Күндөгү жарылуудан геомагниттик бороон пайда болду

Күндөгү жарылуудан геомагниттик бороон пайда болду

Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Физика институтунун Күн рентген астрономиясы лабораториясынын билдирүүсүндө орун алды. Бейшемби күнү Күндөгү жарылуудан улам пайда болгон ири геомагниттик бороон кечээ түштөн кийин дүйнөгө таасирин тийгизди. Россия илимдер академиясынын Физика институтунун Күн рентген астрономиясы лабораториясынын билдирүүсүндө, «Учурда Жердин магнитосферасында (магниттик талаа) магниттик бороон (жарык, G1 деңгээли) уланууда»,делди. Окумуштуулардын берген маалыматына караганда, геомагниттик бороон кечээ Москва убактысы боюнча саат 15:00дө (Түркия убактысы менен бирдей) башталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул табигый окуя…

Прочитайте больше

NASA: Жерге өтө кооптуу 330 метрлик астероид жакындап келе жатат

NASA: Жерге өтө кооптуу 330 метрлик астероид жакындап келе жатат

NASA коркунучтуу астероид “4660 Nereus” 11-декабрда Жерге жакындай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. “4660 Nereus” потенциалдуу кооптуу астероид болуп эсептелет. Анын диаметри 330 метрди түзөт. Маалыматка караганда, 1982-жылы ачылган астероид Жерге 4 миллион чакырымга чейин жакындайт. NASA уюму бул астероидди Жер үчүн кооптуу объект болуп саналарын эскертти. Ал 664 күндө Күндү толугу менен айланат. Формасы жумурткага окшош. Буга чейин, астероидди космостук миссиянын бутасы катары колдонуу бир нече жолу сунушталган.

Прочитайте больше

Египетеги “Аль-Азхар” Герцогдун “Ибрахими” мечитине кол салышын айыптады

Египетеги “Аль-Азхар” Герцогдун “Ибрахими” мечитине кол салышын айыптады

Египеттин “Ал-Азхар” ЖОЖу Израилдин президенти Исхак Герцогдун Хеврон шаарындагы Ибрахими мечитине кол салышын айыптады. Аль-Азхардын билдирүүсүндө, бул душмандык аракет исламий ыйыктыктарды ачык бузуу жана басып алынган аймактарда жаңы чындыкты жаратуу аракети болуп саналат деп айтылат. Ошондой эле Палестина элинин мындай көрүнүштөргө каршы өз укуктарын, жерин жана диний ыйыктарын уламдан-улам бекем кармай турганы белгиленди. «Аль-Азхар» мындай агрессиянын коркунучтуулугун эскертип, эл аралык коомчулукту жана бардык өкмөттөрдү өз милдеттерин так аткарууга жана мындай агрессияга каршы бекем жана реалдуу…

Прочитайте больше

Орусияда мигранттардын айлыгы көтөрүлөт

Орусияда мигранттардын айлыгы көтөрүлөт

Орусия Федерациясындагы мигранттардын айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу “ВТБ Капитал” “Орусия чакырат!” форумунун жүрүшүндө Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников билдирди. «Мигранттар көп иштеген тармактарда эмгек акынын өсүшү байкалууда. Ошого жараша Орусияда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги да көрүнүп жатат»,-деди ал. Буга чейин эң аз айлык акы айыл чарба жана курулуш тармагында болгон. Бирок, азыр абал жакшырып баратканын айтат министр. Анын кошумчалаганындай, ушул жылы кызматкерлердин 15 пайызга жакыны минималдуу эмгек акыдан төмөн (12 792 рубль) айлык алышат. Ал эми 2022-жылы…

Прочитайте больше

Дүйнө тынчсызданган «омикрон» штаммы 23 өлкөдө аныкталды

Дүйнө тынчсызданган «омикрон» штаммы 23 өлкөдө аныкталды

Коронавирус инфекциясынын жаңы “Омикрон” штаммы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө табылганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. “Кеминде 23 өлкө жаңы штамм аныкталганын билдирди. Алардын саны өсүшү мүмкүн”, – деди уюмдун жетекчиси брифинг учурунда. ДССУнун мүчөсү Мария Ван Керкхове өз кезегинде омикрондун жугуштуулугу тууралуу көбүрөөк маалыматтар жакынкы күндөрү пайда болоорун айтты. “Биз бул жаңы вариант эмне экенин эми гана түшүнө баштадык. Бизде толук маалымат жок, бирок бул штамм тез жайылат деген ыктымалдар бар”, – деди ал. Коронавирустун…

