Садыр Жапаров менен Си Цзинпин темир жол куруу долбоорун талкуулайт

Садыр Жапаров менен Си Цзинпин темир жол куруу долбоорун талкуулайт

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев Садыр Жапаровдун Кытайдагы иш сапары тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Жапаров Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышат. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин баштаган жетекчилер менен жолугат, анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат. “Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруунун келечеги болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы…

Прочитайте больше

CAN: Борбор Азияда “Росатомдун” АЭС куруусу саясий мүнөзгө гана ээ

CAN: Борбор Азияда “Росатомдун” АЭС куруусу саясий мүнөзгө гана ээ

Climate Action Network аттуу климаттын өзгөрүүсүнө багытталган уюмдун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору Ольга Бойко Кыргызстанда Орусиянын “Росатом” ишканасынын атомдук электр станциясын курууга багытталган долбоорун сындады. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди. “Биздин уюм аймакта жана дүйнөдө атомдук энергетиканы колдонууну колдобойт. Борбор Азияда “Росатом” корпорациясынын АЭС курууга умтулуусу саясий гана максатты көздөйт. Бул аймакта кургакчылык өкүм сүрүп, дарыялар соолуп баратат. Климат өзгөргөн сайын таза суу азайып жатат. Атомдук электр станциянын реакторлорун суусу жок иштетүү мүмкүн эмес….

Прочитайте больше

Иран менен Сирия биргелешкен банк түзөт

Иран менен Сирия биргелешкен банк түзөт

Иран менен Сирия биргелешкен банк түзөрүн жарыялашты. Бул тууралуу Ирандын жол жана шаар куруу министри Рустам Гасеми билдиргенин иран басылмалары жазды. Гасеми Сирияга болгон сапарынын жүрүшүндө өлкө президент Башар Асадга да жолукту. Анын айтымында, ал Асад менен Сириянын экономикасынын абалын жана Иран-Сирия экономикалык алакаларынын көйгөйлөрүн талкуулашты. Банкты түзүү чечими Сириянын тышкы иштер жана мигранттардын иши боюнча министри Фейсал Микдад менен болгон жолугушууда кабыл алынды. Банктын өкүлчүлүктөрү эки өлкөдө тең түзүлөт. Мындан тышкары, ирандык министрдин Сирияга…

Прочитайте больше

Өзбекстан Орусияга газ жеткирүүнү толугу менен токтотту

Өзбекстан Орусияга газ жеткирүүнү толугу менен токтотту

Өзбекстан бийлиги коңшу өлкөлөргө жана Орусияга жаратылыш газын экспорттоону толугу менен токтотту. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттигине Өзбекстан Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Бул кабар орус маалымат агенттигинин сайтында Казакстанда газдын баасынын жогорулаганына байланыштуу болгон митингдерден кийин жарыяланды.“Ушул тапта Орусияга газ жөнөтүлгөн жок жана 2022-жылы пландар өзгөрбөйт”,– деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.“Интерфакс” кабарлагандай, азыркы учурда Өзбекстан газды негизинен Кытайга жөнөтүүдө.2020-жылы Кытайга 3,277 млрд куб метр газ, 2021-жылдын он айында 4,020 млрд куб метр газ экспорттолгон.

Прочитайте больше

Кымбатчылыктын себеби: Кытай азык-түлүктүн дүйнөлүк запасынын жарымын сатып алып койгон

Кымбатчылыктын себеби: Кытай азык-түлүктүн дүйнөлүк запасынын жарымын сатып алып койгон

Кытай жүгөрү жана башка дан азыктарынын дүйнөлүк запасынын жарымынан көбүн сатып алып, бул өз учурунда бүтүндөй планетада баалардын кескин өсүшүнө алып келди.  Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты. Кымбатчылыктын бирден-бир себеби дүйнөлүк калктын 20 пайызы жашаган Кытайдын азык-түлүк запасын топтоосу болгон. Бул тууралуу Кытайдын азык-түлүк жана стратегиялык резервдер боюнча улуттук башкармасынын бөлүм башчысы Цинь Ююнь өзү билдирген. «Биздин өлкө азык- түлүк, үн запасын тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткирди. Буудайдын запасы бир жарым жылга жете турган суроо-талапка…

Прочитайте больше

Тажикстандын энергетикадагы ийгиликтери эмнеден кабар берет?

Тажикстандын энергетикадагы ийгиликтери эмнеден кабар берет?

Кыргызстанга свет сатпаган Тажикстан электр энергиясын өткөн жылга салыштырмалуу 5,7%га көп өндүрүп, экспорттон 93,5 миллион доллар киреше тапты. Ошентип алардын экспорту өткөн жылга караганда 1,8 эсеге өскөн. Алар негизинен Ооганстан менен Өзбекстанга гана саткан. Бул тууралуу Спутник-Тажикстан сайты өлкөнүн Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигине шилтеме берип жарыялады. Маалыматта айтылгандай, экспорттун көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 40,5 миллион доллардан ашкан. Жалпысынан Тажикстанда 18,7 млрд кВт сааттан ашык электр энергия өндүрүлгөн, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7%га…

Прочитайте больше

Келе жаткан жылда патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат

Келе жаткан жылда патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат

Жаңы жылда патент алуу системасы жоюлат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Анын айымына караганда, Министрлер кабинети соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлерди киреше салыгынан бошотууну пландоодо. Бул ишке ашса алар патент албай калышат. Арзыбек Кожошев бул чечимдин алкагында чакан бизнестеги 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотуларын кошумчалап өттү. Ал эми жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкандар Салык кодексинин негизинде иш жүргүзүшү керек болот. “Министрлер кабинетинин…

