Билл Гейтс: Пандемиянын курч фазасы 2022-жылы аяктайт

Билл Гейтс: Пандемиянын курч фазасы 2022-жылы аяктайт

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс COVID-19 пандемиясынын курч фазасы келерки жылдын башында аякташы мүмкүн экенин айтты. Анын пикирине караганда, коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болушуна жана эмдөөнүн жетишсиз көрсөткүчтөрүнө карабастан илдет келерки жылы кыйла басаңдайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Ошол эле учурда Билл Гейтс “дельтанын” мындай жугуштуу варианты “Омикрондун” пайда болушун, ошондой эле элди эмдөө жана бет кап тагынуу үчүн мынчалык узак убакытка көндүрүү керектигин күтпөгөнүн моюнуна алган. “Бирок аягы алыс эмес деп үмүттөнөм. Дагы…

Прочитайте больше

АКШда бороон ондогон адамдардын өмүрүн алды (Видео)

АКШда бороон ондогон адамдардын өмүрүн алды (Видео)

АКШнын Кентукки штатында торнадо жана бороон-чапкындардан улам ондогон адамдар каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Штаттын губернатору Энди Бешир бороондон кеминде 80 адам каза болгонун билдирди. Ал CNN телеканалына берген маегинде бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болгонун айтып, “Мен алган отчеттор боюнча, биз Кентуккинин 80ден ашуун тургунун жоготконубузду билем”, – деди. Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик шаары Мейфилд жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын…

Прочитайте больше

Дүйнөнүн 63 өлкөсүндө катталган «омикрон» штаммы «дельтадан» канчалык кооптуу?Кыргызстанага даярбы?

Дүйнөнүн 63 өлкөсүндө катталган «омикрон» штаммы «дельтадан» канчалык кооптуу?Кыргызстанага даярбы?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери коронавирустук инфекциянын жаңы “омикрон” штаммына тынчсыздануусун билдиришүүдө. ДССУ коронавирустун жаңы “омикрон” варианты боюнча техникалык маалыматты жарыялады. Документте жаңы штамм дүйнөнүн 63 өлкөсүндө аныкталганы айтылат. Ошондой эле алдын ала маалыматтарга караганда, омикрон штаммы вакциналардын эффективдүүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн экени айтылат. “Бүгүнкү күндө омикрон тууралуу чектелген гана маалыматтар бар жана ага каршы вакциналардын натыйжалуулугун тастыктаган далилдер жок”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Мындан тышкары, айрым маалыматтарда “омикрон” дүйнөдө жайылуу ылдамдыгы боюнча “дельта”…

Прочитайте больше