Нью-Йоркто коронавируска каршы вакцина алган балдарга 100 доллар төлөнөт

Нью-Йоркто коронавируска каршы вакцина алган балдарга 100 доллар төлөнөт

Нью-Йорктун бийлиги коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн 5 жаштан 11 жашка чейинки балдарга 100 доллардан төлөп берет. Бул тууралуу шаардын мэри Билл де Блазио Титтердеги баракчасына жазганын чет элдик басылмалар жазышты. “5тен 11 жашка чейинки балдар шаардын эмдөө борборунда COVID-19 вакцинасын алса, 100 доллардан стимул алууга укуктуу”, – деп жазган де Блазио Титтердеги баракчасына. АКШнын Тамак-аш жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгы жана Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору 5тен 11 жашка чейинки балдарды эмдөө үчүн Pfizer вакцинасын колдонууга уруксат беришкен….

Прочитайте больше

Индонезияда сел жүрдү

Индонезияда сел жүрдү

Индонезиянын Ява аралында болгон селде кеминде 5 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголду. Индонезиянын Ява аралында болгон селде кеминде 5 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголду. Индонезиянын улуттук апаат агенттигинин берген маалыматына караганда, Яванын Кота Бату аймагында катуу жааган жамгырдан улам 5 айылды суу каптады. Индонезиянын улуттук апаат агенттигинин басма сөз катчысынын орун басары Абдул Мухари селден каза болгон 5 адамдын сөөгүнүн табылганын, 4 адамдын дайынсыз жоголгондугун белгиледи. Мухари жоголгондорду издөө – куткаруу…

Прочитайте больше

Жакында Жер бетинен жок болуп кетиши мүмкүн болгон өлкөлөр

Жакында Жер бетинен жок болуп кетиши мүмкүн болгон өлкөлөр

Глобалдык ысыктан улам муздар эрип, деңиз деңгээли көтөрүлүп бир нече арал мамлекеттери жок болуп кетиши ыктымал. Бул тууралуу “Express” гезити жазды. Климаттын өзгөрүшүнөн жабыркашы мүмкүн болгон аймактарга Кирибати, Тувалу жана Маршалл аралдары кирет. Кирибатидеги “Climate Action Network” экологиялык бейөкмөт уюмдарынын глобалдык тармагынын координатору Пелениза Алофа Глазгодогу БУУнун саммити арал мамлекеттери үчүн өтө маанилүү окуя экенин айтып, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана кч алган тропикалык бороон-чапкын аймактагы адамдардын өмүрүнө жана айыл чарбасына коркунуч туудуруп жатканын эскертти. Окумуштуулар…

Прочитайте больше

Орусияда эмгек мигранттарынан толук баш тартууну сунушташууда

Орусияда эмгек мигранттарынан толук баш тартууну сунушташууда

Эмгек мигранттарынан бир эле Москвада эмес, бүтүндөй өлкө боюнча баш тартыш керек. Мындай сунушту “Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн” фракциясынын башчысы Сергей Миронов айтып чыкканын РИА новости агенттигинин Кыймылсыз мүлккө байланышкан атайын сайты жарыялады. Мироновдун пикиринде, Москва шаарында заманбап технологияларды колдонуу жана эмгек акыны жогорулатуу менен курулуш объектилеринде мигранттарсыз иштөөгө болот. «Курулуштан сырткары, айыл чарбасында, чекене соодада, логистикада жана башка бардык тармактарда ушундай аракет жасоону сунуштайбыз. Айлыктар канчалык тез жогоруласа, өнөр жай ошончолук динамикалуу өнүгөт»,- деди Миронов….

Прочитайте больше

Кабулдагы кош жардыруудан кеминде 19 киши каза болду

Кабулдагы кош жардыруудан кеминде 19 киши каза болду

Кабулдун борборундагы аскердик госпиталда болгон кош жардыруудан кеминде 19 киши өлүп, 50дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу AFP агенттиги “Талибандын” Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнө шилтеме кылып кабарлады. Азырынча бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Талибдер кол салууга “Ислам мамлекетинин” IS-K деп аталган туунду уюмун айыптоодо. Tolo News телеканалынын маалыматына караганда, алгачкы жардыруу госпиталдын кире беришинде, экинчиси имаратка жакын жерде болгон. Андан соң кол салгандар менен “Талибан” жоочуларынын ортосунда атышуу башталган. Быйыл…

