Орусиянын 750 миллион долларлык крейсери чөгүп кетти

Орусиянын 750 миллион долларлык крейсери чөгүп кетти

Орусия Кара деңиздеги флотунун флагманы деп саналган “Москва”крейсери чөгүп кеткенин ырастады. Буга чейин украин күчтөрү бул аскердик кемеге “Нептун” ракетасы менен сокку урганын жарыялаган. 15-апрелге караган түнү Киев, Херсон жана Харьков шаарларында катуу жарылуу болгону кабарланды. “Москва” ракеталык крейсери Кара деңизге чөгүп кеткенин Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембинин кечинде жергиликтүү маалымат агенттиктерине ырастады. Орус тараптын жүйөсүнө ылайык, кемеде ок-дарылардын жарылуусунан улам өрт тутанып, андан крейсердин корпусу жабыркаган. Мындан улам кемени портко сүйрөп жеткирүүгө аракет кылышкан. Бирок…

Прочитайте больше

Пакистан “Талибанды” террорчуларга чара көрүүгө чакырды

Пакистан “Талибанды” террорчуларга чара көрүүгө чакырды

Исламабад Ооганстандын талибдер жетектеген өкмөтүн Пакистан жакка сокку урган согушкерлерге каршы “катаң чара” көрүүгө чакырды. “Копсуздук күчтөрү ооган тараптан коюлган террордук чабуулдардын бутасына айланган учурлар көбөйдү!, – деп билдирди Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 17-апрелде. Анын алдында, ишембиде “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) расмий өкүлү Пакистандын Кабулдагы элчисин чакыртып, Ооганстандын Хост жана Кунар аймактарындагы аба соккусуна байланыштуу нааразылыгын билдирген. Уруу аксакалдары жана күбөлөр 30дан ашуун киши, көбү карапайым тургундар мерт кеткенин айтып беришкен. Бул маалыматты көз…

Прочитайте больше

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга келери күтүлүүдө

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга келери күтүлүүдө

Шавкат Мирзиёев май айында Кыргызстанга келет. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев май айынын аягында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков менен жолушугуу учурунда маалым болду. Жапаров жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү –эки өлкө ортосундагы кызматташуунун бардык багыттарын жаңы баскычка көтөрөт деген ишенимин билдирди. Президент Өзбекстан өлкөнүн маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин тастыктады. Өз кезегинде Сардор Умурзаков Садыр Жапаровго Бишкекке Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен келгенин, сапардын максаты Өзбекстан президентинин сапарына даярдык көрүү экенин айтты. Өзбекстандык аткаминер Ташкент жакын коңшулук,…

Прочитайте больше

БАЭ компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр

БАЭ компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр

Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган «Masdar» компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр.   Бул туурасында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген аталган компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилүү болгонун өкмөттүн маалыматы кызматы билдирди. Бакыт Төрөбаев компаниянын өкүлдөрүнө өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды. Компаниянын өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу…

Прочитайте больше