Филиппинде “Рай” тайфунунан каза болгондордун саны 208ге жетти

Филиппинде “Рай” тайфунунан каза болгондордун саны 208ге жетти

Филиппинде “Рай” тайфунунун кесепетинен курман болгондордун саны 208 адамга жетти. Бул тууралуу “Интерфакс” жергиликтүү маалымат каражаттарына таянуу менен билдирди. Эпицентри Себу жана Бохол аралдарында болгон кырсыктан кеминде 208 киши каза болгон. Арасында жаш балдар да бар жана дагы 52 адамдын дайыны билинбей жатат. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиги азырынча тайфундан келтирилген зыянды так эсептей албаганын билдирди. Кырсык болгон жерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, инфраструктура бузулган. Филиппиндин өкмөтү 19-декабрда жапа чеккен аймактардагы элге суу, тамак-аш,…

Прочитайте больше

Палестиналык аялдардын каршылык көрсөткөнү үчүн катуу сабалышы жана камалышы

Палестиналык аялдардын каршылык көрсөткөнү үчүн катуу сабалышы жана камалышы

Сионисттик согушкерлер Эбрахими мечитинин жанында каршылык көрсөтүү операциясын жүргүздү деген палестиналык аялды катуу сабап, камакка алышты. Fars агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, израилдик күчтөр Хеброн шаарындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанынан каршылык көрсөтүү операциясын жүргүзгөн деген шек менен палестиналык аялды камакка алды. Safa маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик согушкерлер палестиналык аялды камакка алардан мурда Эбрахими мечитинин жанында катуу сабашкан. Бир тараптан сионисттик «Израиль Аль-Юм» гезити бул аял шаардын бир тургунуна бычак менен кол салып, ага жеңил…

Прочитайте больше

Африкада белгисиз оору 100дөй адамдын өмүрүн алды

Африкада белгисиз оору 100дөй адамдын өмүрүн алды

Түштүк Судандын Фангак шаарында белгисиз оору катталып, 100гө жакын адамдын өмүрүн алды. Белгисиз оорудан массалык өлүм катталгандыктан, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аймакка ыкчам тобун жөнөткөн. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты. Маалыматка ылайык, бир апта ичинде Фангак округунда 89 адам каза болгон. Учурда аталган уюмдун эксперттери жаңы оорунун эмнеден келип чыкканын иликтей башташты. Буга чейин бул аймакта катуу сел жүргөн. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмгө холера себеп болушу мүмкүн деп божомолдоодо. “Биз тобокелдиктерге баа берүү…

Прочитайте больше

“Дельта” жана “Омикрон” штаммдары бир эле учурда жугушу мүмкүн

“Дельта” жана “Омикрон” штаммдары бир эле учурда жугушу мүмкүн

Коронавирустун эки штаммы – “Дельта” жана “Омикрон” бир убакта жугуп калуусу мүмкүн. Бул тууралуу америкалык фармацевтикалык Moderna компаниясынын башкы дарыгери Пол Бёртон билдирдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Бул вирустун андан аркы эволюциясы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү айтылууда. “Жакынкы айларда бул эки штамм жанаша жашайт. Омикрон Дельта менен болгон өтө оор кырдаалдын фонунда адамдарга жуга баштайт. Бул адамдарда эки вариантты бир убакта жуктуруп алууга алып келиши мүмкүн. Бул вирустардын андан ары өнүгүшүнө жана мутацияланышына мүмкүндүк берет”, – деди…

Прочитайте больше

Билл Гейтс: Пандемиянын курч фазасы 2022-жылы аяктайт

Билл Гейтс: Пандемиянын курч фазасы 2022-жылы аяктайт

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс COVID-19 пандемиясынын курч фазасы келерки жылдын башында аякташы мүмкүн экенин айтты. Анын пикирине караганда, коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болушуна жана эмдөөнүн жетишсиз көрсөткүчтөрүнө карабастан илдет келерки жылы кыйла басаңдайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Ошол эле учурда Билл Гейтс “дельтанын” мындай жугуштуу варианты “Омикрондун” пайда болушун, ошондой эле элди эмдөө жана бет кап тагынуу үчүн мынчалык узак убакытка көндүрүү керектигин күтпөгөнүн моюнуна алган. “Бирок аягы алыс эмес деп үмүттөнөм. Дагы…

