Кадыр түн кантип тосулат?

Кадыр түн кантип тосулат?

Кадыр түн бул – Ыйык Рамазан айы ичиндеги касиеттүү түн. Кыргызстанда быйылкы Кадыр түн 8нен 9-майга караган түнү белгиленет. Кээ бир аалымдар Мавлид түнүнөн кийин эң кадырлуу түн деп эсептешет. Кадыр түн мусулмандар үммөтүнө тийиштүү. Башка диндегилерге мындай берекелүү түн берилген эмес. Хадисте: “Кадыр түнү сеники жана үммөтүңдүкү”, – деп Аллах Таала пайгамбарына айтты. (И.Малик) Кадыр түнү Кудайга ибадат кылуу менен өткөрүү башка күндөрдөн жана түндөрдөн да сообу артыгыраак, Куран Карим: “Кадыр түнү миң айдан…

Прочитайте больше

Мусулмандык – ынтымак дини

Мусулмандык – ынтымак дини

Кылымдар бою ишенимдери, улуттары ар түрдүү болгон калктар мусулман өлкөлөрүндө эч кандай кысым көрбөй эркин өмүр сүрүшкөн. Жада калса, өзгө өлкөлөрдө кысым көргөн башка ишенимдегилер мусулмандардан башпаанек издеп келген учурлар көп болгон. Анткени, мусулман маданиятында конокжандуулук, башпаанек сурап келгендерге камкор болуу, аны душмандардан коргоо, конокко кызмат кылуу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен колуна курал алып, кезек менен түнү бою үйдүн тегерегин күзөтүп, коногун коргогондор көп болгон. 8 кылымдай мусулмандардын бийлигинде болгон Андалусия эли христиандар тарабынан басып…

Прочитайте больше

Фитр садакасы

Фитр садакасы

Суроо: Фитр садакасынын мааниси кандай? Кимдер фитр берүүсү керек? ЖООП Керектелип жаткан буюмдан жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы болгон мусулмандын фитр берүүсү важиб болот. Нисабга ээ эмес болсо фитр берүү важиб болбойт, бирок, берсе жакшы болот. Хадиси шарифте айтылган: “Фитр садака байларыңарга тазкийа. (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.) Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд] “Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садака берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс] “Фитр садака орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон…

Прочитайте больше

Кимдердин дубасы макбул

Кимдердин дубасы макбул

Суроо: Кайсы кишилердин дубалары макбул (б.а., дубасы кабыл болгон кишилер кимдер)? ЖООП Ажылардын, мужахиддердин, дарттуулардын, оорулуудардын, карыптардын, зулум көрүп жаткандардын, жолчулардын, эне-атанын, балээ келүүдөн мурда дуба кылгандын, көп зикир кылгандын, мусулмандыкта чачтарын агарткандын, орозолуунун, салих аалымдын жана адилеттүү башкаруучунун дубалары кабыл болот. Хадиси шарифтерде мындай делүүдө: «Ушул төрт дуба кайтарылбайт: Дин боордошу жок кезде анын артынан кылынган дуба. Сакайганга чейин оорулуунун, кайтканга чейин ажылыкка жана жихадга кеткендин дубасы.» [Дайлами] «Дарттуунун дубасын олжо деп билгиле.» [Абушшейх] «Орозолуунун дубасы кайтарылбайт.» [Тирмизи]…

Прочитайте больше

Орозо кафараты

Орозо кафараты

Суроо: Рамазан күнү орозону бузуп, кафарат талап кылган жагдайлар кайсылар? ЖООП Булар: 1- Билип туруп жеп-ичүү. 2- Жыныстык катнашта болуу. 3 – Рамазанда каза талап кылчу бир нерсе кылып орозосу бузулган адамдын ошол эле Рамазандын башка күнү ушул нерсени “баары бир кафарат талап кылбайт деп» атайылап кайрадан кылса. 4- Тамеки тартуу. 5- Гыйбат, сүрмө сүртүү жана кан алдыруу сыяктуу орозону бузбай тургандыгы жакшы билинген нерседен кийин орозом бузулду деп ойлоп жеп-ичүү. Суроо: Орозонун кафараты барбы? ЖООП Албетте, бар. Түндөн ниет кылган орозосун атайылап бузууга кафарат керек экендиги…

