Сауд коалициясынын Таиз провинциясына жасаган аба соккусунан 16 Йемен жараны набыт болду

Сауд коалициясынын Таиз провинциясына жасаган аба соккусунан 16 Йемен жараны набыт болду

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд коалициясынын Таиз провинциясындагы шаарга жасаган кандуу аба соккусунда Йемендин 16 жараны набыт болду.  Сауд коалициясынын согушкерлери жума күнү кечинде Таиз провинциясынын Макбана шаарында бир катар жайкын тургундарды бутага алып, кеминде 16 йемендик жаранды, анын ичинде бир нече балдарды өлтүрүштү. “Аль-Масиранын” маалыматына караганда, саудиялык согушкерлер аймактын үстүнөн учуп жүргөндүктөн, куткаруучулардын урандыларды чыгаруу жана каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу үчүн аймакка жетүүсү мүмкүн эмес.

Прочитайте больше

Чилиде динозаврдын жаңы түрү табылды

Чилиде динозаврдын жаңы түрү табылды

Динозаврдын куйругу жалбырак сымал түзүлүштө биригишкен жети жуп жалпак сөөктөн турат. “Stegouros elengassen” деп аталган динозаврдын калдыктары Чилинин түштүк аймагы болгон Патагониядагы Магалланес провинциясынан табылды. Болжол менен 2 метр өлчөмүндөгү «анкилозавр» деп аталган кичинекей динозавр фоссилинин болжол менен 71,7 миллиондон 74,9 миллион жыл мурда жашагандыгы аныкталды. Динозаврдын куйругу жалбырак сымал түзүлүштө биригишкен жети жуп жалпак сөөктөн турат.

Прочитайте больше

Күндөгү жарылуудан геомагниттик бороон пайда болду

Күндөгү жарылуудан геомагниттик бороон пайда болду

Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Физика институтунун Күн рентген астрономиясы лабораториясынын билдирүүсүндө орун алды. Бейшемби күнү Күндөгү жарылуудан улам пайда болгон ири геомагниттик бороон кечээ түштөн кийин дүйнөгө таасирин тийгизди. Россия илимдер академиясынын Физика институтунун Күн рентген астрономиясы лабораториясынын билдирүүсүндө, «Учурда Жердин магнитосферасында (магниттик талаа) магниттик бороон (жарык, G1 деңгээли) уланууда»,делди. Окумуштуулардын берген маалыматына караганда, геомагниттик бороон кечээ Москва убактысы боюнча саат 15:00дө (Түркия убактысы менен бирдей) башталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул табигый окуя…

Прочитайте больше

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Кечээ, 3-декабрда президент Садыр Жапаров менен Орксиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен евразиялык мейкиндикте өз ара аркеттенүүнү өрчүтүүнү талкуулашты. Сүйлөшүү жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ошондой эле кесиптешине Кыргызстанда өлкө Конституциясына жана эл аралык ченемдерге толук ылайык, элдин эрки…

Прочитайте больше