Иранда Covid-19га каршы массалык эмдөө башталды

Иранда Covid-19га каршы массалык эмдөө башталды

Иранда коронавирустук кырдаал күчөгөндөн улам, алгачкы массалык эмдөө 1 млн. доза менен башталды. Eurasia Today агенттиги ирандык ЖМКаларга шилтеме берип билдиргендей, Ирандын Саламаттыкты сактоо министри 20-апрелден баштап өлкөдө бир миллион адам коронавируска каршы вакцинасын алаарын жарыялады. Белгилей кетсек, Ирандын Саламаттыкты сактоо министри Саид Намаки бул тууралуу Хельсинкидеги Саясий кеңештин Европа өлкөлөрүнүн, Перс булуңунун, Чыгыш Жер Ортолук деңизинин жана Түндүк Африканын Ковид 19 пандемия аймагындагы кызматташтыгын чыңдоого арналган жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында билдирди. Ал, өз өлкөсү коронавирус менен күрөшүүгө…

Прочитайте больше

Орозодо ооз ачыруу канчалык сооптуу?

Орозодо ооз ачыруу канчалык сооптуу?

Орозо кишиге “ифтар” берүү (ооз ачыруу) чоң сооп болот, жада калса жолдо бараткан бир орозолуу адамга бир нан же бир хурма берилсе дагы ифтар берүү сообуна ээ болот. 20-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Бир адам бул айда (Ыйык Рамазан) бир орозолууга ифтар берсе күнөөлөрү кечирилет. Ошол орозолуунун сообунчалык ага да сооп берилет”, – деп айтканда сахабалардын кээ бирлери бир орозолууга ифтар жедире ала тургудай бай эмес экендиктерин айтышат. Пайгамабарыбыз (с.а.в) аларга берген жообунда: “Бир хурма…

Прочитайте больше

Тамактануу адеби

Тамактануу адеби

Суроо: Тамактануу адеби тууралуу маалымат бересизби? Жооп Пункттар менен билдирели: Тамак жеп баштарда ниет: Тамакты баштарда Аллаху таалага ибадат кылуу, Анын кулдарына пайдалуу болуу, динибизди, түбөлүк бактылуулукту жана тынчтыктын жолун адамдарга жеткизүү үчүн кубат алууга ниет кылуу зарыл. Жеп-ичүүнүн фарздары: 1 – Жегенде тоюуну, ичкенде канууну Аллаху тааладан деп билүү. 2 – Халалдан жеп-ичүү. 3 – Ал тамактан алынган кубат бүткөнгө чейин Аллаху таалага кулдук кылуу. 4 – Колдо барга канаат кылуу. Сүннөттөрү: 1 – Тамактанардын алдында Бисмиллахты…

Прочитайте больше

Ач карынга эмнелерди жегенге болбойт?

Ач карынга эмнелерди жегенге болбойт?

Диетологдор ач карынга жегенге өтө кооптуу болгон тамактарды тизмектешти. Эртең менен суу ичүү адаты пайдалуу экени белгилүү, бирок, адистердин айтымында, муздак суу ичүүгө болбойт. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Ашказан оорусу менен жабыркагандарга жана жүрөк-кан тамыр системасында көйгөйү барларга ач карын муздак суу ичүү сунушталбайт. Ал эми дайыма 65 градустан жогору температурада суу ичүү кызыл өңгөчтүн былжыр челине зыян келтирет жана кызыл өңгөчтүн бир нече жолу күйүшү аномалдуу клеткалардын пайда болушуна…

Прочитайте больше

Сирияда президенттик шайлоо өтөт

Сирияда президенттик шайлоо өтөт

Сирияда президенттик шайлоо 26-майда өтөт. Eurasia Today агенттигинин маалыматына ылайык, 26-майда өтө турган Сирия президенттигине талапкерлерди көрсөтүү 19-апрелде башталмакчы. Тийиштүү чечим Араб Республикасынын Элдик Кеңеши (Парламент) тарабынан кабыл алынды. Берилген маалыматтарга караштуу, Сириядагы жарандар үчүн президенттик шайлоо 26-май, шаршемби күнү өтсө, Сириянын чегинен тышкары жүргөн сириялык жарандар үчүн шайлоо дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагында 20-майда өтөт. Ал эми талапкерлерди каттоо дүйшөмбү күнү, 19-апрелде башталат жана он күнгө созулат – деп айтылат парламенттин отурумунда жарыяланган чечимде. Эске салсак, буга…