Прочитайте больше

АКШда бороон ондогон адамдардын өмүрүн алды (Видео)

АКШда бороон ондогон адамдардын өмүрүн алды (Видео)

АКШнын Кентукки штатында торнадо жана бороон-чапкындардан улам ондогон адамдар каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Штаттын губернатору Энди Бешир бороондон кеминде 80 адам каза болгонун билдирди. Ал CNN телеканалына берген маегинде бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болгонун айтып, “Мен алган отчеттор боюнча, биз Кентуккинин 80ден ашуун тургунун жоготконубузду билем”, – деди. Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик шаары Мейфилд жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын…

Прочитайте больше

«Омикрон» вирусунун аныкталышы кыйын болгон мутациясы пайда болду

«Омикрон» вирусунун аныкталышы кыйын болгон мутациясы пайда болду

Тез эле дүйнөнүн бир нече мамлекетине тарап, коомчулукту тынчсыздандырган «омикрон» вирусунун мутациясы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. «Омикрондун» мутациясы учурда Түштүк Африкада, Австралияда жана Канадада табылган. Австралияда аталган штамдын мутациясы Түштүк Африкадан келген адамдан аныкталган. Ага BA-2 деген ат беришкен жана ал «омикрон» сыяктуу жугуштуу болушу мүмкүн экени айтылууда. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Питер Эйткендин айтымына караганда, омикрондун жаңы вариантында геномдук мутациялардын жарымына жакыны гана болгондугуна байланыштуу аны кадимки ыкмалар менен аныктоо кыйын. Бирок,…

Прочитайте больше

Өзбекстанда соода борборундагы жарылуудан 65 үй зыянга учурады

Өзбекстанда соода борборундагы жарылуудан 65 үй зыянга учурады

Денау шаарындагы Indenim соода борборундагы жарылуудан 65 үй зыянга учурады. Бул тууралуу Сурхандарыя облусунун башчысы Тура Боболов билдирди. Акимдин айтымында, жарылуунун кесепетинен алты үйдүн дубалдарынан жарака кетип, жашоого мүмкүн болбой калган. Боболов зыянга учураган үй ээлерине бийлик жардам берерин билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуу имаратта газ приборлорунун узак мөөнөткө иштешинен жана ысып кетишинен чыккан болушу ыктымал. Буга чейин Indenim соода борборунда жарылуу 7-декабрга караган түнү болгону кабарланган. Расмий маалымат боюнча эки киши өлүп, тогузу жаракат алган.

Прочитайте больше

Орусияда мигранттар канча айлык алаары белгилүү болду. Сурамжылоо

Орусияда мигранттар канча айлык алаары белгилүү болду. Сурамжылоо

Мындай жыйынтык 5 миңге жакын эмгек мигранты катышкан социологиялык изилдөөдөн кийин алынган. Бүгүнкү күндө Орусиядагы эмгек мигранттарынын орточо айлыгы дээрлик 50 миң рублга жетет.  Бул тууралуу Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди. Маалыматтар 2021-жыл ичинде чогултулган. Изилдөөгө Орусияда эмгектенген Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын 4739 жараны катышкан. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, мигранттар орто эсеп менен айына 47 100 рубль алаары белгилүү болду. Сурамжылоого катышкандар алар каалаган айлык 77 200 рубль экенин айтышкан. Коженов белгилегендей, орус тилин жакшы билген…

Прочитайте больше

Коронавирустун омикрон штаммынын негизги белгилери айтылды

Коронавирустун омикрон штаммынын негизги белгилери айтылды

Габричевский Роспотребнадзор атындагы Москванын эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директорунун клиникалык иштер боюнча орун басары, медицина илимдеринин доктору Татьяна Руженцова РИА Новостиге берген маегинде коронавирустун омикрон штаммынын негизги белгилерин атады. Анын айтымында, жаңы штамдын белгилерине катуу алсыздык, ысытма, баш оору, жөтөл жана табиттин жоголушу кирет. “Азыркы учурда, оорунун жүрүшүн талдоо боюнча, биз биринчи кезекте бейтаптардын көпчүлүгүнөн катуу алсыздык же чарчоону, дене температурасынын 38 градуска чейин жана андан жогору көтөрүлүшүн, баш оору, табиттин төмөндөшү жана жөтөлдү байкадык”, –…

