Аскердик талдоочу Буча шаарынын тургундарынын өлүмүнө украин аскерлерин айыптады

Аскердик талдоочу Буча шаарынын тургундарынын өлүмүнө украин аскерлерин айыптады

Украинанын Буча шаарындагы карапайым адамдар украин аскерлеринин колунан өлгөнүн АКШнын аскердик талдоочусу, БУУнун Ирактагы курал-жарак боюнча мурдагы инспектору Скотт Риттер жар салды. Бул тууралуу ал Украинадагы окуялар боюнча өткөн вебинарда билдирди. Эксперт Бучада белгилүү бир убакыт болгон Орусиянын армиясынын жергиликтүү калк менен жакшы мамиледе болгондугу жөнүндөгү орус аскерлеринин билдирүүлөрүн келтирди. Ал белгилегендей, орусиялык аскер кызматкерлери ал тургай жергиликтүү тургундар менен бартер (товар алмашуу) уюштуруп, өздөрүнүн кургак аызктарын тамак-ашка алмаштырышкан. Ал ошондой эле Бучадан тартылган видеодон…

Прочитайте больше

COVID-19: Кытайда сутка ичинде 23 минден ашуун учур катталды

COVID-19: Кытайда сутка ичинде 23 минден ашуун учур катталды

Кытайда коронавирус боюнча сутка ичинде 23 миңден ашуун жаңы учур аныкталып, кайрадан антирекорд катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. Маалыматка караганда, жугузуп алгандардын көбү Шанхайда катталган жана көбүндө симптомсуз болууда. Буга чейин, Кытай бийлиги өлкөнүн эң ири шаарларынын бири болгон Шанхайга миңдеген аскер жана медициналык кызматкерлерди жөнөтүп, шаарда жалпы тестирлөө жарыяланып, 26 миллионго жакын тургуну сөзсүз өтүүгө милдеттендиргени маалымдалган. 5-апрелде Шанхайда карантин бүтүшү керек болчу. Бирок кайра жугузуп алгандар көбөйүп, белгисиз мөөнөткө узартылды. Кытайда…

Прочитайте больше

Испаниялык компания Ысык-Көлдө күн электр станциясын жана ГЭС курууга ниеттенүүдө

Испаниялык компания Ысык-Көлдө күн электр станциясын жана ГЭС курууга ниеттенүүдө

Кыргызстандын министрлер кабинети Испаниянын «EcoEner» энергетикалык компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Документке министрлер кабинетинин атынан энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы кол койгон. Меморандумга кол коюу аземи «Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо» форумунун алкагында өттү. Маалымдама: «EcoEner» энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт. Компания Испания Королдугу, Сербия Республикасы, Гондурас…

Прочитайте больше

БУУ Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту

БУУ Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешке катышуусун токтотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Резолюцияга Сербия жана Израиль баш болуп 93 мамлекет “макул” деп добуш беришсе, 24 өлкө каршы болушту. Алар: Алжир, Беларусь Республикасы, Боливия, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Конго Республикасы, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Габон, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мали, Никарагуа, Орусия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Вьетнам жана Зимбабве. Ал эми 58 өлкө добуш берүүдөн карманган. Документтин долбоору Батыш…

Прочитайте больше

Краматорск вокзалындагы чабуулдан өлгөндөрдүн саны 50гө жетти

Краматорск вокзалындагы чабуулдан өлгөндөрдүн саны 50гө жетти

Украинанын Краматорск шаарындагы темир жол вокзалын бутага алган ракета чабуулунан каза тапкандардын саны 50 кишиге жетти. Алардын арасында беш бала бар экенин 8-апрелде Донецк облусундагы аймактык аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирди. Ал Орусиянын бул чабуулунун курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн, жаракат алган жүздөй адамдын арасында 16 өспүрүм бар экенин Телеграмга жазды. Буга чейин украин өкмөтү вокзалга эки ракета тийгенин билдиришкен. Президент Владимир Зеленский орус күчтөрү жайкын тургундарды атайылап бутага алганын айтты. Краматорсктогу чабуулду бир катар дүйнө…

Прочитайте больше

Түрк бийликтери Башар Асад менен сүйлөшүүгө умтулууда

Түрк бийликтери Башар Асад менен сүйлөшүүгө умтулууда

Түрк бийликтери Сирия президенти менен сүйлөшүүлөрдү жана Анкара-Дамаск мамилелерин нормалдаштыруу аракетин көрүүдө. Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун маалыматына ылайык, түрк гезити Анкара расмийлери Сирия өкмөтү менен саясий сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана бул эки өлкөнүн мамилесин кайра калыбына келтирерин билдирди.  Hürriyet басылмасына таянуу менен Al-Mayadin агенттигинин маалыматына ылайык, түрк өкмөтүн жакшы билген айрым булактар: “Ошентип, бул эки окуя азыркы учурду Сирия маселесин чечүү үчүн эң жакшы убакыт келди», -деп билдирди.  «Дамаск өкмөтү…

Прочитайте больше

БАЭ соту израилдик аялды өлүм жазасына тартты

БАЭ соту израилдик аялды өлүм жазасына тартты

 Эмираттык маалымат каражаттары израилдик аял баңгизат соодасы үчүн өлүм жазасына кесилгенин кабарлады. Tasnim News Agency эл аралык тобунун Al-Khalilj Online сайтына шилтеме берүү менен билдиргенине караганда, Бириккен Араб Эмираттарынын соту кечээ оккупацияланган Палестинада жашаган аялды жарым килограмм кокаин сактап жүргөнү үчүн өлүм жазасына кескен. Өткөн жылы Эмират агенттери “Фада Кейван” деп аталган 43 жаштагы аялды Дубайдагы үйүндө кармашкан.  Аялдын жактоочусу соттун чечимине каршы чыгуу ниетин билдирип, өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Тель-Авивден жана башка бийликтерден жардам…

Прочитайте больше