Ирандын президенти Москвага иш сапары менен барат

Ирандын президенти Москвага иш сапары менен барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси жакынкы айларда Москвага иш сапары менен барышы мүмкүн.  Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды. Бул тууралуу Орусия мамлекетинин башчысы Владимир Путин Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдирди. “Биз Иран маселеси боюнча сүйлөштүк, Ирандын президенти менин чакыруумду кабыл алып,   келерки жылдын башында Орусияга сапары менен келет деп ишенем”, – деди Путин.   Путиндин айтымында, Грециянын премьер-министри менен болгон жолугушууда Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселе талкууланган. Путин ирандык кесиптеши Раисинин Орусияга боло турган сапары 2022-жылдын башында күтүлүп…

Прочитайте больше

Канцлер Ангела Меркелдин ордуна Олаф Шольц келди

Канцлер Ангела Меркелдин ордуна Олаф Шольц келди

Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери Олаф Шольц республиканын жаңы канцлери болуп шайланды. Ал бул кызматка немис парламенти – бундестагдын жыйынында шайланганын чет элдик басылмалар жазышты. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Шольцко канцлер кызматына дайындоо тууралуу расмий грамотаны тапшырды. Салтанат президенттик Бельвю сарайында өттү. Шольцко 395 депутат добуш берген. Шольцтун жаңы канцлер болуп бекитилишин 736 депутаттын кеминде 369у колдошу керек болчу. Шольц акыркы 16 жылдан бери канцлер болуп келген Ангела Меркелдин ордуна Германиянын өкмөт башчысы болуп келди. Акыркы үч жылда ал вице-канцлер жана каржы…

Прочитайте больше

Францияда журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө шектүү адам камакка алынды

Францияда журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө шектүү адам камакка алынды

Францияда саудиялык журналист жана акын Жамал Хашоггинин өлүмүнө шектүү адам камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Маалыматка караганда, падышалык гвардиянын 33 жаштагы аскери Халед Айед аль-Отайби 7-декабрда Париждин “Шарль-де-Голль” аэропортунда кармалган. Ал Түркия бийлиги Хашоггинин иши боюнча издеп жаткан 26 саудиялыктын бирөө болуп эсептелет. Мухаммед бин Салмандын авторитардык саясатын аёосуз сындап келген жана The Washington Post гезити менен кызматташкан Хашогги 2018-жылы октябрда — Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна документ алуу үчүн келгенде өлтүрүлүп, сөөгү жиликтелген. Буга чейин АКШнын Улуттук чалгын…

Прочитайте больше

Ирандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кандай өнүгүп жатат? – ЕЭКтин жообу

Ирандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кандай өнүгүп жатат? – ЕЭКтин жообу

“ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу макулдашуунун ишке ашырылышы эки тараптын тең соода-сатыгынын көлөмүнө жакшы таасирин тийгизет”, – деди Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев. ЕЭКтин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали менен жолуккан. Тараптар Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүүгө шарт түзгөн убактылуу келишим соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешкен. “2021-жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 60%га өскөн. ЕАЭБге…

Прочитайте больше

Иран-ооган чек арасындагы ок атышуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы?

Иран-ооган чек арасындагы ок атышуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы?

1-декабрда Иран менен Ооганстандын чек арасында ирандык чек арачылар менен “Талибан” согушкерлеринин ортосунда ок атышуу болуп, артиллерияны колдонуу менен олуттуу кагылышууга чейин жетип, салгылашуу 2-декабрга караган түнү гана аяктаган. Бул окуя эмнеден кабар берет жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы? Эки мамлекеттин тең маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, чыр-чатак талиптердин түшүнбөстүгүнөн келип чыккан, алар ирандык дыйкандарды мамлекеттик чек араны кесип өттү деп жаңылыш ойлоп алышкан. Бирок ооган жана ирандык маалымат каражаттарынын чек арада болгон окуяга карата…

Прочитайте больше

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Кечээ, 3-декабрда президент Садыр Жапаров менен Орксиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен евразиялык мейкиндикте өз ара аркеттенүүнү өрчүтүүнү талкуулашты. Сүйлөшүү жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ошондой эле кесиптешине Кыргызстанда өлкө Конституциясына жана эл аралык ченемдерге толук ылайык, элдин эрки…

Прочитайте больше

«Талибан» Өзбекстанды ооган тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды

«Талибан» Өзбекстанды ооган тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды

“Талибан” кыймылы түзгөн убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар Ташкентти ооган учкучтары айдап барып таштаган Өзбекстандагы учактары менен тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды. Бул тууралуу “Афганистан.ру” басылмасы жазды. Буга чейин Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев баштаган өзбек делегациясы 30-ноябрда Кабулда Талибан өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолукканы кабарланган. Быйыл август айында ооган учкучтары өлкөдөгү жалпы учактардын жана тик учактардын 25% айдап, Өзбекстан менен Тажикстанга учуп барышкан. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Термез шаарындагы ооган учкучтарынын 15и A-29 Super…

