Орусия АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарат

Орусия АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарат

Орусия Америка Кошмо Штаттарынын жаңы санкцияларына дал өзүндөй жооп кайтарат. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Чепа “Интерфакс” агенттигине билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. “Албетте, биз дагы АКШнын 10 кызматкерин өлкөдөн чыгарабыз. Биздин ички иштерибизге чыныгы кийлигишүү боюнча дооматтарыбыз бар компаниялар бар, аларга каршы ушул сыяктуу чечимдер кабыл алынат. Мындай кадам эл аралык кырдаалды жакшыртпаса да биз ага барууга аргасызбыз”, – деп билдирди Алексей Чепа бейшемби күнү агенттикке берген маегинде. 15-апрелде АКШ Орусиянын…

Прочитайте больше

Иранда мунайдын өндүрүшү болуп көрбөгөндөй өстү

Иранда мунайдын өндүрүшү болуп көрбөгөндөй өстү

Американын Wall Street Journal гезити Ирандын санкцияланган мунай өндүрүшү  Кытайдын импортунун өсүшүнүн аркасында акыркы эки жылдын ичиндеги эң жогорку деңгээлге жеткенин билдирди. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттигине шилтеме берип “Eurasia Today” агенттиги кабарлайт. Wall Street Journal гезити өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн ортосунда Ирандын чийки мунай зат экспорту көбөйгөнүн, эми Тегеран мурункуга караганда көбүрөөк мунай өндүрүп жатканын жазды. Ошондой эле Ирандын санкцияланган мунай өндүрүшү Кытайдын импортунун өсүшүнүн аркасында акыркы эки жылдын ичинде эң жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи жана бул…

Прочитайте больше

Чек ара: Кыргызстанда нааразычылыктар болууда

Чек ара: Кыргызстанда нааразычылыктар болууда

15-апрель күнү Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын 100гө жакын тургуну Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине боз үй тигип, жол тосушканын “Турмуш” агенттиги жарыялады. 16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Маалыматта айтылгандай, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин келип кетүүсүн талап кылышып, Өзбекстан тарапка жерди бербей тургандыктарын айтышкан. Социалдык тармакка тараган тасмаларда көрүнгөндөй, чек ара маселеси боюнча Бишкектен келген делегация жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Кара-Суу районунун акиминин убактылуу милдетин аткаруучу Капар Адиев, райондук мамкаттоо кызматынан өкүлдөрү…

Прочитайте больше

Баткен: Зардалыга чакан ГЭС, автожол салууга 25 млн доллар коротулат

Баткен: Зардалыга чакан ГЭС, автожол салууга 25 млн доллар коротулат

Баткен облусундагы Зардалы айылына авто жол салынып, чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу демилгени көтөрүп жаткан жеке ишкер Дүйшөн Муратов “Евразия тудей” агенттигине билдирди. Ага 25 млн. доллар керектелет. Муну ишке ашырыш үчүн ички же сырткы инвесторлордун бири тандалат. Бул тууралуу демилгени көтөрүп жаткан жеке ишкер Дүйшөн Муратов билдирди. Анын айтымында, учурда геологиялык жана гидрологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат. Ал аяктаган соң, алгач автожол салына баштайт. Зардалы айылында 100дөй түтүн жашаганы менен ушул убакка чейин электр энергиясы тургай, авто…

Прочитайте больше

Өзбекстанда “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу саммитөтөт

Өзбекстанда “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу саммитөтөт

Ферганада Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин катышуусунда  жыйын өтөт. Бул тууралуу «Fars News» агенттигинин Ташкенттеги кабарчысы билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Өзбекстандын Фергана шаарында өлкөнүн, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин чек ара облустарынын жогорку кызмат адамдары “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу жыйындын алкагында жолугушат. Фергана облусунун администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-апрелде Кыргызстандын Баткен облусунун губернатору Суваналиев Өмүрбек Исакович жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору Ражаб Бай Ахмадзаде баштаган расмий өкүлдөрдөн жана ишкерлерден турган делегациялар Фергана шаарына барышат….

Прочитайте больше

Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты. УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып жана аны камакка алуу түрүндө ага карата баш коргоо чарасы каралган. Белгилей кетсек, бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого Интернетте кеңири тараган Р. Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү…

Прочитайте больше

Эксперт: Ирандын өзөктүк объектисиндеги авария АКШ тарабынан координацияланган

Эксперт: Ирандын өзөктүк объектисиндеги авария АКШ тарабынан координацияланган

Израилдик саясий серепчи Эди Коэн Иран кемесин бутага алууну жана Натанз объектиндеги аварияны АКШ координациялаганы талашсыз деп билдирди. Бул тууралуу  “Al-Alam” каналына шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. “Иран кемесин бутага алуу жана Натанз объектисиндеги авария АКШ менен толук макулдашылып ишке ашырылгандыгына шек санабайм”, – деп билдирди Коэн. Анын айтымында, АКШ Натанз окуясын билгендиги боюнча далилдүү жана жаңы маалыматтар бар. “Кытай Иран менен келишимге кол койгону АКШга чоң сокку болду. Байдендин өкмөтү Иранга аябай капа болду, ал тургай…