Прочитайте больше

Орусияда Кыргызстандын 115 миң жараны мыйзамсыз түрдө жашашат

Орусияда Кыргызстандын 115 миң жараны мыйзамсыз түрдө жашашат

Орусия КМШ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз мигранттарын алып келүүнү талап кылды. Орусиянын Ички иштер министрлиги КМШ мамлекеттеринен өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жарандарынын 15-июнга чейин чыгып кетишин талап кылууда. Бул тууралуу Шериктештиктин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында департаменттин башчысынын орун басары Александр Горовой билдирди. Ички иштер министрлигинин статистикасы боюнча, бүгүнкү күндө Орусияда Өзбекстандан 332 миңден ашуун, Тажикстандан 247 миң, Украинадан 152 миң, Азербайжандан 120 миң, Кыргызстандан 115 миң,  Армениядан 61 миң, Молдовадан 56 миң  жана Казакстандан 41 миң легалсыз мигранттар бар. Александр…

Прочитайте больше

Иран уранды 60% байыта баштады

Иран уранды 60% байыта баштады

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Иран Натанз шаарындагы өзөктүк объектте  уранды 60%га чейин байыта баштагандыгын тастыктады. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги МАГАТЭнин билдирүүсүнө шилтеме берип маалымдайт. 16-апрелде Ирандын вице-президенти, атом энергиясы боюнча уюмунун жетекчиси Али Акбар Салехи өлкө бийлиги уран тазалоону 60% га чыгарганын, 9 грамм уран байытыла баштаганын билдирген. Иран уранды 60%га чейин байытуу ниетин 11-апрелде Натанздагы өзөктүк объекттеги авариядан кийин жарыялаган. Уран байытуучу заводундагы авариядан улам электр бөлүштүрүүчү түйүнү иштебей калган. Тегеран бул окуяны…

Прочитайте больше

Натанздагы аварияны ким жасаган?

Натанздагы аварияны ким жасаган?

Натанздагы аварияны жасаган деп айыпталуучу өлкөнүн аба чек арасынан качып кетти. Eurasia Today агенттигинин ирандык ЖМКаларга шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Ирандын Натанз өзөктүк заводунда авария уюштурган деп айыпталуучу өлкөнүн аба чек арасынан качып кетти. Бул  тууралуу Ирандын Ислам Консультативдик Ассамблеясынын Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комиссиясынын коопсуздук комитетинин башчысы билдирди. Белгилей кетсек, Натанздагы уран байытуу комплексиндеги авариянын күнөөкөрүнүн сүрөтү биринчи жолу Иран Ислам Республикасынын Биринчи каналында жарыяланды. Чалгын министрлиги бул адамдын ысымын Реза Карими деп жарыялады жана ал…

Прочитайте больше

“Президенттин дарысы” коронавируска канчалык таасирдүү?

“Президенттин дарысы” коронавируска канчалык таасирдүү?

 “Аконит настойкасы” же кыргызча “Уу коргошун” деп аталган Ысык-Көлдүн тамыры, коронавирусту жок кылуучу дары катары атак-даңкы Кыргызстанда эле эмес, чет жакага да тарап кетти. Кыргызстандын Саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин “Аконит настойкасы” менен коронавирустан дарылануу боюнча элге берген сунушу көпчүлүктүн сын-пикирлерин жаратты. Буга кошумча,  президент Садыр Жапаров дагы бул “сыйкырдуу дары” менен 2020-жылы коронавирустан абакта жатканда дарыланганын айтты. Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун экинчи толкунунда бул дары тамыр менен айрым адамдардын дарыланышканын, бирок ал убакта…

Прочитайте больше

Венада Иран – Орусия – Кытай үч тараптуу жолугушуусу өттү

Венада Иран – Орусия – Кытай үч тараптуу жолугушуусу өттү

Венада Орусия, Кытай жана Ирандын делегацияларынын жетекчилери үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу «Parstoday» агенттигине шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт.Орусия менен Кытайдын делегацияларынын төрагалары Ирандын тышкы иштер министринин орун басары, сүйлөшүү тобунун саясий жетекчиси Сейед Аббас Аракчи менен жолугушту. Венада өзөктүк келишимдин Биргелешкен Комиссиясынын жыйыны Иран жана 4+1 тобунун катышуусу менен уланууда. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү өзөктүк келишим боюнча Биргелешкен Комиссиясынын отурумуна түз же кыйыр түрдө катышышпайт жана алар менен сүйлөшүү жүргүзүлбөйт.