Прочитайте больше

Коронавирус пандемиясы дагы канча жылга созулат? Окумуштуулардын божомолу

Коронавирус пандемиясы дагы канча жылга созулат? Окумуштуулардын божомолу

Британиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий-кеңеш тобунун (SAGE) окумуштуулары, адистери коронавирус пандемиясы канчага чейин созуларын божомолдошту. Алардын пикиринде, COVID-19 кеминде 2026-жылга чейин коркунуч жаратат. Алардын бул боюнча билдирүүсү уюмдун расмий сайтында жарыяланды. “SARS-CoV-2 саламаттыкты сактоо системасына мурдагыдай эле коркунуч жаратып, эмдөө менен маалыматтарга кеминде беш жыл ичинде тыкыр көз салууну талап кылат”, – деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда, адистер эгер эмдөө, эпидемиологиялык көзөмөл жана инфекциянын жайылышын глобалдык ооздуктоо боюнча иш-чаралар жетиштүү натыйжалуу болбосо, оору андан…

Прочитайте больше

Өзбекстанда соода борборунда катуу жарылуу болду (видео)

Өзбекстанда соода борборунда катуу жарылуу болду (видео)

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Денау шаарындагы “Инденим” соода борборунда 7-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 3:57де катуу жарылуу болуп, андан соң өрт чыкты. Окуядан бир киши каза таап, 9 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жарылуудан улам соода борборунун дубалдары урап түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар барышкан. Өрт саат 04:25те өчүрүлгөн. Жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат.

Прочитайте больше

Дүйнөдө бомбаланган жалгыз футбол матчынын окуясы!

Дүйнөдө бомбаланган жалгыз футбол матчынын окуясы!

Дүйнөдөгү жалгыз футбол матчында абадан кол салуу болуп, он беш оюнчу, көрүүчүлөр жана калыстар шейит болгон окуя. “Тасним” агенттигинин маалыматына ылайык, мындан 35 жыл мурда Саддам Хусейндин согушкерлери Ирандын “Чавар” Иламдагы футбол талаасына кол салган. Бирок бул окуя тууралуу көбү билбей калган.Бул тууралуу Иран ислам Руспубликасынын Руханий лидери мындай деди: Бул кичинекей окуя эмес, бул чоң окуя; Мындай окуялардын дүйнөлүк масштабда таанылышы, айтылышы, кайталанышы ылайыктуу. Бул биздин спорттук шейиттерибиздин зулумунун билдирүүсү. Белгилей кетсек, 1986-жылы күндөрдүн…

Прочитайте больше

Түркияда Эрдоган катышкан митингде терракт ооздукталды

Түркияда Эрдоган катышкан митингде терракт ооздукталды

Түркиянын коопсуздук күчтөрү президент Режеп Тайып Эрдогандын катышуусундагы митингде терракттын алдын алганы белгилүү болду. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы маалымдады. Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башысынын орун басары Хамза Дагдын айтымында, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери тинтүү учурунда унаалардын биринен жардыруучу затты табышып, зыянсыздандырышкан. Бул мамлекет башчынын эл алдына чыгар алдында болгон. “Жардыруучу зат Мардинде иштеген полиция кызматкеринин унаасынын астына коюлган, аны Эрдоган Сиирт шаарына митингге келгенде жардыруу пландалган. Алар митингди үзгүлтүккө учуратууну пландаштырышкан. Тынч чөйрөнү бузууга аракет кылып жаткандар бар”,…

Прочитайте больше

Сауд коалициясынын Таиз провинциясына жасаган аба соккусунан 16 Йемен жараны набыт болду

Сауд коалициясынын Таиз провинциясына жасаган аба соккусунан 16 Йемен жараны набыт болду

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд коалициясынын Таиз провинциясындагы шаарга жасаган кандуу аба соккусунда Йемендин 16 жараны набыт болду.  Сауд коалициясынын согушкерлери жума күнү кечинде Таиз провинциясынын Макбана шаарында бир катар жайкын тургундарды бутага алып, кеминде 16 йемендик жаранды, анын ичинде бир нече балдарды өлтүрүштү. “Аль-Масиранын” маалыматына караганда, саудиялык согушкерлер аймактын үстүнөн учуп жүргөндүктөн, куткаруучулардын урандыларды чыгаруу жана каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу үчүн аймакка жетүүсү мүмкүн эмес.

Прочитайте больше
1 17 18 19 20 21 47