Столтенберг: Финляндия жана Швеция НАТОго тез кабыл алынууга тийиш

Столтенберг: Финляндия жана Швеция НАТОго тез кабыл алынууга тийиш

Финляндия жана Швеция НАТОго кошулууну чечсе, аларды тез кабыл алса болот. Бул тууралуу бейшембиде аскердик блоктун баш катчысы Йенс Столтенберг Европа парламентинин төрайымы Роберта Метсола менен биргелешкен пресс-конференцияда билдирди. “Финляндия жана Швеция НАТОго жакын, биз биргелешип иш алып барабыз, кызматташабыз, чогу машыгуу жүргүзөбүз. Аларды альянска чакыруу чечимин кабыл алсак, Финляндия менен Швециянын коопсуздугу биз үчүн маанилүү деген саясий ишарат кылган болобуз”. Скандинавиялык эки өлкө тиешелүү арызды тапшырса, 30 мүчө-мамлекет макулдугун берип, ратификациялоого тийиш болот. Финляндия…

Прочитайте больше

Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады

Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады

АКШ президенти Жо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам бөлүүнү сурап, Конгресске кайрылганын билдирди. 28-апрелде Ак үйдө сүйлөгөн президент Кошмо Штаттар Украинага орус агрессиясына каршы күрөштө көмөгүн улантарын, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтө берерин белгиледи. Байдендин айтымында, көп аракет көрүүгө, жогору баа төлөөгө туура келсе да, агрессорду токтотуу зарыл. Америкалык лидер орус президенти Владимир Путинге Украинаны жеңүүгө жол берилсе, анын агрессордук ниети ого бетер күчөйт деп айтты. Байден Украинага жардам берүү менен АКШ Орусияга чабуул койбогонун,…

Прочитайте больше

Орусиянын Евробиримдикке саткан газ, мунайдан түшкөн кирешеси эки эсе көбөйдү

Орусиянын Евробиримдикке саткан газ, мунайдан түшкөн кирешеси эки эсе көбөйдү

Украинага басып киргенден бери Орусия Евробиримдикке саткан газ, мунай жана көмүрдөн түшкөн кирешени эки эсеге көбөйттү. Мындай маалыматты Финляндияда жайгашкан Энергияны жана таза абаны изилдеген борбор (CREA) таратты. Согуш жүрүп жаткан эки айдын ичинде Москва шаркетке ал продукцияны 44 миллиард еврого саткан. Өткөн жылдын ушул мөөнөтү менен салыштырганда бул эки эсеге көп. Ошол эле маалда сатып алуулардын көлөмү азайган. Мисалы, мунайдын импорту 20 процентке төмөндөдү, бирок газдыкы өскөн. Эң көп газды мурдагыдай эле Германия сатып…

Прочитайте больше

Канада жумушчу күчтүн жетишсиздигинен кризис коркунучунда турат

Канада жумушчу күчтүн жетишсиздигинен кризис коркунучунда турат

Канаданын эмгек рыногу жумушчу күчтүн жетишпегендигинен улам кризис коркунучунда турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматта өлкөдө жумушчу күчтүн кыскарышына калкынын тез картаюусу себеп болуп жатканы айтылат. Эл каттоонун маалыматы боюнча, 2021-жылы Канадада пенсияга жакындап калган адамдардын саны жумушка орношкондордон ашкан. Бул Канаданын жумушчу күчүнүн жетишсиздиги жакынкы жылдарда начарлап кетиши мүмкүн деген кооптонууну жаратууда. Канаданын статистика кызматы бул айырыма бир аз кыскарып, 2036-жылдан тарта кайрадан өсө баштайт деп божомолдоодо. Бирок, ошол эле учурда эмгекке…

Прочитайте больше