Песков Путиндин G20 саммитине катышуусу тууралуу билдирүү жасады

Песков Путиндин G20 саммитине катышуусу тууралуу билдирүү жасады

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Индонезияда өтүүчү G20 саммитине катышуу маселеси боюнча Кремль иш-чаранын уюштуруучуларынын позициясына карайт. Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Орусия президентинин G20 саммитине катышуусу уюштуруучулардын позициясынан көз каранды. Тактап айтканда, Москва саммитке катышуу же катышпоону кырдаалдын өнүгүшүнө жараша чечет. Ошол эле учурда, Песков бул иш-чара “Чоң жыйырманын алкагындагы иштин абдан маанилүү багыты” экенин белгилеп өттү. Буга чейин, АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен Индонезияда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде америкалык өкүлдөр…

Прочитайте больше

ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

Бүгүн, 6-апрелде “Кыргызстандын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, макулдашууга кыргыз тараптан КР финансы министри Алмаз Бакетаев жана Европа биримдигинин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси, Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык маселеси боюнча башкы директору Сара Ринальди кол койду. Бул макулдашуунун алкагында ЕБ КР Билим берүү жана илим министрлигине 32,0 млн евро өлчөмүндө…

Прочитайте больше

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады

Венгрия Москванын газга рубль менен төлөө талабына макул экенин билдирди. Премьер-министр Виктор Орбан Орусиянын мунайына жана газына санкция салууга, Батыштын курал-жарагын Украинага Венгриянын аймагы аркылуу ташууга каршы чыгып келатат. Шаршембидеги маалымат жыйында өкмөт башчы газ үчүн орус валютасы менен төлөө маселеси президент Владимир Путин менен макулдашылганын айтты. Украинага кол салгандыгы үчүн Батыштын санкцияларына туш болгон Орусиянын президенти Европа газ үчүн рубль менен төлөбөсө, газ бербей коерун эскерткен. Европа биримдиги келишимдерде евро менен төлөм каралганын, андыктан…

Прочитайте больше

Владимир Жириновский көз жумду

Владимир Жириновский көз жумду

Орусиянын ЛДПР саясий партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин билдирди. «Бул баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат», – деп жазды Володин өзүнүн Telegram-каналына. Жириновский коронавируска чалдыгып 2-февралда оор абалда Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына түшкөн. Саясатчы көзү тирүү болгондо 25-апрелде 76 жашка чыкмак. Эске салсак, буга чейин 25-мартта Владимир Жириновскийдин каза болгону тууралуу маалыматтар тарап, кайра Вячеслав Володин тарабынан четке кагылган.

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Токаев Жапаровду «Центерра» компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, макулдашууга жетишүү оңой болбогонун белгиледи. Ал кыргыз тараптан кыргыз элинин кызыкчылыгы гана биринчи орунга коюлганын белгиледи. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болду. Тараптар алдыдагы мааракелик дата —…

Прочитайте больше

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту

Өзбекстан аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жаткан Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапканы кабарланды. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун УКМКнын Чек ара кызматы ырастады. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон. Бир нече кыргыз жараны Өзбекстандын аймагына атчан жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр кирип барган деп айтылды. Өзбекстан тарап 4-апрель түнү белгисиз адамдар чек арадан мыйзамсыз товар алып кирип, кармоо учурунда качууга аракет кылып,…

Прочитайте больше

Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Эл аралык санкцияларга кабылган Орусиянын ЕАЭБ ичинде жана союздаштары менен сооданы рубль менен жүгүртүү сунушу ара жолдо турат. Москва рубль зонасын түзүүгө киришип, ЕАЭБ ичинде бажы төлөмдөрү рубль менен бөлүнөт дегенин Казакстан жокко чыгарып, бул азыр Орусия менен Беларуска гана тиешелүү экенин айтты. Орусиянын калган өнөктөштөрү толук макулдук бере элек. Орусиянын экономика министри Максим Решетников жакында ЕАЭБге кирген өлкөлөр бирдиктүү рубль мейкиндигин түзүүгө кирише баштаганын жарыялаган. Бирок расмий Нур-Султан ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө…

Прочитайте больше

Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү

Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү

“Кумтөр Голд Компани” толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү. Бул тууралуу кечээ, 4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфирде билдирди. “Жаңы эле келишимге кол коюлду. Биз Кумтөрдү кайтарууга жетиштик. Кыргызстандын элин бул жетишкендиги менен куттуктайбыз! Бул чындап эле өлкө үчүн бурулуш учур. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек! Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!”, – деди ал. Өлкө башчысы ошондой эле макулдашуунун негизги жоболору…

Прочитайте больше

Кытайда «стеллс-омикронду» жуктургандардын саны өсүүдө

Кытайда «стеллс-омикронду» жуктургандардын саны өсүүдө

Кытайдын Шанхай шаарында коронавирустун жаңы штаммы «стелс-омикронго» чалдыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка караганда, өлкө бийлиги  Кытайдын эң ири шаарларынын бири болгон Шанхайга миңдеген аскер жана медициналык кызматкерлерди жөнөткөн. Шаарда жалпы тестирлөө жарыяланып, 26 миллионго жакын тургуну сөзсүз өтүүгө милдеттендирилди. Илдетти жуктургандардын саны тез өсүп жаткандыктан шаар бийлиги бир нече ооруканаларды, спорт залдарды, көп кабаттуу үйлөрдү жана башка объектилерди, анын ичинде 15 000 бейтап бата турган Шанхай жаңы Эл аралык Экспо борборун…

