Эммануэль Макрон кайрадан Франциянын президенти болуп шайланды

Эммануэль Макрон кайрадан Франциянын президенти болуп шайланды

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында учурдагы президент Эммануэл Макрон жеңип чыкты. Ал президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, ашкере оңчул саясатчы  Марин Ле Пенди ишенимдүү түрдө жеңди жана дагы беш жыл бою Евробиримдиктин экинчи ири өлкөсүн башкарып калат. Маалыматка караганда, добуштар 100% саналгандан кийин Макрон 58,55%, Ле Пен 41,45% добушка ээ болгон. Бирок, алдын ала жыйынтыктар Макрондун добушу 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу азыраак экенин көрсөтүүдө. Беш жыл мурда да шайлоонун экинчи айлампасына Макрон менен Ле Пен чыккан. Анда Макрон жалпы…

Прочитайте больше

Эксперт: «Мусулмандар бирикмейинче Аль-Кудусту бошотуу кыялы кыял бойдон кала берет»

Эксперт: «Мусулмандар бирикмейинче Аль-Кудусту бошотуу кыялы кыял бойдон кала берет»

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – палестиндерге тилектештик билдирчү Кудус же Иерусалим күнү белгиленет. Аль-Кудус жана Палестина маселеси мусулман дүйнөсү ХХ кылымдын экинчи жарымында да, XXI кылымдын алгачкы жыйырманчы жылында да чече албаган маселелердин бири бойдон калууда. Эмне үчүн бул көйгөй дагы деле чечилбей келет? Бул туурасында «Eurasia Today» агенттигинин кабарчысы орусиялык саясат таануучу, Орусиянын  Улуттук стратегия институтунун эксперти Раис Сулейманов менен маек курду. Белгилей кетсек, Аль-Кудус күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Хоменейи тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күнү Иранда жана…

Прочитайте больше

ФСБ журналист Соловьёвди өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалганын маалымдады

ФСБ журналист Соловьёвди өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалганын маалымдады

Орусиянын президенти Владимир Путин Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) “орусиялык белгилүү тележурналистти өлтүрүүгө аракет кылган террордук топтун ишине бөгөт койгонун” айтты. Президент журналисттин атын атаган жок. “РИА Новости” ФСБга таянуу менен Бүткүл россиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын (ВГТРК) белгилүү алып баруучусу, Кремлдик позицияларды жактаган журналист Владимир Соловьёв жөнүндө сөз болуп жатканын жазды. Басылма билдиргендей, кармалгандар неонацисттик террордук уюмдун мүчөлөрү болгон. Маалыматта Соловьёвду өлтүрүү буйругун Украинанын Коопсуздук кызматы бергени келтирилет. Бул…

Прочитайте больше

Орусия Мариуполдогу заводдо гуманитардык коридор ачканын жарыялады

Орусия Мариуполдогу заводдо гуманитардык коридор ачканын жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагында камоолдо жаткан жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор ачканын жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына коюлду. Анда коридор Москва убактысы боюнча 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча 17:00) иштеп баштай турганы, ушул убакыттан тартып орус аскерлери ок атууну бир тараптуу токтотуп турары белгиленет. Азов деңизинин жээгинде жайгашкан шаардын дээрлик бардык аймагын орус аскерлери басып алган. Аталган заводдун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен камоолдо…

Прочитайте больше