ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

Бүгүн, 6-апрелде “Кыргызстандын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, макулдашууга кыргыз тараптан КР финансы министри Алмаз Бакетаев жана Европа биримдигинин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси, Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык маселеси боюнча башкы директору Сара Ринальди кол койду. Бул макулдашуунун алкагында ЕБ КР Билим берүү жана илим министрлигине 32,0 млн евро өлчөмүндө…

Прочитайте больше

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады

Венгрия Москванын газга рубль менен төлөө талабына макул экенин билдирди. Премьер-министр Виктор Орбан Орусиянын мунайына жана газына санкция салууга, Батыштын курал-жарагын Украинага Венгриянын аймагы аркылуу ташууга каршы чыгып келатат. Шаршембидеги маалымат жыйында өкмөт башчы газ үчүн орус валютасы менен төлөө маселеси президент Владимир Путин менен макулдашылганын айтты. Украинага кол салгандыгы үчүн Батыштын санкцияларына туш болгон Орусиянын президенти Европа газ үчүн рубль менен төлөбөсө, газ бербей коерун эскерткен. Европа биримдиги келишимдерде евро менен төлөм каралганын, андыктан…

Прочитайте больше

Владимир Жириновский көз жумду

Владимир Жириновский көз жумду

Орусиянын ЛДПР саясий партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин билдирди. «Бул баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат», – деп жазды Володин өзүнүн Telegram-каналына. Жириновский коронавируска чалдыгып 2-февралда оор абалда Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына түшкөн. Саясатчы көзү тирүү болгондо 25-апрелде 76 жашка чыкмак. Эске салсак, буга чейин 25-мартта Владимир Жириновскийдин каза болгону тууралуу маалыматтар тарап, кайра Вячеслав Володин тарабынан четке кагылган.

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Токаев Жапаровду «Центерра» компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, макулдашууга жетишүү оңой болбогонун белгиледи. Ал кыргыз тараптан кыргыз элинин кызыкчылыгы гана биринчи орунга коюлганын белгиледи. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болду. Тараптар алдыдагы мааракелик дата —…

Прочитайте больше

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту

Өзбекстан аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жаткан Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапканы кабарланды. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун УКМКнын Чек ара кызматы ырастады. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон. Бир нече кыргыз жараны Өзбекстандын аймагына атчан жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр кирип барган деп айтылды. Өзбекстан тарап 4-апрель түнү белгисиз адамдар чек арадан мыйзамсыз товар алып кирип, кармоо учурунда качууга аракет кылып,…

Прочитайте больше

Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Эл аралык санкцияларга кабылган Орусиянын ЕАЭБ ичинде жана союздаштары менен сооданы рубль менен жүгүртүү сунушу ара жолдо турат. Москва рубль зонасын түзүүгө киришип, ЕАЭБ ичинде бажы төлөмдөрү рубль менен бөлүнөт дегенин Казакстан жокко чыгарып, бул азыр Орусия менен Беларуска гана тиешелүү экенин айтты. Орусиянын калган өнөктөштөрү толук макулдук бере элек. Орусиянын экономика министри Максим Решетников жакында ЕАЭБге кирген өлкөлөр бирдиктүү рубль мейкиндигин түзүүгө кирише баштаганын жарыялаган. Бирок расмий Нур-Султан ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө…

Прочитайте больше