Прочитайте больше

Нью-Йоркто эмдөөдөн өтпөгөн миңдеген кызматкерлер жумуштан четтетилди

Нью-Йоркто эмдөөдөн өтпөгөн миңдеген кызматкерлер жумуштан четтетилди

Кечээ, 1-ноябрда Нью-Йорктун 10 миңден ашуун полиция, өрт өчүргүч жана башка муниципалдык кызматкерлер акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөтүлдү. Алар шаар мэри Билл де Блазионун COVID-19га каршы милдеттүү эмдөө боюнча буйругун аткарбай коюшкан. Бул тууралуу  “New York Post” гезити жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты. Гезиттин маалыматына караганда, Нью-Йоркто 2300дөй өрт өчүрүүчүлөр эмдөөдөн өткүсү келбегендиктен эмгек өргүүсүнө чыгышкан. Кызматкерлердин жетишсиздигинен 18 шаардык өрт өчүрүү бекеттери жабылды . Ошондой эле, дагы бир катар өрт өчүрүүчүлөр бир нече нааразылык акцияларын өткөрүшүп, андан…

Прочитайте больше

«Өзүбүзгө көр казып жатабыз»: БУУнун баш катчысы жаратылышка ажатканадай мамиле кылбоого чакырды

«Өзүбүзгө көр казып жатабыз»: БУУнун баш катчысы жаратылышка ажатканадай мамиле кылбоого чакырды

БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы Глазко шаарында өтүп жатат. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш адамзат айлана-чөйрөгө кылган мамилеси менен өзүнө көр казып жатат деп билдирди. Бул тууралуу ал климат боюнча эл аралык саммиттин катышуучуларына кайрылып, адамзатты жаратылышка ажатканадай мамиле кылбоого чакырды. “Климат боюнча Париж келишимине кол коюлгандан берки алты жыл тарыхтагы эң ысык алты жыл болду. Биздин казылып алынган отунга болгон көз карандылыгыбыз адамзатты туңгуюктун босогосуна түртүүдө. Биздин алдыбызда олуттуу тандоо турат: же биз…

Прочитайте больше

Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Норвегиянын Хаукеланд университетине караштуу оорукананын дарыгери Марта Эббинг изилдөө жүргүзүп, адамдар көп пайдаланган эки витамин рак оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырарын аныктады. Бул тууралуу Американын медициналык ассоциациясынын журналы жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты. Изилдөөнүн жыйынтыгында В12 жана фолий кычкылы рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары белгилүү болгон. Бул эки витаминди кабыл алган жүрөк оорусу менен жабыркагандарда бул кошумчаларды ичпеген жүрөк оорулууларына салыштырмалуу кандайдыр бир себептерден улам рак жана өлүм коркунучу бир аз жогорулаган. Окумуштуулардын айтымында, фолий кислотасы жана В12…

Прочитайте больше

Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Эл аралык “Global Firepower” компаниясы жыл сайын дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтингин жарыялап турат. Баалоодо дээрлик 50 көрсөткүч: анын ичинде аскер күчтөрүнүн саны, техникалык камсыздоо, каржылоо жана жоокерлердин мобилдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү сыяктуу критерийлер эске алынган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан эң жакшы натыйжаларга жетише алды: республика рейтингде 51-орунга чыкты. Казакстан 61, Түркмөнстан 86 жана Кыргызстан 93-орунда жайгашкан. Ал эми Тажикстандын армиясы 99-сапка илинген. Ошол эле учурда “Global Firepower” тизмесине Ооганстан да кирген. Республика 75-орунда турат. Рейтингде…

Прочитайте больше

Окумуштуулар адам коронавирусту канча жолу жуктура аларын аныкташты

Окумуштуулар адам коронавирусту канча жолу жуктура аларын аныкташты

Адам COVID-19га каршы вакцина албаса жана вируска каршы чараларды сактабаса, ар бир үч айда коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу бар. Бул тууралуу чет элидик басылмалар жазды. 2020-жылы коронавирусту кайра жуктуруп алуу өтө сейрек болгон. Бирок кийинчерээк окумуштуулар коронавирус менен ооругандан кийин алынган иммунитет убакыттын өтүшү менен алсырай турганын аныкташкан. Изилдөөлөргө ылайык, COVID-19 менен ооруп айыккан 65 жашка чейинки адамдар алты айдын ичинде инфекцияны кайра жуктуруп алуудан 80% корголгон болсо, 65 жаштан жогору болгон бейтаптар 47%га гана…

