FT: Кытай жашыруун түрдө гиперүндүү ракетасын сынаган

FT: Кытай жашыруун түрдө гиперүндүү ракетасын сынаган

Кытай августта өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү гиперүндүү ракетасын сынаган. Бул тууралуу Financial Times басылмасынын өз булактары билдирип, бул Америка чалгынын “күтүүсүз кырдаалга” кептегенин белгилешти. Гезит жазгандай, ракета жашыруун сыноо учурунда бутага жете алган эмес, бирок “гиперүндүү куралды иштеп чыгууда болуп көрбөгөндөй укмуш прогресс” көрсөткөн. “Алар муну кантип жасаганын такыр түшүнгөн жокпуз”, – деген өз булак. Басылманын маектештеринин божомолунда теориялык түрдө ракета Түштүк уюлдун үстүнөн өткөн болушу мүмкүн. Бул түндүк уюл багытына ыктаган АКШнын ракетадан…

Прочитайте больше

«Талибан» Путиндин КМШ өлкөлөрүнө эскертүүсүнө жооп берди

«Талибан» Путиндин КМШ өлкөлөрүнө эскертүүсүнө жооп берди

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстандын түндүгүндө “Ислам мамлекети” террордук тобунун бар экенине тынчсыздануусун билдирген маалыматына комментарий беришти. Бул тууралуу ооган ЖМКлары жазды.15-октябрда Путин КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында Ооганстандын түндүгүндө “ИМ” террордук уюмунун 2000дей согушкери топтолгонун айткан.“Алардын лидерлери Борбор Азия мамлекеттерине жана Орусиянын аймагына өздөрүнүн таасирин жайылтууну пландап жатышат. Алар этникалык жана конфессиялык чыр-чатактарды  жана диний кастыкты козутууга үмүт артышууда. Террорчулар шериктеш өлкөлөрдүн аймагына качкындардын атын жамынып кирүүгө аракет кылып жатышат”, – деп билдирген…

Прочитайте больше

Видео: Казакстанда бир күндө 400 килограмм ок-дары жок кылынды

Видео: Казакстанда бир күндө 400 килограмм ок-дары жок кылынды

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда бир күндө 400 килограмм ок-дары жок кылынды. Бул тууралуу казак ЖМКлары жазды. Август айында жардыруулар болгон аскер бөлүгүнүн аймагында калып калган ок-дарылар  Жамбыл облусундагы Байзак районуна бөлүп-бөлүп жеткирилүүдө. Көзөмөлдөнгөн жардыруу иштери эл жашабаган ээн тоолуу аймакта жүргүзүлүп жатат. Адистер ар бир жардырууну көзөмөлдөп, учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен процесске абадан байкоо жүргүзүшүүдө.Ок-дарылардын калдыктарын жок кылуу 13-ноябрга чейин созулат. Калдыктарды жок кылууга инженердик жана сапердук бөлүмдөрдүн 20дан ашуун адис катышууда. Биринчи…

Прочитайте больше

«Талибан» өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин сөөгүн көрсөтүүгө тыюу салды

«Талибан» өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин сөөгүн көрсөтүүгө тыюу салды

«Талибан»  соттун чечимисиз кылмышкерлерди көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу «Талибандын» өкүлү, Ооганстандын Маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Муджахид билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Тиешелүү токтомду «Талибан» кыймылы түзгөн өлкөнүн убактылуу өкмөтү чыгарды. Мужахид бул талап өлүм жазасына тартылгандардын сөөгүн көрсөтүүгө да  тиешелүү экенин баса белгиледи. Буга чейин Жаза аткаруу комиссиясынын башчысы Нуреддин Тораби талибдер башкаруунун биринчи мезгилинде колдонулган өлүм жазасы жана колу-бутун кесүү практикасын кайрадан колдонорун билдирген. Ал ошондой эле эл аралык коомчулуктун өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүн…

Прочитайте больше

БУУ: Түндүк Кореядагы ачарчылык өлүм менен коштолушу мүмкүн

БУУ: Түндүк Кореядагы ачарчылык өлүм менен коштолушу мүмкүн

Түндүк Кореяда өлүмгө алып келүүчү массалык ачарчылык болушу мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Томас Охеа Кинтана билдиргенин чет элдик маалымат каржаттары жазышты. Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешин Түндүк Кореяга каршы санкцияларды жумшартууга чакырды. Анын айтымында, Түндүк Кореяда эл аралык санкциялардын жана коронавируска карата киргизилген бөгөттөрдүн кесепетинен жаралган азык-түлүктүн тартыштыгы ачарчылыктын курч көйгөйүнө алып келе жатат жана аялуу жаш балдар менен улгайгандар ачарчылык коркунучунун алдында турат. Томас Охеа Кинтана БУУга кайрылып, кризистин алдын алуу үчүн…