Прочитайте больше

Ирандын ШКУга толук мүчө болуусу Батыштын изоляциялоо аракетин токтотот

Ирандын ШКУга толук мүчө болуусу Батыштын изоляциялоо аракетин токтотот

Кечээ, 2-декабрда Ирандын Исламабаддагы элчисинин орун басары өз өлкөсүнүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө болушун аймактык жана эки тараптуу деңгээлдеги маанилүү кадам деп атады. Мохаммад Сорхаби Исламабаддагы Регионалдык изилдөөлөр институту уюштурган “Ирандын ШКУга мүчөлүгү – мүмкүнчүлүктөр” аттуу вебинарда сөз сүйлөдү. Ал Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болуу тууралуу арызынын кабыл алынышы маанилүү кадам болгонун жана уюмдун калган мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүдө оң роль ойной тургандыгын белгиледи. “Ирандын Ислам революциясынан кийинки биринчи аймактык уюм…

Прочитайте больше

Венада өзөктүк келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү башталды

Венада өзөктүк келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү башталды

Венада 2015-жылкы өзөктүк келишимди жандандырууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды. Бул тууралуу Евробиримдиктин делегациясынын маалымат катчысы Твиттерге жазды. 29-ноябрда түштөн кийин башталган сүйлөшүүлөрдө Тегеран каршы болгондуктан, Иран менен АКШнын өкүлдөрү тикелей жолугушпайт. Шаркеттин чабарманы Энрике Мора Иран, Орусия жана Кытай өкүлдөрү менен кездешкенден кийин маселени Европанын жана АКШнын делегациялары менен талкууларын билдирген. Австриянын башкалаасындагы сүйлөшүүлөр быйыл жайында Ирандагы президенттик шайлоону ашынган консерватор Ибрахим Раиси жеңгенден киийн токтоп калган. 2015-жылы Иран менен Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  29-ноябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоолорду өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту. Мамлекет башчысы КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА, Түрк мамлекеттери уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, ошондой эле Өзбекстандын жана Грузиянын борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилерине парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгы үчүн чоң ыраазчылык билдирди. Ал шайлоолорго 700дөн ашуун эл аралык байкоочулар күбө болгонун белгиледи. Садыр Жапаров бул шайлоолор 2020-жылдын октябрында өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын…

Прочитайте больше

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу жолдору талкууланат

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу жолдору талкууланат

Иран менен дүйнөлүк алты державанын өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу жолдорун талкуулоо үчүн Венада чогулганы жатышат. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери 28-ноябрда Кытай, Орусия делегациялары жана Еврошаркеттин чабарманы Энрике Мора менен жолугушту. Багери жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, тараптар сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн жана алкагын аныкташат. Орусиянын Улуттар Уюмунун Венадагы өкүлчүлүгүндөгү элчиси Михаил Ульянов расмий кездешүү алдындагы “бейрасмий консультациялар” “Тегерандын жаңыланган позициясын жакшырак түшүнүү үчүн пайдалуу” болгонун “Твиттерге” жазды. Австрия башкалаасындагы сүйлөшүүлөр Ислам жумуриятында бийликке жаңы президент Ибрахим Раиси келгенден кийин…

Прочитайте больше

АКШ Тажикстанга 1,3 миллион долларлык техника берди

АКШ Тажикстанга 1,3 миллион долларлык техника берди

АКШ тажик чек ара күчтөрүнө 18 жол тандабас унаа берди. Бул тууралуу америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. “1,3 миллион долларга бааланган “Jeep” үлгүсүндөгү жол тандабастар Тажикстандын чек ара коопсуздугуна жардам көрсөтүү максатында берилди”, – деп айтылат билдирүүдө. Маалыматта бул техникалар чек ара аскерлерине чек ара аймактарынын оор географиялык шарттарында операцияларды жүргүзүүгө жардам берери белгиленет. “Биз Тажикстанга чек ара коопсуздугу жаатындагы тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана терроризмге, баңги аткезчилигине жана массалык кыргын салуучу…

Прочитайте больше

Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери Тажикстанда жолугушту

Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери Тажикстанда жолугушту

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Европа Биримдиги (ЕБ) – Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйыны өттү. 22.11.2021 ~ 22.11.2021 Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Европа Биримдиги (ЕБ) – Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйыны өттү. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, жыйынга Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун…

Прочитайте больше

Путиндин өкүлү Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Путиндин өкүлү Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Лаврентьев жана Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин, ирандык министр Абдуллахиян менен «эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактагы абалдарды жана Сириядагы кырдаалды» талкуулашты. 22.11.2021 ~ 22.11.2021 Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен бул өлкөнүн борбор шаары Тегеранда жолукту. Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Сириянын борбор шаары Дамасктан кийин Тегеранга барган Лаврентьев жана Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Абдуллахиян…

Прочитайте больше

Жапаров Мишустинге Кыргызстан “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты

Жапаров Мишустинге Кыргызстан “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы, анын ичинде салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. “Биз “жакыр” өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы…

Прочитайте больше
1 17 18 19 20 21 36