Прочитайте больше

Суданда аскердик төңкөрүш болуп, премьер-министр жана коалициянын лидерлери камалды

Суданда аскердик төңкөрүш болуп, премьер-министр жана коалициянын лидерлери камалды

Бүгүн, 25-октябрда Судандын баш калаасы Хартум шаары толугу менен аскерлер тарабынан курчоого алынып, Эгемендүүлүк кеңешинин айрым мүчөлөрү менен өткөөл өкмөттүн кээ бир министрлери аскердик күчтөр тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Маалымат министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук менен коалициялык өкмөткө мүчө партиялардын лидерлери да аскерлер тарабынан кармалды. Маалыматка караганда, өлкөдө жарандык активисттер элди көчөгө чыгып, аскердик күчтөргө каршы турууга үндөөдө. Хартум шаарынын айрым аймактарында нааразылык акциялары башталган. Айрым жолдордо демонстранттар дөңгөлөктөрдү…

Прочитайте больше

Путин коронавирустан каза болгондордун санын Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды

Путин коронавирустан каза болгондордун санын Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирустук инфекциядан болгон өлүмдү Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды. Бул тууралуу ал Валдай клубунун XVIII жылдык жыйынында айтканын “Лента.ру” сайты жазды. Путин дйнөдө 4,9 миллиондон ашуун адам COVID-19  илдетинен каза болгонуна токтолуп, “Бул коркунучтуу сандар салыштыра келгенде Биринчи дүйнөлүк согуштун негизги катышуучуларынын арасындагы аскердик жоготуулардан да ашып түшөт”, – деди. Ошондой эле, Орусияда коронавирус боюнча абал оор экенин, илдеттин таралышы тездеп, эмдөөнүн деңгээли төмөн бойдон калып жатканын айтты. Жонс Хопкинс университетинин маалыматы…

Прочитайте больше

Орусия “Талибанды” террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн

Орусия “Талибанды” террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн

Орусия “Талибан” кыймылын тыюу салынган террордук уюмдардын катарынан чыгарууга умтулат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин “Валдай” клубунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ошол эле маалда Путин алгач мындай кадамга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши барышы керек экенин белгиледи. Орусия бийлиги кыймылды расмий түрдө тааныбай туруп, анын мүчөлөрү менен Москвада бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. 20-октябрда Орусиянын борбор шаарында “Талибан” кыймылынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын” жыйыны өткөн. Анда Орусиянын тышкы иштер…

Прочитайте больше

Орусияда коронавирустун AY.4.2 деп аталган жаңы мутацияланган түрү аныкталды

Орусияда коронавирустун AY.4.2 деп аталган жаңы мутацияланган түрү аныкталды

Бул тууралуу “Роспотребнадзордун” борбордук илимий-изилдөө институтунун атайын өкүлү Камил Хафизов билдиргенин РИА-Новости сайты жазды. “Кээ бир жерде жаңыланган ал геновариант: “дельта плюс” деп аталат. Бирок бул аталыш мурда башка вариантка тиешелүү болчу. Ошондуктан азыр кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк болуп жатат”,- дейт ал. Илимпоз AY.4.2 “дельта” линиясынын көптөгөн бутактарынын бири экенин, тактап айтканда, вирустун оригиналдуу жана башка версияларына караганда артыкчылыктары бар экенин түшүндүрдү. Мутация канчалык жугуштуу экенин айтуу азырынча кыйын, илимпоздор бул маселени иликтеп жатышат. Хафизов AY.4.2нин Орусияда жана…

Прочитайте больше

Индиянын түштүгүндө болгон селден 22 киши каза тапты

Индиянын түштүгүндө болгон селден 22 киши каза тапты

Индиянын түштүгүндө Керала штатында бир нече аймакта сел жана жер көчкү жүрүп, бери дегенде 22 киши каза тапты. Бул тууралуу Индиянын расмий өкүлдөрү билдиргенин “Farsnews” агенттиги жазды. Штат боюнча бир нече күндөн бери тынбай жааган жамгырдын кесепетинен келип чыккан сел жана жер көчкүдөн тургундарды куткаруу үчүн Индиянын армиясы менен флоту тартылган. Керала штатынын Кризисти башкаруу комитетинин билдирүүсүнө караганда, көптөгөн аймактарда метеорологиялык эскертүүлөр алынганы менен, штатта жамгырдын жаашы дагы уланары күтүлүүдө. Буга чейин, Индиядагы акыркы кылымдагы…

Прочитайте больше
1 20 21 22 23 24 47