Прочитайте больше

Стамбулду каптаган бороон төрт адамдын өмүрүн алды (видео)

Стамбулду каптаган бороон төрт адамдын өмүрүн алды (видео)

Түркиянын Мраморномор аймагын эң күчтүү бороон каптады. Daily Sabah гезитинин маалыматына караганда, кырсыктан төрт адам каза болгон. Маалыматка караганда, аял менен баланы урап түшкөн чатырдын сыныктары басып калган. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дагы 40 киши жаракат алды. Социалдык тармактарда Чаталжедеги (Стамбул району) мунаранын урап түшүшүнүн видеолору жарыяланып жатат. Түркиянын метеорологиялык кызматы Мрамор деңизиндеги бир катар провинциялар үчүн бороон коркунучу тууралуу эскертүү берди. Шамалдын ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жеткени кабарланууда. Бороон үйлөрдүн чатырларын учуруп,…

Прочитайте больше

Хорогдогу башаламандыктан үч киши өлдүс

Хорогдогу башаламандыктан үч киши өлдүс

Хорогдогу башаламандыктан өлгөндөрдүн саны үчкө жетти. Ондогон кишилер ар кыл деңгээлдеги жаракат алышты. Алардын арасында Тажикстан күч түзүмдөрүнүн беш кызматкери бар. Бул тууралуу “Озоди” радиосунун өз булактары билдирди. 26-ноябрь күнү таң эрте Хорог жана ага жакын райондордун тургундары Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун администрациясынын алдында нааразылык акцияларын улантышты. Митингчилер түндө мэриянын имаратынын жанындагы аянтта түнөшкөн. Алар 29 жаштагы Гулбиддин Зиёбековду өлтүргөндөрду кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда. Кечээ нааразы топ маркумдун сөөгүн акимчиликтин имаратына алып келишкен. Аймак жетекчилиги менен…

Прочитайте больше

Орусияда шахтадагы жарылуудан 52 адам каза болду

Орусияда шахтадагы жарылуудан 52 адам каза болду

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кузбасстагы “Листвяжная” көмүр шахтасында болгон авариядан 52 киши, анын ичинде алты куткаруучу каза болду. Бул тууралуу РИА Новостиге шашылыш  кызматынын өкүлү билдирди. Башкы прокурордун орун басары Дмитрий Демешин кырсыктын себеби метандын жарылышы болушу мүмкүн деп билдирди. Тергөөнүн алкагында, шахтанын 47 жаштагы директору, анын 59 жаштагы биринчи орун басары жана 36 жаштагы бөлүм башчысы кармалган. “Кармалгандар өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы аныкталды. Натыйжада газ-динамикалык кубулуш пайда болуп, №4 участканын вентиляциялык штрегинен түтүн чыгып баштап,…

Прочитайте больше

Болгарияда автобус кырсыктап, 46 адам мерт болду

Болгарияда автобус кырсыктап, 46 адам мерт болду

Болгариянын батышында жүргүнчү ташыган автобус аварияга кабылып, кеминде 46 киши набыт болду. Мерт болгондордун арасында балдар да бар. Жети киши күйүк менен ооруканага жеткирилди. Жол кырсыгы жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экилер чамасында Боснек айылына жакын трассада катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча автобус жол тосмосун сүзүп, андан соң күйүп кеткен. Автобуста Түндүк Македониянын номуру болгон. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Буяр Османи автобус Түркиядан Скопье шаарын көздөй келе жатканын кабарлады. Туристтер дем алыш күндөрү Стамбулга…

Прочитайте больше

Түркияда лиранын курсунун түшүшүнө нааразы болгондор бийликтин кетишин талап кылышты (видео)

Түркияда лиранын курсунун түшүшүнө нааразы болгондор бийликтин кетишин талап кылышты (видео)

Түркияда лиранын долларга карата курсу рекорддук деңгээлге түшкөндөн кийин Анкара менен Стамбулда нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды. Нааразылык акцияларынын катышуучулары өкмөттүн жана бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын мүчөлөрүнүн кызматтан кетишин талап кылышты. Нааразычылык кечээ кечинде башталып, борбор калаанын ар кайсы райондорунда жана Стамбулда өттү. Анкарада полиция демонстранттарга тоскоолдук кылууга, анын ичинде тосмолорду орнотууга аракет кылган. Твиттерде жарыяланган видеодо Стамбулдун Куртулуш районунан полиция чогулган демонстранттарды кармоого аракет кылып, көчөнү тосуп жатканын көрүүгө болот….

