Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү

Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү

“Кумтөр Голд Компани” толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү. Бул тууралуу кечээ, 4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфирде билдирди. “Жаңы эле келишимге кол коюлду. Биз Кумтөрдү кайтарууга жетиштик. Кыргызстандын элин бул жетишкендиги менен куттуктайбыз! Бул чындап эле өлкө үчүн бурулуш учур. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек! Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!”, – деди ал. Өлкө башчысы ошондой эле макулдашуунун негизги жоболору…

Прочитайте больше

Кытайда «стеллс-омикронду» жуктургандардын саны өсүүдө

Кытайда «стеллс-омикронду» жуктургандардын саны өсүүдө

Кытайдын Шанхай шаарында коронавирустун жаңы штаммы «стелс-омикронго» чалдыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка караганда, өлкө бийлиги  Кытайдын эң ири шаарларынын бири болгон Шанхайга миңдеген аскер жана медициналык кызматкерлерди жөнөткөн. Шаарда жалпы тестирлөө жарыяланып, 26 миллионго жакын тургуну сөзсүз өтүүгө милдеттендирилди. Илдетти жуктургандардын саны тез өсүп жаткандыктан шаар бийлиги бир нече ооруканаларды, спорт залдарды, көп кабаттуу үйлөрдү жана башка объектилерди, анын ичинде 15 000 бейтап бата турган Шанхай жаңы Эл аралык Экспо борборун…

Прочитайте больше

Орусия 9-апрелден тартып 52 өлкөгө учууга тыюу салган чектөөнү алат

Орусия 9-апрелден тартып 52 өлкөгө учууга тыюу салган чектөөнү алат

Орусия 9-апрелден баштап 52 өлкөгө учууга тыюу салган ковид чектөөлөрүн алат. Бул тууралуу орус премьер-министри Михаил Мишустин билдирди. Тизме Орусия менен достук мамиледеги мамлекеттерден турат. Маселен, аларга Ооганстан, Египет, Кытай жана Марокко кирген. Аткаминердин айтымында, коронавирус инфекциясын жуктуруу көрсөткүчү азайды, буга байланыштуу орусиялык аба компанияларынын учуу багыттарын көбөйтүүгө мезгил жетти. Мындан тышкары 9-апрелден тартып Кытай менен чек арада орусиялыктар менен чет өлкөлүк жарандар үчүн киргизилген чектөөлөрдүн баары алынат. Орусия Украинага кол салгандан бери көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде…

Прочитайте больше