Прочитайте больше

Видео: Филиппинде катуу тайфун болуп, каза болгондордун саны 19га жетти

Видео: Филиппинде катуу тайфун болуп, каза болгондордун саны 19га жетти

Филиппиндин Лусон аралынын түндүгүндө “Маринг” тайфуну катталып, 19 адам каза болду жана 13 киши дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Буга чейин, катуу жааган жамгырдан улам Бенгет провинциясында жер көчкү жүрүп, көп аймактар селден жабыркаганы маалымдалган. Маалыматка ылайык, учурда Филиппиндин аймагында тайфун токтоду, бирок синоптиктер жамгырдын улануу коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Аймактардан 10 миңден ашуун адам эвакуацияланды. CNN  телеканалы “Маринг” тропикалык циклонунун кесепетинен 19 адам каза болуп, 13 адамдын дайыны билинбей жатканын билдирди.

Прочитайте больше

“Кальмар оюну” сериалы билим берүү мекемелерин тынчсыздандырууда

“Кальмар оюну” сериалы билим берүү мекемелерин тынчсыздандырууда

Улуу Британиянын билим берүү мекемелери Netflix платформасына чыгып, популярдуулукка ээ болгон “Кальмар оюну” сериалынан улам тынчсызданышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Улуу Британиянын мектептери балдарга Түштүк Кореянын сериалдарын көрүүгө уруксат бербөө үчүн ата-энелерге кат жөнөтүүгө мажбур болушууда. Маалыматка караганда, көптөгөн окуучулар мугалимдеринен сериалдын триллеринде көрсөтүлгөн “сынактарга” катыша алабызбы деп сурашкан. Сериялда утулгандарды ырайымсыз өлүм күтүп турат жана бул фактор билим берүү мекемелеринин жетекчиликитерин тынчсыздандырбай койбой тургандыгы айтылган. Улуу Британияда башталгыч мектептердин бири билдирүү…

Прочитайте больше

ЖМК: Ооганстанда мечитте болгон жардырууда 100дөй адам каза болду

ЖМК: Ооганстанда мечитте болгон жардырууда 100дөй адам каза болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында мечитте жарылуу болгонун Аамадж Ньюс агенттиги жазды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ооганстандагы теракттын натыйжасында 100дөй жай тургун каза болуп, дагы ондогон адамдар жаракат алышты.  Агенттиктин маалыматы боюнча, мечитке кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30дар чамасында болгон. Ал учурда мечитте жума намазын окуган адамдардын саны көп болгон. Алдын ала билдирүүлөр боюнча, жардырууну жанкечти-террорчу жасаган. Ал мечиттин ичине кирип, ошол жерде жардыруучу затты жардырып жиберген. Жардыруу болгонун өлкөдөгү бийликти басып алган радикалдуу…

Прочитайте больше

Японияда катуу жер титирөө болуп, 32 киши жабыркады (видео)

Японияда катуу жер титирөө болуп, 32 киши жабыркады (видео)

Токиого жакын жерде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, жабыркагандардын саны 32ге жетти. Бул тууралуу өрт өчүрүү кызматынын маалыматына таянуу менен Киодо агенттиги жазды. Маалыматка караганда, үч адамдын абалы оор деп бааланууда. Жер титирөөдөн кийин Токио линиясындагы поезд кыймылы азырынча калыбына келтириле элек. Бир катар метро линияларында жана шаардык темир жолдордо поезд каттамдары кечиктирилди. Цунами коркунучу жарыяланган жок. Силкинүүнүн очогу 80 чакырым тереңдикте болгон. Жердин силкиниши өлкөнүн 47 префектурасынын 26сында сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор…

Прочитайте больше

Сингапурдук окумуштуу жаңы коронавирус пайда болушу мүмкүн экенин эскертти

Сингапурдук окумуштуу жаңы коронавирус пайда болушу мүмкүн экенин эскертти

SARS-CoV-3 коронавирусу келечекте SARS-CoV-2нин адамдардан жарганаттарга жугуусунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Сингапурдун Улуттук Университетинин алдындагы жаңы пайда болгон жугуштуу оорулар программасынын жетекчиси, профессор Ван Линьфа 7-октябрда Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясынын (АСЕАН) конференциясынын жүрүшүндө билдирди. Профессордун айтымында, Sars-CoV-2 коронавирусу адамдан жаныбарга жугуп, бир нече жолу мутацияланып, кайра жаңы Sars-CoV-3 коронавирусу пайда болуп, ал адамдарга жугуп, жаңы пандемияны чакырышы мүмкүн. Коронавирустун адамдан жаныбарга жуккан учурлары белгилүү. Пандемия учурунда үй жаныбарлары ээлеринен коронавирус жуктуруп алган учурлар…