Прочитайте больше

Орусия 9-апрелден тартып 52 өлкөгө учууга тыюу салган чектөөнү алат

Орусия 9-апрелден тартып 52 өлкөгө учууга тыюу салган чектөөнү алат

Орусия 9-апрелден баштап 52 өлкөгө учууга тыюу салган ковид чектөөлөрүн алат. Бул тууралуу орус премьер-министри Михаил Мишустин билдирди. Тизме Орусия менен достук мамиледеги мамлекеттерден турат. Маселен, аларга Ооганстан, Египет, Кытай жана Марокко кирген. Аткаминердин айтымында, коронавирус инфекциясын жуктуруу көрсөткүчү азайды, буга байланыштуу орусиялык аба компанияларынын учуу багыттарын көбөйтүүгө мезгил жетти. Мындан тышкары 9-апрелден тартып Кытай менен чек арада орусиялыктар менен чет өлкөлүк жарандар үчүн киргизилген чектөөлөрдүн баары алынат. Орусия Украинага кол салгандан бери көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде…

Прочитайте больше

Словакия орус газын рубль менен сатып алат

Словакия орус газын рубль менен сатып алат

Словакиянын экономика министри Ричард Сулик, өлкөсүнүн газ агымын улантуусу үчүн керек болсо орус газын рубль менен сатып ала турганын айтты. Сулик улуттук телеканал аркылуу билдирүү жасап: «Эгерде рубль менен төлөө талабы бар болсо, анда биз рубль менен төлөйбүз»,- деди. Орус импортунун Словакиядагы газдын 85 пайызга жакынын түзөрүн, ошондуктан өлкө бийлиги бул жаатта прагматикалык бойдон кала берерин баса белгиледи. Европанын берки өлкөлөрүн жалпы чечим издөөгө чакырган Сулик: “Газдан баш тарта албайбыз”,-деди. Словакиянын экономика министри, айрым европалык саясатчылар менен бирге камсыздоочуларды диверсификациялоо керектигин, бирок бул үчүн бир нече жыл…

Прочитайте больше

Майк Пенс: Байден тарыхтагы эң начар президент

Майк Пенс: Байден тарыхтагы эң начар президент

АКШнын мурдагы вице-президенти Майк Пенс учурдагы президент Жо Байденди АКШнын заманбап тарыхындагы эң начар мамлекет башчысы деп атады. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде билдирген. Анын айтымында, Байден башка президенттерге караганда АКШга көбүрөөк зыян келтирген. Пенс учурда Америка Кошмо Штаттарында тарыхтагы эң оор кризис болуп жатканын, 14 айдын ичинде өлкөдө инфляция акыркы 40 жылдагы эң жогорку чекке жетип, бензиндин баасы 70 пайызга кымбаттаганын баса белгиледи. Мындан тышкары, экс-вице-президент азыркы президенттин администрациясынын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдөгү каталарын жана…

Прочитайте больше

Сионисттер Рамазан айында чабуул жасап, 19 палестиналыкты жарадар кылышты

Сионисттер Рамазан айында чабуул жасап, 19 палестиналыкты жарадар кылышты

Сионисттик согушкерлер Аль-Акса мечитинин жанындагы митингине кол салганда бир нече палестиналык жарадар болгон. Fars News агенттигинин эл аралык кызматынын маалыматына ылайык, палестиналык маалымат каражаттары дүйшөмбү күнү эртең менен сионисттик режимдин баскынчы күчтөрү “Баба аль-Амуд” жана Аль-Акса мечитиндеги мусулмандардын орозо аземдерине кийлигишип, кол салганын кабарлашты. Маалыматтарга караганда, жашыруун полиция жана атчан аскерлер, ошондой эле Израил армиясынын жоокерлери коргонуусуз палестиналыктарга толук жабдыктары менен кол салып, Рамазанды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. Палестиналык Al-Quds тармагы Иерусалимдин Баб аль-Амуд аймагында…

Прочитайте больше

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттоого киргизилген тыюуну алды

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттоого киргизилген тыюуну алды

Орусиянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөнү алып таштады. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматта Орусиянын Айыл чарба министрлиги берген уруксаттын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттосо боло турганы айтылат. 14-марта Орусия өкмөтү ички рынокту коргоо максатында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 30-июнга чейин тыюу салган. Буга чейин БУУнун эксперттери Украинадагы согуш айыл чарба азыктарынын тартыштыгына алып келиши мүмкүн экенин божомолдошкон. Себеби Украина…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаровдун Орозо айынын башталышы менен куттуктоосу

Президент С. Жапаровдун Орозо айынын башталышы менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-апрелде, өлкөнүн мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу:    “Ассалоому алейкум ардактуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар! Жалпыңыздарды мусулман жамааты көптөн көп күткөн берекелүү Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктайм. Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн өзгөчө ай болуп саналган Орозо айы акыркы эки жылда белгилүү чектөөлөр менен өтүп келгени белгилүү. “Он эки айдын султаны” деп аталган бул айда Жараткан мээримин чачып, кечиримдүүлүктүн эшиктери ачылып, жакшы тилектер эселенип кабыл болору айтылат. Демек, бул айда…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6