Прочитайте больше

Курани каримди окуу

Курани каримди окуу

Мусулмандар өздөрүнүн ыйык китеби Курани каримди түп нуска түрүндө Аллаху тааладан сооп үмүт кылып окушат. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) бир хадисинде: “Үммөтүмдүн кылган ибадаттарынын эң жакшысы – Курани каримди мусхафка (китепке) карап окуу”,– деген. Хазрети Али айтат: “Намазда окулган Курандын ар бир тамгасы үчүн жүз сооп жазылат. Намаздын сыртында даарат менен окулса, ар бир тамгасы үчүн 25 сооп, дааратсыз (жаттагандарын) окуса он сооп жазылат. (Бирок, Курани каримди дааратсыз кармоого болбойт). Жүрүп бара жатып же иштеп жатып окула турган…

Прочитайте больше

Орозодо ооз ачыруу канчалык сооптуу?

Орозодо ооз ачыруу канчалык сооптуу?

Орозо кишиге “ифтар” берүү (ооз ачыруу) чоң сооп болот, жада калса жолдо бараткан бир орозолуу адамга бир нан же бир хурма берилсе дагы ифтар берүү сообуна ээ болот. 20-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Бир адам бул айда (Ыйык Рамазан) бир орозолууга ифтар берсе күнөөлөрү кечирилет. Ошол орозолуунун сообунчалык ага да сооп берилет”, – деп айтканда сахабалардын кээ бирлери бир орозолууга ифтар жедире ала тургудай бай эмес экендиктерин айтышат. Пайгамабарыбыз (с.а.в) аларга берген жообунда: “Бир хурма…

Прочитайте больше

Тамактануу адеби

Тамактануу адеби

Суроо: Тамактануу адеби тууралуу маалымат бересизби? Жооп Пункттар менен билдирели: Тамак жеп баштарда ниет: Тамакты баштарда Аллаху таалага ибадат кылуу, Анын кулдарына пайдалуу болуу, динибизди, түбөлүк бактылуулукту жана тынчтыктын жолун адамдарга жеткизүү үчүн кубат алууга ниет кылуу зарыл. Жеп-ичүүнүн фарздары: 1 – Жегенде тоюуну, ичкенде канууну Аллаху тааладан деп билүү. 2 – Халалдан жеп-ичүү. 3 – Ал тамактан алынган кубат бүткөнгө чейин Аллаху таалага кулдук кылуу. 4 – Колдо барга канаат кылуу. Сүннөттөрү: 1 – Тамактанардын алдында Бисмиллахты…

Прочитайте больше

“Шаъбан” насааты “Рамазан” айынын терең маанисин баяндайт

“Шаъбан” насааты “Рамазан” айынын терең маанисин баяндайт

Эл аралык “аль-Мустафа” Университетинин Борбор Азиядагы өкүлү Рамазан айы – мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана дуба-тилектин айы экенин белгиледи. Шаъбан айынын акыркы жума күнү Ислам Пайгамбары (САВ) намаздан кийин хутба окуп, Рамазан айы боюнча насаатын айтты. Бул насааттар Рамазан айынын терең маанисин түшүнгүсү келген ар бир мусулман үчүн чоң сабак болот, анткени Рамазан айы чындыгында баяндалышы керек,-деди “аль-Мустафа” Университетинин Борбор Азиядагы өкүлү Хожжат-ул-Ислам Тахмасб Хатами. Аль-Мустафа (САВ) Университетинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Рамазан айына карата даярдалган лекциялардын…

Прочитайте больше

Ооз ачарда

Ооз ачарда

Суроо: Орозону эмне менен ачуу керек? Жооп Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт. Булар жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси: “Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал – береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал – тазалоочу.” [И. Маже] Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер төмөндөгүдөй: “Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы бышкан хурма менен…