Прочитайте больше

Жапаров жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды

Жапаров жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Оорукананын башкы врачы Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор абалда, 144ү оор абалда экенин маалымдады. Ал медициналык мекеменин иши, бейтаптарды дарылоо жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жөнүндө айтып берди. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, пандемиянын…

Прочитайте больше

Ооз ачарда

Ооз ачарда

Суроо: Орозону эмне менен ачуу керек? Жооп Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт. Булар жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси: “Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал – береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал – тазалоочу.” [И. Маже] Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер төмөндөгүдөй: “Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы бышкан хурма менен…

Прочитайте больше

Навальный Куранды киргизбей жатканы үчүн түрмө жетекчилигин сотко берди

Навальный Куранды киргизбей жатканы үчүн түрмө жетекчилигин сотко берди

Абактагы орус оппозиционер Алексей Навальный өзү отурган Покровдогу түзөтүү колониясынын жетекчилигине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу саясатчынын “Инстаграмдагы” баракчасына чыккан билдирүүдө айтылат. Навальный түрмө жетекчилиги Куранды алып кирүүгө уруксат бербей жатканын билдирүүдө. Саясатчынын ырасташынча, абакта мусулмандардын ыйык китебин жана пайгамбардын сүнөттөрүн окууну максат кылган, бирок ага түрмө администрациясы тоскоол болууда. “Мен бул жакка бир ай мурун келгенде толгон китеп ала келгем. Дагы көп китепке буюртма бергем. Бирок мага бир да китепти бербей жатышат. Анткени, аларды…

Прочитайте больше

Иран уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштайт

Иран уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштайт

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынында өлкөсү уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштарын билдирди. Бул тууралуу “EurasiaToday” агенттиги” ирандык басылмаларга шилтеме берип кабарлайт. Өзөктүк келишим боюнча 5 + 1 тобунун биргелешкен комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Венага барган Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Сейед Аббас Арагчи кечээ, 13-апрелде өлкөсү уранды 60 пайызга чейинки денгээлде байытууну баштаганын жар салды. Анын айтымында, Иран кечээ күнү Атомдук энергия боюнча эл аралык…

Прочитайте больше

Кыргызстанда канча киши Covid-19га каршы эмдөө алды?

Кыргызстанда канча киши Covid-19га каршы эмдөө алды?

Өлкөдө акыркы сутка ичине коронавирус менен 240 адам катталып, 2сү каза болду. Eurasia Today  агенттигинин маалыматына ылайык, кытайдын «Beijing Institute of Biological Product Co.Ltd” компаниясынан чыгарылган коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасын бүгүнкү күндө 3807  кыргызстандыктар алды.Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эмдөөнү Бишкекте 503, Ош шаарында 435, Чүй облусунда 432, Ош облусунда 1469, Ысык-Көл 217, Талас 10, Нарын 379, Жалал Абад 299 жана Баткенде 63 бейтап алган. Белгилей кетсек, “Синофарм” вакцинасы эки ирет, 25-28…

Прочитайте больше

Орозодо суусабаш үчүн эмне кылуу керек?

Орозодо суусабаш үчүн эмне кылуу керек?

Диетологдор орозону жеңил өткөрүү үчүн туура тамактануу эрежесин сунушташат. Бишкек, 14-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Биздин организм эттүү, майлуу жана таттуу азыктарды сиңирүү үчүн көп сууну талап кылат, андыктан саарлыкка мындай тамактарды жеш сунушталбайт. Диетолог Рамазан айынын башталышы жана ден-соолукка пайдалуу тамактануунун мааниси жөнүндө, орозо учурунда ичкенде тамак сиңирүү органдарына кыйынчылыктарды жаратуучу тамактарды баяндады. Ахмад Реза Дорости: “Туура тамактануу – бардык тирүү жандыктардын, анын ичинде бардык адамдардын эң биринчи жана эң керектүү муктаждыктарынын бири”,- деди. Алынган тамак-аштын түрү жана…

Прочитайте больше

Фарс тили жумалыгынын алкагында мектеп директорлору сыйланышты (фото)

Фарс тили жумалыгынын алкагында мектеп директорлору сыйланышты (фото)

Бишкек шаарында Иран Ислам Республикасынын Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өтүп жаткан “Фарс тили аптасы” деп аталган тегерек стол Ирандын элчилигинде уюштурулду. 14-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Ирандын Бишкектеги Элчилиги менен Маданий өкүлчүлүгү фарс тилин үйрөтүүдө салым кошкон жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен мектеп директорлорун жана окутуучуларды “Фарс тили аптасы” тегерек столуна жана ооз ачууга чакырып сыйлады. Тегерек столго Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укутуу Элчиси, Маданий өкүлү, Бишкек Мамлекеттик Университетинин деканы, № 1 гимназияныны директору,…

Прочитайте больше

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты

11-апрелде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ийгиликтүү өттү. 11-апрелдеги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымат сайтына жарыялады.Алдын ала маалыматтарга ылайык, саат 00.00гө карата 92,52% шайлоо участкаларынан же 2273 шайлоо участкаларынын 2262 шайлоо участкаларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар алынды.Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпы 1 024 891 шайлоочу же тактап айтканда шайлоочулардын 30,89% катышкан.Шаардык кеңештерге…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7 8