Орусиянын Дамасктеги элчиси: Израил бизди Сирияда чагымчыл кылууга аракет кылууда

Орусиянын Дамасктеги элчиси: Израил бизди Сирияда чагымчыл кылууга аракет кылууда

 Орусиянын Дамасктеги элчиси сионисттик режим Сириядагы орустарды тукуруп, Батыштын аскерий аракеттери үчүн мейкиндик түзүүнү көздөп жатканын баса белгиледи. ISNA агенттигинин ан-Нашра маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Александр Ефимов мындай деди: «Израиль бизди реакция кылууга жана Батышка Сирияда кандайдыр бир аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мейкиндик берүүгө үндөп жатат», – деди. Ефимов буга чейин Израилдин Сириянын аймагына кол салуулары эл аралык мыйзамдарга ылайык негизи мыйзамсыз экенин, Орусия Израилдин Сирияга абадан сокку уруусун кескин айыптап, аны токтотууга чакырганын…

Прочитайте больше

Германия менен Словения газды рубль менен сатып албай турганын билдирди

Германия менен Словения газды рубль менен сатып албай турганын билдирди

Орусиядан Европа өлкөлөрүнө жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимдерде доллар жана евро менен эсептешүүлөр каралганын Германиянын канцлери Олаф Шольц билдирди. Ушундай эле билдирүүнү Словениянын премьер-министри Янез Янша жасап, бул жагдайга комментарий берди. “Эч ким рубль менен төлөбөйт”, — деген анын сөзүн РИА Новости жазды. Ал эми Италиянын премьер-министри Марио Драги төлөмдөрдү рублга өткөрүүнү келишимдерди бузуу болуп саналарын билдирген. 23-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Москва “дос эмес өлкөлөргө” газды жеткирүүдө төлөмдү рубль менен гана кабыл аларын билдирген. Анын айтымында, товарларды Евробиримдикке, АКШга  жеткирип, төлөмдү доллар…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

2022-жылдын 24-мартында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан КР УКМКнын чек ара кезмети Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унааны складтардын биринде пластмасса жүктөрү менен аныкташкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн автоунааны чек ара заставасына айдап баруу чечими кабыл алынып, кампанын…

Прочитайте больше

COVID-19дан каза болгондордун 65%ы жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар

COVID-19дан каза болгондордун 65%ы жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар

COVID-19дан каза болгондордун 65 пайызында жүрөк-кан тамыр оорулары болгон. Бул тууралуу COVID-19 боюнча штабдын Telegram-каналы маалымдады. Штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2021-жылы COVID-19ду жуктуруунун 103 592 учуру катталган. 1446 адам каза таап, алардын жарымында коронавирус лабораториялык түрдө, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык негизде, б.а. белгилери жана илдетти жугузгандар менен байланышта болушу боюнча аныкталган. Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун дээрлик 100%ы өнөкөт оорулардан жабыркагандар. Алардын арасында жүрөк-кан тамыр оорулары (каза болгондордун 65%), боор оорулары (20%) жана кант диабети (15%) эң көп…

Прочитайте больше

БУУнун Башкы Ассамблеясы Орусияга каршы резолюция кабыл алды

БУУнун Башкы Ассамблеясы Орусияга каршы резолюция кабыл алды

БУУнун Башкы Ассамблеясы Украинадагы гуманитардык кырдаал боюнча Орусияга каршы резолюция кабыл алды. Бул тууралуу “РИА Новости” билдирди. Резолюцияга 140 мамлекет “макул” болушса, 38и калыс добушун беришкен. Ал эми Беларусь Республикасы, Орусия, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея каршы чыгышты. Алгач резолюцияны Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алуу пландалып, бирок орус өкүлдөрү вето укугун колдоноорун алдын ала эскертишкен. Жыйынтыгында, Франция менен Мексика Башкы Ассамблеянын алкагында резолюцияга добуш алууну көздөштү. Кабыл алынган резолюцияда Орусиядан Украинага каршы согуштук аракеттерин дароо…

Прочитайте больше

Жириновскийдин «каза болгону» тууралуу маалымат четке кагылды

Жириновскийдин «каза болгону» тууралуу маалымат четке кагылды

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин ЛДПР саясий партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин каза болгону тууралуу маалыматтарды четке какты. Буга чейин бир катар орус ЖМКлары Жириновский каза болгондугун жазып чыгышкан. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды. “Ал тирүү. Анын абалы чындап эле оор. Бүгүн ал компьютердик томографиядан өттү. Анын өмүрү үчүн дарыгерлер күрөшүп жатышат”, — деп жазды Володин Telegram каналына. Саясатчынын абалы туруктуу деп бааланып, дарыгерлер мүмкүн болгон бардык медициналык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги РИА Новостиге билдирген. Эске салсак, Жириновский коронавируска…

Прочитайте больше