Прочитайте больше

“Улуттук энергохолдинг” Токтогул суу сактагычынан казак тарапка суу берилгенин тастыктады

“Улуттук энергохолдинг” Токтогул суу сактагычынан казак тарапка суу берилгенин тастыктады

“Улуттук энергохолдинг” компаниясы жай мезгилинде казак фермерлери үчүн Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызылганы тууралуу Казакстан премьер-министри Аскар Маминдин маалыматын тастыктады. ​”Улуттук энергохолдинг” түшүндүргөндөй, Кыргызстан сууну Казакстан менен электр кубатын алмашуу келишиминин алкагында агызган. Жай мезгилинде берген суусун кыргыз тарап кышында электр кубаты түрүндө кайтарып алат. Казакстан менен жалпысынан 900 млн кВт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Кыргызстан сугат маалында Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суунун кошумча көлөмүн агызганын казак премьер-министри Аскар Мамин 7-декабрда Нур-Султанда Министрлер кабинетинин…

Прочитайте больше

Кыргызстан электр энергиясы жаатында эмне жашырып жатат?

Кыргызстан электр энергиясы жаатында эмне жашырып жатат?

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан, электр тармактарында каатчылык күчөдү. Болжолдонгон алдыдагы кыйынчылыктарга карабай, элди жарык менен камсыз кылуу үзгүлтүксүз жүрөөрү айтылган. Былтыры ушул убакка карата Токтогул ГЭСинде 14 млрд куб метр суу бар эле. А быйыл 30-ноябрга карата башкы чөйчөктө 11 млрд.дан кичине көбүрөөк (11 млрд 060 млн. м3) суу калды. Анын күндүк агып кириши орто эсеп менен секундасына 165 м3, чыгышы 518 м3. Башкача айтканда, жоготуу көп. Каатчылыктан улам Кыргызстан дээрлик…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров: 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электроэнергиясы үчүн тарифтер 50 тыйынды түзөт

Президент Садыр Жапаров: 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электроэнергиясы үчүн тарифтер 50 тыйынды түзөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук Кеңшинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу маселесин кароо учурунда өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электроэнергияга тарифти төмөндөтүү тапшырмасын берди. «1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров. Ошондой эле, Мамлекет башчысы тийиштүү министрликтерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды.  Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы…

Прочитайте больше

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуу боюнча чечим кабыл ала элек

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуу боюнча чечим кабыл ала элек

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо боюнча чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу Sputnik Тажикстанга “Барки Точик” энергетикалык холдингинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нозиржон Йодгори билдирди. «Эч кандай келишимге кол коюлган эмес, анткени Тажикстан азыр кышкысын электр энергиясын сата албайт, анын ордуна ички керектөөнү камсыздайт»,-деди ал. Аталган сайт жазгандай, 1-октябрдан тарта энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан Тажикстандан суткасына 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып ала баштаганын билдирген. Бирок Тажикстандын Энергетика министрлиги Бекмурзаевдин сөзүн четке каккан. “2-октябрда Кыргызстандын…

Прочитайте больше

Иранда жаратылыш газын керектөө

Иранда жаратылыш газын керектөө

Ирандын Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана Кытайдан кийин бул энергияны эң көп керектеген өлкө болгону белгиленди. Ирандын мунай министринин орун басары Межид Чегини, өлкөсүндө керектелген жаратылыш газынын көлөмүнүн Европанын 12 өлкөсүнүн керектөөсүнө барабар экенин айтты. Чегини Ирандын мамлекеттик медиасындагы билдирүүсүндө, жаратылыш газы менен камсыз кылууда 3-орунда турган Ирандын Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана Кытайдан кийин бул энергияны эң көп керектеген өлкө болгонун белгиледи. Межид Чегини: «Өлкөбүздө керектелген жаратылыш газынын көлөмү Европадагы 12 бай өлкөгө барабар. Бул…

Прочитайте больше

Илон Маск Tesla компаниясындагы акцияларынын 10% сатат

Илон Маск Tesla компаниясындагы акцияларынын 10% сатат

Tesla компаниясынын башчысы, дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептелген Илон Маск компаниядагы үлүштөрүнүн 10% сатат. Өткөн ишемби күнү миллиардер “Твиттер” баракчасына колдонуучулар колдосо акцияларынын 10% сата турганын жазып, сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкан 3,5 миллиондон ашык колдонуучунун дээрлик 58% бул идеяны колдошкон. “Мен сурамжылоонун каалаган жыйынтыгына макул болууга даяр болчумун”, – деп жазды Маск сурамжылоо аяктагандан кийин. Ал сурамжылоо жүргүзүү чечимин “акыркы кездери “ишке ашпаган кирешелер” салыктан качуунун бир жолу экени тууралуу көп айтылып жатканы” менен түшүндүрдү. Маск…

Прочитайте больше

Кытай Кыргызстанга 1200 тоннадан ашык азык-түлүктү жардам катарыберди

Кытай Кыргызстанга 1200 тоннадан ашык азык-түлүктү жардам катарыберди

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Жардам 5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат. Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2%…

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метрден төмөн түшүп кетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метрден төмөн түшүп кетти

3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11,898 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымдады. Маалыматка ылайык, суу бир ай ичинде 408,22 миллион метр кубга азайган. 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу – 2,8 млрд. куб метр айырмачылык бар.  Былтыр бул күнү суу сактагычта 14,7 миллиард метр куб суу болгон. Бүгүнкү күндө суу сактагычта суунун чыгымы секундасына 458 метр кубду, агып кириши секундуна 198 метр кубду түзүүдө. Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды….

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7 8