НАСА биринчи жолу башка планетадан ракета учурат

НАСА биринчи жолу башка планетадан ракета учурат

НАСА америкалык учак чыгаруучу Lockheed Martin корпорациясы менен Марстан Жерге жеткирүүгө жардам бере турган Mars Ascent Vehicle ракетасын иштеп чыгуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу НАСАнын басма сөз кызматына шилтеме берип UNN агенттиги жазды. Космостук аппаратты учуруу 2026-жылга пландалып, долбоордун баасы 194 миллион долларга бааланган. Маалыматта НАСА мындай кадам менен Марста жашоо барбы деген суроого жооп табары айтылат. Белгилей кетсек, Mars Ascent Vehicle башка планетадан учурулган биринчи ракета болот.

Прочитайте больше

Коронавирус боюнча расмий катталгандардын саны 200 миңден ашты

Коронавирус боюнча расмий катталгандардын саны 200 миңден ашты

Кыргызстанда акыркы 24 сааттын ичинде 46 адамдан коронавирус аныкталып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери илдетти жуктургандардын расмий катталган жалпы саны 200 миң 66га жетти. Ал эми жалпы 2930 адам каза тапты. Акыркы суткада 236 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 192 миң 971 киши болду. Учурда илдеттен стационарларда 485 бейтап, үй шартында 2119 адам дарыланууда. Белгилей кетсек, январь айынын башында Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү…

Прочитайте больше

Украиналык олигархтар чартердик каттамдар менен массалык түрдө өлкөдөн чыгып кетишүүдө

Украиналык олигархтар чартердик каттамдар менен массалык түрдө өлкөдөн чыгып кетишүүдө

Украиналык бизнесмендер жана олигархтар чартердик каттамдар жана жеке учактар менен өлкөдөн кете башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка караганда, 13-февралда эле Украинадан 20га жакын каттам жасалган. «Украинская правда» жазган маалыматта өлкөдөн чыгып кеткендердин арасында оппозициялык платформа – “Өмүр үчүн” партиясынын депутаты, миллионер Игорь Абрамович дагы бар экени, ал 50 кишилик учакты жалдап чыгып кеткени айтылат. Бул учакта партия мүчөлөрүнүн жакындары, ошондой эле Абрамовичтин бизнес өнөктөштөрү дагы бар жана учак Киевден Венага учуп кеткен. Басылманын маалыматына…

Прочитайте больше

Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

2022-жылдын май айында Бишкек шаарында алгач ирет Евразия экономикалык форуму өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) министри Сергей Глазьев 12-февралда форумдун уюштурууну талкуулады. Бул “Азаттык” өкмөттүн басма сөз кызматына таянуу менен билдирди. Кожошев форумдун күн тартибине киргизүү боюнча Кыргызстандын сунуштарын айтты. Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастады. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, иш-чарага Кытай, Иран, Индия, Түркия, Сербия, Түштүк-Чыгыш Азия…

Прочитайте больше

Түркмөнстандагы президенттик шайлоого өлкө башчысынын уулу талапкерлигин койду

Түркмөнстандагы президенттик шайлоого өлкө башчысынын уулу талапкерлигин койду

Түркмөнстанда президенттик шайлоого Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты. Мындай чечим Түркмөнстандын демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынган. Өлкөнүн учурдагы башчысы Гурбангулы Бердымухамедов аталган партиянын сунушу менен үч жолу өлкө президенти болуп шайланган. Маалыматка ылайык, Бердымухамедов 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында “жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин” билдирип, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин айткан. Андан кийин эле, 12-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн билдирип, аны 12-мартка белгилегени маалымдалды. Өлкө…

Прочитайте больше

С. Жапаров Ирандын Президенти Э. Раисини Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгы менен куттуктады

С. Жапаров Ирандын Президенти Э. Раисини Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. Кыргызстандын мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Иран элин жана Сизди Ислам революциясынын жеңишинин 43-жылдыгы менен куттуктайм! Кыргыз Республикасы  Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделип, өнүгө берет деп терең ишенем. Кыргызстан Иран менен…

Прочитайте больше

Сегиз жолу вакцина алган Жириновский коронавирус менен оор абалда ооруканада жатат

Сегиз жолу вакцина алган Жириновский коронавирус менен оор абалда ооруканада жатат

Орусиянын “ЛДПР” фракциясынын лидери Владимир Жириновскийден COVID-19 аныкталып, Борбордук клиникалык ооруканага жаткырылды. Мындай маалыматты “Интерфакс” жазды. “Владимир Вольфович азыр коронавирус менен Борбордук клиникалык ооруканада жатат”, — деп айтылат маалыматта. Агенттиктин маалыматчысынын айтымында, анын өпкөсүнүн олуттуу пайызы жабыркаган. Мамлекеттик Думадагы партия лидеринин орун басары Василий Власов Жириновскийдин ден соолугу тууралуу суроого жооп берип жатып, саясатчы өзүн канааттандырарлык сезип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, Жириновский көптөн бери ар кандай, анын ичинде коомдук иш-чараларга катышпай калганы айтылат. Ошондой эле, ал ЛДПР фракциясынын онлайн…

Прочитайте больше

«Талибан» миңдеген аскерлерин Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт

«Талибан» миңдеген аскерлерин Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт

“Талибан” кыймылы миңдеген аскерлерин жана техникасын Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт. Бул тууралуу талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстан куралуу күчтөрүнүн штабынын башчысы Фасихуддин Фитрат билдирди. “Талибандын” расмий өкүлү АКШнын системалары жана НАТОнун жаңы технологиялары менен куралданган 10 миңдей аскерден турган армия Ооганстандын түндүк-чыгышында кандай гана куралдуу аракеттер болбосун чара көрөрүн айтты. Фитрат чукул арада “бул кубаттуу күчтү” колдой турган согуштук учактар даяр болорун кошумчалады. Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясы Өзбекстан, ал эми Кундуз, Тохар жана Бадахшан провинциялары…

Прочитайте больше

Бишкектеги Иран элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленди (фото)

Бишкектеги Иран элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленди (фото)

11-февралда Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы салтанатуу белгиленди. Бул дата Иран менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына туш келди. Иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн дипломаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жогорку окуу жайлардын ректорлору, журналисттер катышты.

Прочитайте больше

Мадагаскарда «Батсирай» циклону 100дөн ашык адамдын өмүрүн алды

Мадагаскарда «Батсирай» циклону 100дөн ашык адамдын өмүрүн алды

Мадагаскарда “Батсирай” циклонунан каза болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Madagascar Tribune басылмасына шилтеме берүү менен жазышты. Маалыматта табият кырсыгынан кеминде 101 адам каза болгону айтылууда.Катуу шамал жана жер көчкүдөн улам үйлөр урап, көпчүлүк адамдар урандылардын астында калып, каза болушкан. Жамгыр жана ылдамдыгы 165 км/саатка жеткен шамал менен коштолгон “Батсирай” циклонунун кесепетинен өлкөдө сел жүрүп, имараттар урап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Эң көп жабыркаган шаарлардын бири Носи Варика болду, ал жерде имараттардын дээрлик…

Прочитайте больше

Иран 1450 чакырым аралыкка жете турган жаңы баллистикалык ракетасын көрсөттү

Иран 1450 чакырым аралыкка жете турган жаңы баллистикалык ракетасын көрсөттү

Иран АКШнын аймактагы базаларына, Израилдин ичиндеги буталарына да жете ала турган жаңы ракетасын көрсөттү. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазышты.Ракетаны көрсөтүү аземи өлкөнүн сакчылар корпусунун ракеталык базаларынын биринде өтүп, анын ачылыш аземине Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн штабынын башчысы Мухаммад Багери жана аба күчтөрүнүн командачысы Амир Али Хажизаде катышты. “Хайбар Шекан” деп аталган бул ракета катуу отун менен иштейт жана 1450 чакырым аралыкка жетет.Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, ракета толугу менен ата мекендик компоненттерден жасалган жана ракетадан коргонуу системаларына сокку урууга жөндөмдүү.Белгилей кетсек,…

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 403 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 403 миллиондон ашты

Бүгүн, 10-февралга карата дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 403 миллиондон ашты. Бул тууралуу Worldometers сайтына шилтеме берип “УНН” агенттиги жазды. Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча COVID-19 инфекциясын 403 659 007 адам жуктурса, анын ичинен 323 713 663 адам айыгып чыкты. Курман болгондордун саны 5 795 887ге жетти. Ооругандардын саны боюнча тизмеде сап башында АКШ (78 824 393), Индия (42 476 122), Бразилия (26 960 153), Франция (21 039 639), Улуу Британия (18 000 119), Россия (13…

Прочитайте больше

Бишкекте Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды (фото)

Бишкекте Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды (фото)

10-февралда Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде “Иран: кечээ жана бүгүн. Ислам революциясынын жетишкендиктери” аттуу фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду. Бул иш чара Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү тарабынан Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына карата уюштурулду. Фотокөргөзмөнүн ачылышына Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, аталган элчиликтин алдындагы Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми баш болгон дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, Кыргызстандагы ирандык мекеме, уюмдардын кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары менен студенттери жана…

Прочитайте больше

Орусия кыргыз-тажик чек арасын тактоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

Орусия кыргыз-тажик чек арасын тактоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

Москва Кыргызстан жана Тажикстан менен чек араларды тактоо боюнча бай тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого шилтеме кылып кабарлады. Ал мисалы катары Орусия менен Казакстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо тажрыйбасын атады. “Такталбаган чек аралар дагы башка коркунучтарды жаратат – мүчөлөрү калктын жакыр катмарын өз катарына азгырып жаткан радикал-экстремисттик топтор баш көтөрүшү мүмкүн”, – деди Руденко. Күн мурун Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Москва Бишкек менен Душанбеге чек араларды делимитация жана…

Прочитайте больше

Революциянын лидери 3388 соттолгонго мунапыс берет

Революциянын лидери 3388 соттолгонго мунапыс берет

Аятолла Хаменеи Ирандагы 3388 соттолгонго мунапыс жарыяланышына макул. Революциянын жецишинин 43 жылдыгына карата революциянын жогорку жолбашчысы, Генералдык жана Революциялык соттордун, Куралдуу Күчтөрдүн Сот Уюмунун 3388 соттолгондун жазасын жана өкмөттүн санкцияларын кечирүүгө жана жеңилдетүүгө макулдук берди.

Прочитайте больше
1 46 47 48 49 50 133