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 3 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 3 миллиондон ашты

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны үч миллион адамдан ашты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкканын “Eurasia Today” агенттиги кабарлайт. Аталган университеттин эксперттери жүргүзгөн статистикага ылайык, COVID-19ду жуктуруп алган адамдарда оору татаалдашып жатканыдыктан каза болгондордун саны дүйнө жүзү боюнча үч миллиондон ашты. Дүйнөдө бул илдеттен улам каза болгондордун саны 3 000 225 адамга жетти. Жалпысынан дүйнөдө COVID-19 менен ооруган 39,9 миллиондон ашык учур катталган. Буга чейин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Индиянын атайын багыттагы аскерлери машыгуу өткөрөт

Кыргызстан менен Индиянын атайын багыттагы аскерлери машыгуу өткөрөт

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн базасында кыргыз-индия биргелешкен атайын багыттагы күчтөрүнүн «Канжар –VIII» машыгуусунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы маалымдайт. Машыгууга катышуу үчүн индиялык аскерлер Кыргызстандын аймагына келишти. Кыргызстандык жана индиялык атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары эки жума бою тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча атайын операциясын иштеп чыгышат. Ошондой эле биргелешкен тренингдин планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыктары боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги…

Прочитайте больше

“Шаъбан” насааты “Рамазан” айынын терең маанисин баяндайт

“Шаъбан” насааты “Рамазан” айынын терең маанисин баяндайт

Эл аралык “аль-Мустафа” Университетинин Борбор Азиядагы өкүлү Рамазан айы – мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана дуба-тилектин айы экенин белгиледи. Шаъбан айынын акыркы жума күнү Ислам Пайгамбары (САВ) намаздан кийин хутба окуп, Рамазан айы боюнча насаатын айтты. Бул насааттар Рамазан айынын терең маанисин түшүнгүсү келген ар бир мусулман үчүн чоң сабак болот, анткени Рамазан айы чындыгында баяндалышы керек,-деди “аль-Мустафа” Университетинин Борбор Азиядагы өкүлү Хожжат-ул-Ислам Тахмасб Хатами. Аль-Мустафа (САВ) Университетинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Рамазан айына карата даярдалган лекциялардын…

Прочитайте больше

Иран Натанздагы окуядан кантип өч алат?

Иран Натанздагы окуядан кантип өч алат?

Израиль: Натанздагы өзөктүк заводдогу аварияны АКШ координациялаган. 16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Израилдик изилдөөчү Натанз өзөктүк заводдогу авария АКШ менен толук макулдашылган шартта болгонун белгиледи. Сионисттик режимдин Рейган-Садат изилдөө фондунун изилдөөчүсү Коэн, “аль-Аалам” телеканалына берген маегинде мындай деди: “АКШ Натанз окуясы жөнүндө алдын ала билгени боюнча так маалыматтар бар.” “Кытай менен Ирандын ортосундагы 25 жылдык келишимге кол коюлуусу Америка Кошмо Штаттары үчүн чоң сокку болду, Байден өкмөтү Иранга аябай капа болуп, ал тургай ачууланып жатат, ошол себептен ушул…

Прочитайте больше

“11 – сентябрь” окуясынын 20 жылдыгына карата

“11 – сентябрь” окуясынын 20 жылдыгына карата

“11-сентябрь” окуясынын 20 жылдыгына карата АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетет. 16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Америка бийлигинин Ооганстандагы өз аскерлерин 11-сентябрга чейин толук чыгарып кетүү убадаларына карабастан, талибандар Ооганстан тынчтык конференциясына катышуудан баш тартышты. Анын себеби талибандардын АКШга  ишениминин жоктугу болду. Белгилей кетсек, талибандын өкүлдөрү бардык чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгып кетмейинче, Стамбулда өтө турган Ооганстан боюнча конференцияга катышуудан баш тартышты. Мындай билдирүү АКШнын президенти Жо Байден АКШдагы бир катар террордук актылардын 20 жылдыгына карата, 11-сентябрга чейин Ооганстандан…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6 8