Украинада 5 миллиондой адам качкынга айланды

Украинада 5 миллиондой адам качкынга айланды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча агенттиги Орусия согуш баштагандан берки элүү күн ичинде дээрлик 5 миллион украиналык үй-жайын таштап, чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери качкындардын мындай агымына күбө боло элек болчу. 14-апрелде чыккан статистикага ылайык, Орусиянын кол салуусунун кесепетинен 4 млн. 736 миң 471 украиналык качкынга айланды. Андан бир күн мурда эле бул сан дээрлик 80 миң кишиге аз болчу. БУУ бозгундардын 90 пайызы аялдар менен…

Прочитайте больше

Орусия менен Кытайдын соода алакалары өсүүдө

Орусия менен Кытайдын соода алакалары өсүүдө

Орусия менен Кытай 2024-жылга чейин соода көлөмүн 200 миллиард долларга жеткириши мүмкүн. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Харбин шаарындагы Башкы консулдугу билдиргенин “Риа Новости” жазды. Кытай бажысынын маалыматына караганда, 2022-жылдын биринчи чейрегинде Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,7 пайызга өсүп, 38,17 миллиард долларды түзгөн. Кытайдын Орусияга экспорту 25,9%га өсүү менен 16,4 млрд долларга, импорту 31%га өсүп 21,7 млрд долларга жетти. Дипломатиялык өкүлчүлүк бул ишкердик жигердүүлүк төмөн болгон биринчи кварталдагы эле көрсөткүч…

Прочитайте больше

Жакында кыргыз-тажик жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болот

Жакында кыргыз-тажик жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болот

Бул тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөшкөн учурда сөз болду. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухриддин 14-апрелде телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу, аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулады. “Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү иштерин улантуу керектигин белгилешти”,- деп жазылган Кыргызстандын ТИМи тараткан маалыматта. Өз кезегинде Тажикстандын мамлекеттик “Ховар” агенттиги…

Прочитайте больше

Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда 13-апрелден 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Биринчи май райондун акимиаты массалык башаламандыктардын алдын алуу максатында митингдерди айрым жерлерге өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча арыз менен райондук сотко кайрылган. «Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, президенттин администрациясынын жана УКМКнын алдында, “Ала-Тоо” аянтында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрбөөнү мыйзамдуу деп тапты», – деп айтылат мэриянын билдируусундө. Мындан ары чогулуштарды жана митингдерди…

Прочитайте больше