УКМК Тажикстандын «Байрактарды» сатып алганы боюнча үн катты

УКМК Тажикстандын «Байрактарды» сатып алганы боюнча үн катты

Тажикстан түркиялык компаниялардан “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алган эмес. Мындай маалыматты КРнын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматка караганда, Тажикстан “Байрактар” учактарын чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес. Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы такталбаган маалымат. “Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун…

Прочитайте больше

Иранда Аль-Кудс күнү белгиленип, миңдеген адамдар жөө жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Иранда Аль-Кудс күнү белгиленип, миңдеген адамдар жөө жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт. Бүгүнкү жүрүшкө Ирандын президенти Ибрахим Раиси да катышты.  Эл аралык Аль-Кудс күнү Ирандан тышкары, Түркия, Пакистан, Индия, Йемен, Ирак, Сирия, Ливан, Африка өлкөлөрүндө, Түштүк-Чыгыш Азияда, ошондой эле АКШда жана Европада дагы белгиленет.

Прочитайте больше

Кабулдагы жардырууда каза болгондор элүүгө жеткени айтылууда

Кабулдагы жардырууда каза болгондор элүүгө жеткени айтылууда

Ооганстандын борбору Кабулдагы Халифа Сахиб мечитинин башчысы Сайед Фазил жардыруудан өлгөндөрдүн саны 50 адамга жеткенин кабарлады. Анын айтуусунда, жанкечти жума намазга жыгылгандардын ичинде болгон. Жардыруу болгон мечитте Орозо айынын акыркы жума намазы окулуп жаткан. Мурдараак расмий бийлик жардыруудан 10 адам өлүп, 30 киши жараат алганын кабарлаган. Ал эми атын айтпаган медициналык кызматкер Reuters агенттигине ооруканага 65тен ашуун адамдын сөөгү жана 80ге чукул жараат алган адамдар жеткирилгенин маалымдаган. Талибдердин расмий өкүлү Забиулла Муджахид жардырууга күнөөлүүлөр табылып,…

Прочитайте больше