борбор Азиядагы алгачкы океанариум ачылды

Ташкентте Борбор Азиядагы алгачкы океанариум ачылды

Борбор Азиядагы эң чоң океанариум Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте ачылды. Бул тууралуу шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Гигант аквариум Ташкенттеги ири “Magic City” оюн-зоок паркында ачылган. Узундугу 20, тереңдиги 3,8 метрди  түзгөн аквариум-туннельде балыктын, жыландардын, медузанын жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрү жашайт. Ошондой эле, келген коноктордун чордонунда болуп жаткан чоң акулалар бар. Маалыматка ылайык, океанариумга кирүү баасы балдар үчүн 75 000 сумду (болжол менен 7 доллар) жана чондор үчүн 100 000 сумду (9 доллар) түзөт.

Прочитайте больше

БУУ дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөнү атады

БУУ дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөнү атады

Финляндия бешинчи жолу “World Happiness Report” пректисинин тизмесинде биринчиликти ээледи. БУУнун дүйнөлүк бакыт боюнча жылдык баяндамасы- World Happiness Report жыл сайын чыгарылып келет. Дүйнөлүк бакыт боюнча БУУнун биринчи баяндамасы 2012-жылы жарык көргөн. Анда дүйнөнүн 146 өлкөсүндөгү жашоонун узактыгы, социалдык колдоо, коррупция жана башка көрсөткүчтөр эске алынып, калктын бактылуулугу бааланат. Эң бактылуу өлкөлөрдүн ондугуна ошондой эле Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирди. Рейтингде мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Литва жана…

Прочитайте больше

Иран президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Нооруз жалпы адамзат баалуулуктарына багытталган цивилизациянын символу жана Жаратканды урматтоо, үй-бүлөнү кадырлоо жана дүйнөнү түзүү маданияты — анын жетишкендиктеринин бийик чокусу болуп саналат. Жаңы кылымда дүйнөнүн диний жана адамдык баалуулуктарга умтулуусу күчөп, ар бир күн Сиздин өлкөңүздөгү бардык адамдардын жүрөгүнө Нооруз сымал кубаныч тартуулап, биздин аймактын элдеринин биримдигин жана ынтымагын бекемдейт…

Прочитайте больше

Орусияда өлкө рыногун таштап кеткен батыш өндүрүшчүлөрүнүн ордун толтуруу аракеттери көрүлүүдө

Орусияда өлкө рыногун таштап кеткен батыш өндүрүшчүлөрүнүн ордун толтуруу аракеттери көрүлүүдө

Орусиянын Ямал аралында “Арктикалык суу” заводу орус рыногун таштап кеткен батыштык өндүрүүчүлөрдүн ордун толтуруу үчүн өзүнүн продукциясынын ассортиментин кеңейтүүнүн үстүндө иштеп, анын ичинде ата мекендик Кока-Коланы өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты. “Биз жеткирүүчүлөрдөн валюта айырмасын, өлкөгө экспорттолгон тетиктердин бир аз жетишсиздигин сездик. Бирок жеткирүүчүлөр жаңы жеткирүү түйүндөрүн түзө башташты жана бааларда артка жылды. Ири чет элдик компаниялар рынокту таштап кетүүдө, биздин милдет – бош орундарды мүмкүн болушунча тезирээк толтуруу”, – деп билдирди…

Прочитайте больше

Кытайда Boeing 737 кыйраган жерде жүргүнчүлөрдүн сөөгү табылган жок

Кытайда Boeing 737 кыйраган жерде жүргүнчүлөрдүн сөөгү табылган жок

Куткаруучулар Кытайдын түштүгүндө Boeing 737 учагы кыйраган жерде экипаждын жана жүргүнчүлөрдүн аман калгандарын же сөөктөрүн таба алышкан эмес. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телевидениеси кабарлаганын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. Белгилей кетсек, “FlightRadar24” агенттигинин маалыматына караганда, MU 5735 рейси Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин-Чаншуй аэропортунан учкан жана Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына келмек. Учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон. “Учурда кырсык…

Прочитайте больше