Прочитайте больше

Рамазан айы жакындаганда

Рамазан айы жакындаганда

Башталышына бир жумадай кыска убакыт калган Рамазан айын урматтоого тийишпиз. Урматтоо үчүн Аллаху тааланын буйруктарын орундап, тыюуларынан сактанууга тийишпиз. Орозо кармап, ушак айткан, жалган сүйлөгөн, адамдарды таарынткан, арамдардан сактанбаган адам Рамазан айын урматтабаган болуп саналат. Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулат: “Абайлагыла. Рамазан айындагы сооп менен күнөөлөр эсе-эсе жазылат. Рамазанда көп намаз окугула. Көп Курани окугула. Анткени, Рамазанда окулган Курани Каримдин ар бир тамгасы үчүн Аллаху таала Бейиш бакчаларынан бир бакча берет.” “Рамазанды урматтоо керек. Анын…

Прочитайте больше

Уурдалган сөз – “Аллаху акбар!”

Уурдалган сөз – “Аллаху акбар!”

Динден анча түшүнүгү болбогон адамдар “Аллаху акбар” деген сөздөн коркушат. Муну сиздер дос-тууган, кошунаңардан деле байкап көрсөңөр болот. Анткени исламды жамынган душмандардын айынан дүйнөдөгү көпчүлүк адамдарда “Аллаху Акбар” сөзүн зордук-зомбулук, киши өлтүрүү, курал-жарактар менен байланыштырышат. Бул жарык дүйнөгө жаңы гана келген ымыркай эң биринчиден болуп “Аллаху акбар” деген сөздү угат, мусулмандар 5 убак намазда бир нече жолу “Аллаху акбар” деп айтышат. Эмне себептен Аллахты улуктаган бул сөз зордук-зомбулуктун символуна айланды? Эмне үчүн биз өзүбүзгө таандык…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Алардын бири – Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) күйөө баласы жана тууганы, акылмандыктын мыкты үлгүсү, төртүнчү адилеттүү падыша – Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун). 1- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) жарык дүйнөгө келиши. Окумуштуулардын Алинин кайсы убакта төрөлгөнүнө карата бир нече пикирдери бар. Бир тарап, Али пайгамбарлык миссия баштала…

Прочитайте больше

8 хадис: Кошунага мамиле

8 хадис: Кошунага мамиле

Аллах Таала Ыйык Куранда пенделерин кошунасына жакшы мамиле кылууга буюрган. Кошунанын акысы, аларга болгон мамиле тууралуу ишенимдүү (сахих) хадистерде кенен баяндалат: Кошунаңызга жакшы мамиле кылыңыз 1- Ибн Умар менен Айша (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлашат: “Жабраил мага кошунага жакшы мамиле кылуу тууралуу насыяттарын токтотпогондуктан, мен аны (кошунаны) ал тургай мураскорлордун катарына кошот окшойт деп ойлогом” (Бухарий; Муслим). Оокат-ашыңызды кошунаңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз 2- Абу Заррдын…

Прочитайте больше

Улуу мусулман астроном: аль-Баттани

Улуу мусулман астроном: аль-Баттани

Аль-Баттани Абу Абдуллах (859–929 гг.) Урфа (азыркы ШанлыУрфа, Түркия ѳзүнүн кѳп кылымдык тарыхында кѳптѳгѳн цивилизациялардын бешиги болгон. VII кылымдан кийин, бул аймакта алгачкы университеттер негизделип, анда ошол мезгилдин кѳптѳгѳн окумуштуулары жана философтору билим алышкан) провинциясынын Харран аймагындагы Баттан кыштагында жарык дүйнѳгѳ келген. Анын толук аты – Мухаммад бен Джабир бен Синан ар-Ракки ал-Харрани. Илимий дүйнѳгѳ Баттани катары таанымал. Адамзаттын тарыхындагы 20 эң кѳрүнүктүү астрономдордун катарына кирет. Баттани ѳзүнүн илимий ишмердүүлүгүндѳ тѳмѳнкү принципти туу туткан:«Адам Аллахтын…

Прочитайте больше
1 7 8 9 10 11