Биринчи жолу кара терилүү генерал АКШнын Коргоо министри болду

Биринчи жолу кара терилүү генерал АКШнын Коргоо министри болду

АКШ сенаты президент Жо Байдендин сунушу менен Коргоо министри кызматына афроамерикалык Ллойд Остиндин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Остин АКШнын коргоо министри болгон биринчи афроамерикалык болуп калды. Төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ болгон Остин 93 макул, эки каршы добуш менен Коргоо министри болуп дайындалды. Ллойд Остин 2013-2016-жылдары АКШ армиясынын Борбордук командачылыгын жетектеген. Ал Барак Обама президент болуп турганда Жо Байден менен көп иштешкен. Ал буга чейин штаб башчыларынын биргелешкен комитетинде иштеген, ошондой эле АКШнын Куралдуу…

Прочитайте больше

Израиль Байденге эскертүү жасады

Израиль Байденге эскертүү жасады

Израиль Байденге: Эгер өзөктүк келишимге кайтып келсеңер, анда бизде силер менен сүйлөшө турган эч нерсе калбайт. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги жаздыThe Times of Israel гезити “Шаршемби күнү Израиль ТВсынын 12-каналы Тель-Авив АКШнын Биргелешкен Комплекстүү Иш-аракеттер Планына (JCPOA) кайтып келиши ортодогу мамилелердеги кризис жаратышы мүмкүн деп эскерткенин билдирди”, – деп жазды.Израиль ТВсынын 12-каналы “өтө жогорку даражалуу маалымат булагына” шилтеме берип: “Эгерде Байден Обаманын планын ишке ашырса, анда биздин аны менен сүйлөшө турган башка эч нерсебиз калбайт”, – деп…

Прочитайте больше

Нэнси Пелоси: Сенат Трампты соттоого даяр

Нэнси Пелоси: Сенат Трампты соттоого даяр

АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы маалымат жыйынында АКШ Сенаты Трамп менен соттошууга даяр экендигин жарыялады. Mehr News агенттигинин Ал-Жазира телеканалына шилтеме берип, билдиргенине караганда, АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери “Нэнси Пелоси” 21-январда өткөргөн маалымат жыйынында Сенаттын кызматкерлери Трамп менен сот ишин баштоого даяр экенин жарыялады.АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери бул маанилүү иш-чаранын так датасын айтпастан сөзүн мындай улады: 6-январда Конгресстин имаратына кол салуу Трамп тарабынан провокация болгону анык. Жакында анын сот ишин баштайбыз.Нэнси Пелоси кошумчалады: “Трамптын…

Прочитайте больше

Жо Байден расмий түрдө АКШнын 46-президенти болду

Жо Байден расмий түрдө АКШнын 46-президенти болду

АКШнын 46-президентинин расмий инаугурациясы өттү. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Конгресс сарайында өткөн салтанатта АКШнын 46-президенти Жо Байден ант берди.Жаңы шайланган президент Жо Байден Капитолий салтанатына жубайы Жил менен келди. Ал өлкөнүн Конституциясын бекем сактоого ант берди.Байдендин инаугурациясы кыска мөөнөттө жана өлкөдө коронавирус илдети жайылылып жатканына байланыштуу социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлдү.Президент Байден өз сөзүндө элди ынтымакка чакырып, АКШнын жарандарын бириктирүүгө умтулаарын бир нече жолу баса белгиледи. “Баардык америкалыктар үчүн президент болом”, – деп…

Прочитайте больше

Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт

Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Төмөндө Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы: — Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович —…

Прочитайте больше

Трамп бийликтен кетип жатып, Кытайга акыркы кастык буйругун чыгарды

Трамп бийликтен кетип жатып, Кытайга акыркы кастык буйругун чыгарды

Дональд Трамптын президенттик кызматы бүгүн, 20-январда аяктайт. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ак үйдө иштеген акыркы сааттарда Дональд Трамп Кытайга душмандыгынан баш тартпай, Кытайда жасалган дрондорго АКШ өкмөтүнүн аба флотунан чыгып кетүүгө буйрук берди.Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп 18-январда америкалык агенттиктерге АКШнын өкмөттүк флотунан Кытайда өндүрүлгөн дрондорду чыгарып кетүүгө артыкчылык берип, коопсуздукка байланыштуу маселелерге көңүл бурууга буйруган жарлыкка кол койду. Ал эми Трамптын администрациясынын Ак үйдөгү иши бүгүн, 20-январда аяктайт.Эске салсак,  Американын Соода министрлиги өткөн айда…

