Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, Украинанын калкына чукул гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1,7 миллиард доллар бөлүүнү суранды. Дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, жакынкы айларда Украинанын ичиндеги 12 миллионго жакын адам жана кошуна өлкөлөрдөгү 4 миллиондон ашык украиналык качкындар жардамга жана коргоого муктаж болушат. Мындай маалыматты БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу (OCHA) жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты. БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс дүйнө коомчулугун Украинанын карапайым жарандарынын өмүрүн коргоого аракет көрүп, боорукердик…
Прочитайте большеDay: March 2, 2022
Орусия менен Украина алты күндүн ичиндеги курмандыктар жөнүндө маалымат беришти
Орусия согуштук аракеттер башталган алты күндүн ичинде Украинанын 1325 аскердик объектисин жарактан чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигиинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери 395 украин танкын, 59 ракеталык комплексин жана 179 артиллериялык куралы менен минометторун жок кылды. Украинанын Коргоо министрлиги 1-мартка карата Орусиянын 29 учагы, 29 тик учагы, 198 танкы, 846 бронетехникасы, 305 автоунаасы, 74 артиллериялык куралы, 1 “Бук” үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекси, 77 артиллериялык системасы, 24 ракеталык комплекси, 60 танкы,…
Прочитайте большеГутерриш Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады. «1992-жылдын 2-марты датасы биздин Уюм үчүн өзгөчө окуя болуп эсептелет. Бүгүнкү күндөгү БУУнун бардык мүчөлөрүнүн 5 пайыздайы дал ушул күнү уюмга кошулушкан. Акыркы отуз жылдын ичинде биз аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн барган сайын тыгыз өнөктөштүк мамилелерди түздүк. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына карай алга жылып, глобалдык чакырыктарды…
Прочитайте большеBrent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 110 доллардан ашты
Brent мунайынын бир баррелинин дүйнөлүк баасы 2014-жылдын июлунан бери биринчи жолу 110 доллардан ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты. Маалыматка караганда, Москва убактысы боюнча саат 07:55ке карата Brent мунайынын баасы 111 долларга чейин көтөрүлүп кеткен. Мындай кырдаалга, биринчи кезекте, санкциялардан жана энергетикалык компаниялардын Орусиядан чыгуусунан улам камсыз кылуунун үзгүлтүккө учуроо коркунучунун жогорулашы таасир этүүдө. Мындай маалымат буга чейин BP, Shell, Equinor, OMV жана Exxon Mobil компаниялары тарабынан жарыяланган. Белгилей кетсек, эл аралык эксперттер…
Прочитайте большеХазрети Исанын сүйүнчүсү
Суроо: Инжилде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын келе тургандыгы билдирилгенби? ЖООП Иса алейхиссаламдан кийин соңку бир Пайгамбар (алейхиссалату вассалам) келе тургандыгы Инжилде билдирилген эле. Бул кабар бүлкүл бузуп өзгөртүүлөргө карабастан бүгүнкү өзгөртүлгөн бузук Инжилдерде да бар. Юханна (Иоанна) Инжилинин 14.бабынын 16.аятында Иса алейхиссалам; «Аллах силерге силер менен бирге кала турчу бир сооротуучу жиберет», – деген. 26.аятында болсо: «Бул чыныгы сооротуучу силерге бардык нерсени үйрөтөт жана силерге менин үйрөткөндөрүмдү да эскертет», – деген. 16.бабынын 13.аятында болсо: «Ал силерге ар акыйкатка жол көрсөтөт. Себеби, Ал…
Прочитайте больше