Прочитайте больше

Бишкекте «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия мамлекеттери үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүүдө

Бишкекте «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия мамлекеттери үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүүдө

Бүгүн, 24-ноябрда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүп жатат. Аталган иш чара Ж. Баласагын атындагы КМУ, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, «Евразиялыктар – жаңы толкун» Фонду, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн интеграция көйгөйлөрүнө илимий-иликтөө жүргүзгөн «СОНАП-2050” борбору, “Күндеми» мультимедиялык маалымат борбору тарабынан уюштурулду. БУУ: Талибан Ооганстандын 50-70%ын көзөмөлдөйт Конференциянын максаты – Афганистандагы саясый кырдаалдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жаралган тобокелчиликтерге, чакырыктарга, коопсуздукка келтирилген…

Прочитайте больше

COVID-19: АКШда 1.5 миллиондон ашык адам жыт сезүүсүн биротоло жоготту

COVID-19: АКШда 1.5 миллиондон ашык адам жыт сезүүсүн биротоло жоготту

Америкада жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы COVID-19дан кийин 1,6 миллионго жакын адам аносмиядан жапа чеккенин көрсөттү. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Пандемия башталгандан бери АКШда болжол менен 48,5 миллион адам коронавирус жуктурган. Изилдөөлөргө ылайык, илдетке чалдыккандардын 1,6 миллионго жакынында аносмия кеминде алты айга созулган. Адистер жыт сезүү алты айдын ичинде калыбына келбесе, анда адам бул сезимден биротоло айрылышы мүмкүн экенин, бир нече жыл бою жыт сезбей калгандардын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү азыраак…

Прочитайте больше

«Талибан» аялдар катышкан сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салды

«Талибан» аялдар катышкан сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салды

Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү өлкөдө аялдар катышкан телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салышты. Бул тууралуу өлкөнүн Ислам багыты министрлиги билдирди. Эми бардык телекөрсөтүү ЖМКлары эфирге чыгарып жаткан программалары шарияттын мыйзамдарына жана моралдык нормаларга дал келип жатканын карап турушу керек. Көңүл ачуучу программалар динди мазактабашы керек, ал эми кадрда иштеген аялдар сөзсүз башына жоолук салынышы керек. “Аялдар катышкан телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салынат. Эркектер менен аялдар жарым жылаңач болуп тартылган тасма, клиптерди көрсөтүүгө да тыюу салынат”, –…

Прочитайте больше

Орусияда мигранттар баңгизатка көз каранды эмес экенин ырастаган маалымкаттарды берүүгө милдеттендирилет

Орусияда мигранттар баңгизатка көз каранды эмес экенин ырастаган маалымкаттарды берүүгө милдеттендирилет

Орусияга 90 күндөн ашык мөөнөткө барган эмгек мигранттары менен чет өлкөлүк жарандар 29-декабрдан тартып баңгизатка көз каранды эмес экенин жана ВИЧ-инфекциясы жоктугун ырастаган медициналык маалымкаттарды көрсөтүүгө милдеттүү болушат. Тиешелүү буйруктун долбоорун Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) даярдаган. Ал быйыл 29-декабрда күчүнө кирет. Буйрукка ылайык, медициналык документтер буга чейинки маалымкаттардын мөөнөтү аяктагандан кийинки 30 күндүн ичинде берилиши керек. Документтерди ИИМдин миграциялык бөлүмдөрүнө, ошондой эле ишкана же ыйгарым укуктуу уюмдарга кагаз түрүндө же электрондук түрдө берсе болот….

Прочитайте больше

Өзбекстанда 26 миңден ашуун адам вакцинадан баш тартканы үчүн жумуштан четтетилди

Өзбекстанда 26 миңден ашуун адам вакцинадан баш тартканы үчүн жумуштан четтетилди

Республикада мыйзамдарды аткаруудан баш тарткандарга катуу чаралар көрүлүүдө. Өзбекстанда коронавируска каршы милдеттүү эмдөөдөн баш тарткан жарандарга айып пул салынып, жумуштан четтетиле баштады. Бул туурасында Республиканын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын (СЭС) Telegram-каналындагы билдирүүдө айтылат. “Эмдөө талаптарын сактабаганы үчүн 26 миңден ашык адам жумушунан четтетилип, 2 миңден ашуун иш берүүчүгө айып салынып, 175 мекеме убактылуу жабылды”, — деп белгиледи уюм. Жалпысынан 50 миң адам милдеттүү эмдөө талабын аткарган эмес. Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты…

Прочитайте больше
1 18 19 20 21 22 47