Прочитайте больше

АКШ Конгрессинин мүчөсү: Трамп менен Помпеонун санкциялары миңдеген ирандыктардын өмүрүн алды

АКШ Конгрессинин мүчөсү: Трамп менен Помпеонун санкциялары миңдеген ирандыктардын өмүрүн алды

АКШ конгрессмени Ильхан Омар Дональд Трамптын администрациясынын саясатын катуу сынга алып, анын өкмөтүнүн санкциялары миңдеген ирандыктардын өмүрүн алды деп билдирди. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. “Бул адам (АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео) желмогуз. Анын ырайымсыздыгынан жапа чеккен миллиондогон адамдарды унутпашыбыз керек”, – деп жазды Омар бүгүн эртең менен өзүнүн Твиттердеги баракчасына. “Помпео Иран элине каршы кыйратуучу санкцияларды киргизүү үчүн лобби кылган. Пандемия учурунда аларды керектүү дары-дармектерден ажыратып, миңдеген адамдардын өмүрүн алды”, – деп кошумчалды ал. АКШнын Иранга…

Прочитайте больше

Өзбек эксперти: Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктап баратат

Өзбек эксперти: Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктап баратат

«Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси: Төрт жыл мурун башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктоодо. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, «Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси Бахтиёр Эргашев төрт жыл мурун башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилелериндеги жылуу мезгил аяктап жатат деп билдирди.“Өзбекстан бийиктиги болжол менен 400 метрди түзгөн дүйнөдөгү эң ири ГЭСтердин бири Рогун электр станциясынын курулушуна каршы. Эгер ал курулса, ылдыйкы агымдагы өлкөлөр көптөгөн көйгөйлөргө туш болушат. ГЭСтин курулушуна байланыштуу Өзбекстандын нааразычылыгына карабастан, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рогун…

Прочитайте больше

Конгресс Трампка импичмент жарыялады. Эми бул маселе Сенатта каралат

Конгресс Трампка импичмент жарыялады. Эми бул маселе Сенатта каралат

Президент Трампка импичмент жарыялоо боюнча токтомго Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси кол койду. Президент Дональд Трамп эки жолу импичмент жарыяланган АКШ лидери катары тарыхта калды. Эми Конгресстин чечимин Сенат бекитип бериши керек. Бирок бул маселе Жо Байдендин инаугурациясынан кийин каралат. Шаршемби күнү Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар президент Трампка импичмент жарыялоо маселеси тез арада каралат деген убадасын аткарды. Бир нече саатка созулган талкуудан кийин Өкүлдөр палатасы Трамп демонстранттарды тукурганы үчүн башаламандык болду деген чечим чыгарды. Өкүлдөр…

Прочитайте больше

Трампка импичмент жарыяланса, ал кандай артыкчылыктардан ажыратылат?

Трампка импичмент жарыяланса, ал кандай артыкчылыктардан ажыратылат?

Жо Байден президент болуп ант бергенден тогуз күн мурун, демократтар Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын башташкан. Трамп АКШнын тарыхында эки жолу импичмент жарыяланган биринчи президент болот.Иран пресс жаңылыктар агенттигинин маалыматына ылайык, Трамп ага импичмент жарыяланганда эмне жоготот: Биринчиден, бир жылга болжол менен $ 219,000 өмүр бою пенсия. Экинчиден, жол акыга жылына 1 миллион доллар. Үчүнчүдөн, кеңсени күтүүгө жана персоналды жалдоого кеткен чыгым жылына болжол менен 96000 долларды түзөт. Төртүнчүдөн, аскердик госпиталда дарылануу жана өмүр бою медициналык…

Прочитайте больше
1 34 35 36