Прочитайте больше

7 миллиард доллардай жоготкон. Цукерберг интернет колдонуучуларынан кечирим сурады

7 миллиард доллардай жоготкон. Цукерберг интернет колдонуучуларынан кечирим сурады

Кечээ, дүйшөмбү күнү Facebook, Instagram жана WhatsApp тармактары жапырт иштебей калганы маалым болду. Facebook компаниясы да иштин үзгүлтүккө учураганын ырастап, анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг интернет колдонуучулардан кечирим сурады. Маалыматка ылайык, Facebook тармагынын иштебей калышы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштебей калышынан улам болгон. Келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ортосундагы тармактык трафиктин ишинин жөнгө салынышына жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын өзгөрүшү байланышты үзүп, көйгөй жараткан. Facebook инженерлери “Тармактык трафиктин өчүп калуусу биринен бирине өтүп, маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ишинин…

Прочитайте больше

Telegram’га бир нече сааттын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталды

Telegram’га бир нече сааттын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталды

Facebook, Instagram жана WhatsApp кызматтарынын дүйнө жүзү боюнча иштебей калышынан улам Telegram мессенжерине бир нече сааттын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталган. Бул тууралуу TGStat аналитикалык кызматынын жетекчиси Юрий Кижикин билдиргенин орус ЖМКлары жазды. “Биздин эсептөөлөр боюнча, акыркы бир нече сааттын ичинде Telegram’га 50 миллиондон ашык жаңы колдонуучулар катталды”, – деди Кижикин. Кечээ, 4-октябрда Facebook, Instagram, WhatsApp жана башка бир катар тиркемелер дээрлик жети саат бою колдонуучулар үчүн жеткиликсиз болгон.  Социалдык тармактар жана мессенжерлердин иши …

Прочитайте больше

Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору жол кырсыгынан каза болду

Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору жол кырсыгынан каза болду

Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору, сүрөтчү Ларс Вилкс Швецияда жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Кырсык жекшемби күнү түштөн кийин Маркарид шаарынын жанындагы E4 жолунда болгон. Сүрөтчүнүн жанындагы аны кайтарган эки полиция кызматкери да каза болгон. Сүрөтчү бараткан унаа жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, эки унаа тең күйүп кеткен. Алгач кырсык атайын уюштурулган болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок, жергиликтүү полициянын өкүлү болгон окуя атайын жасалган аракеттердин натыйжасы болушу мүмкүн деген версияны жокко чыгарды….

Прочитайте больше

Журналисттер миллиарддаган долларлык офшордук схеманы ачыкка чыгарышты

Журналисттер миллиарддаган долларлык офшордук схеманы ачыкка чыгарышты

«Пандоранын документтер топтому (досье)» — деп аталган ал тизмеде Зеленский баш болгон дүйнөнүн 35 президенти жана миллиардерлер бар. Журналист-иликтөөчүлөр  «Пандоранын документтер топтомун» ачыкка чыгарышты. Бул офшорлор боюнча тарыхта алгачкы ирет коомчулукка жарыяланып кеткен ири маалыматтар базасы болуп саналат. Анда бир катар мамлекеттердин башчылары офшордук схема менен байланышта экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу журналист-иликтөөчүлөрдүн (ICIJ) эл аралык консорциуму маалымат таратты. Андыктан ал «Пандоранын документтер топтому» (Pandora papers) деген жаңы аталышка ээ болду. Атап айтканда, иликтөөчүлөр 100дөн ашык миллиардерлерди,…

Прочитайте больше

«Талибан» Тажикстан менен чек арага «жанкечтилер батальонун» жөнөтөт

«Талибан» Тажикстан менен чек арага «жанкечтилер батальонун» жөнөтөт

“Талибан” кыймылы Тажикстан менен чектешкен аймакка “истишхад батальонун” (жанкечтилер) жайгаштырып жатат. Бул тууралуу Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары Нисар Ахмад Ахмади билдиргенин “Khaama Press” агенттиги жазды.Анын айтымында, батальон “Лашкар-э-Мансури”, же “Мансурдун армиясы” деп аталат.Маалыматта атайын батальон Ооганстандын чек араларына, тактап айтканда, Бадахшан провинциясына жөнөтүлөрү айтылат.Белгилей кетсек, аталган провинция Тажикстан, Пакистан жана Кытай менен чектешет.Эске салсак, талиптер Тажикстан менен болгон чек арага күчтөрүн жайгаштырып жаткандыгы тууралуу маалыматтар 25-сентябрда тараган. Анда радикалдуу кыймылдын өкүлдөрү “атайын күчтөрдүн миңдеген жоокерлери” Тахар…

Прочитайте больше
1 21 22 23 24 25 47