Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Азыр Ош шаарынын четиндеги Озгур айылында 1 мВт.тык чакан ГЭС курулуп жатат. Аны бир айга жакын аралыкта пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Бул болжол менен 400 үй-бүлөнү жарык менен камсыз кыла алат дейт чакан ГЭСти куруп жаткан “Ак Буура Групп” ишканасынын жетекчиси Дүйшөн Муратов. Аталган компания мындан сырткары, дагы 3 долбоорду баштаганы турат. Алар Баткен облусунун Исфайрам суусуна кубаттуулугу 12 жана 16 мВт түзгөн эки чакан ГЭС жана алыскы Зардалы айылына 29 мегаватты түзгөн дагы бир чакан ГЭС…

Прочитайте больше

А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

27-октябрда Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы бюджетти кантип 400 млрд. сомго көтөрөрүн түшүндүрүп берди. Жыйынды Парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Министрдин баяндамасынан кийин депутат Таабалды Тиллаев мындай чоң планды колдош керек экенин, бирок мындай көп сумманы каяктан аларына кызыгып, Министрлер кабинетинин төрагасына суроо узатты. Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча планын айтып берди. Анын айтымында, негизги киреше…

Прочитайте больше

ЭВФ Кыргызстандын 12,6 млн. доллар карызын кечти

ЭВФ Кыргызстандын 12,6 млн. доллар карызын кечти

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечти. Бул тууралуу маалыматты Экономика жана финансы министрлиги кабарлады. Аталган министрлик сентябрь айынан баштап өлкөнүн ЭВФтин алдындагы карызын кыскартуу аракетин көрө баштаган. Маалыматка караганда, аталган фонддун Аткаруу кеңеши кирешеси төмөн өлкөлөргө оор кырдаалда жеңилдик берүү программасынын алкагында 24 өлкөнүн карызын кечүү чечимин кабыл алган. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, фонд Кыргызстандын 2021-жылдын 8-октябрынан баштап 2022-жылдын 10-январына чейин төлөнүшү керек болгон 12,6 миллион доллар карызын кечти. Карыздан үнөмдөлчү…

Прочитайте больше

“Кумтөрдүн” алтынын өзүбүз иштетсек, 30 миң жумуш орду түзүлмөк

“Кумтөрдүн” алтынын өзүбүз иштетсек, 30 миң жумуш орду түзүлмөк

Депутат Чыңгыз Макешов: “Бай Кыргызстанды негиздөө өз колубузда!”. “Кумтөрдөн” алынган алтынды зергерлер иштете  турган болсо бери жагы 30 миңдей жумуш орду түзүлмөк. Бирок, ошол алтындарга кол жеткис абалдын жаралганы, чындап эле жарыбастыктын көрүнүшү болуп жатпайбы?” , – деп айтты “Парламент” радиосуна интервью берген Жогорку Кеңеш депутаты Чыңгыз Макешов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда жылына 20 тоннадай алтын алынат. Аны чийки зат түрүндө сатканда арзан баа болсо, ал эми аны…

Прочитайте больше

Канадалыктар Кумтөр кенинде экологияга олуттуу зыян келтиргендиги аныкталды

Канадалыктар Кумтөр кенинде экологияга олуттуу зыян келтиргендиги аныкталды

“Кумтөр Голд Компани” Кумтөр кенинде “канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын” билдирди. 5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин жардамы менен аныктоого мүмкүн болгону белгиленген. “Казуу иштерине катышкандардын баары таң калып жатышат… Экологдордун айтымында, мындай калдыктар көмүлгөн жерлер кендин дээрлик бардык аймагында бар. Аларда тиричилик таштандылары менен аралаш…

Прочитайте больше

Россия Кыргызстанга пошлинасыз бензин менен дизелдин көлөмүн көбөйттү

Россия Кыргызстанга пошлинасыз бензин менен дизелдин көлөмүн көбөйттү

Кыргызстанда мындан ары бензин жана дизел майы кымбаттабайт. Россия Кыргызстандын ички керектөөсү үчүн зарыл болгон бензин жана дизел майын пошлинасыз сатып алуунун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу КРнын нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан сентябрь айында мурда макулдашылган көлөмдү сатып алып бүткөндүктөн, жалпы негизде же жогорулатылган баада сатып ала баштамак. “Бактыга жараша Кыргызстан менен Россиянын экономика министрликтери пошлинасыз бензин жана дизел майын сатып алуунун көлөмүн көбөйтүүгө макулдашты. Азыр экономика министрликтери жетишилген макулдашууга кол…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстандан электрэнергия сатып ала баштады

Кыргызстан Тажикстандан электрэнергия сатып ала баштады

Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан электр энергия сатып ала баштады. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Тажикстанда электр энергиясы ашыкча болгондуктан, аны Кыргызстанга импорттоого даяр экенин билдирген.Бекмурзаев Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди. “Тажикстандагы кесиптештерибиз электр энергиясы өздөрүндө ашыкча болуп жатканын айтып, “электр энергия керек болсо ала бергиле” дегенинен макулдугубузду бердик. Тажик тарап кечээ өздөрү бизге телефон чалып кайрылды. Бүгүн эки саат…

Прочитайте больше

630 км. жол 120 километрге кыскарат. Таластан Ташкентке тоннель казылып, жол салынат

630 км. жол 120 километрге кыскарат. Таластан Ташкентке тоннель казылып, жол салынат

Таластан Ташкентке Түз ашуусу аркылуу тоннель куруп, жол салуу демилгеси кайрадан көтөрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков билдиргенин Turmush басылмасы жазды. Анын айтымында, бул долбоор Союз кезинде  иштелип чыккан. Бирок ишке ашкан эмес. “Биз ал долбоорду жандандыруу максатында инвесторлорго сунуш кылып жатабыз. Тоннель 5,7 км. аралыкта казылып, Талас-Ташкент каттамын камсыз кылат. Мындай каттам болсо, 630 км. аралыкты түзөт. Ал эми бул тоннель курулса, Талас менен Ташкенттин ортосундагы аралык 120 км. болуп калат….

Прочитайте больше

Казакстанда бензин баасы Кыргызстанга караганда кыйла арзан. Эмне үчүн?

Казакстанда бензин баасы Кыргызстанга караганда кыйла арзан. Эмне үчүн?

Кыргызстанда АИ-95 бензининин баасы 60 сомго жетип калды. Бул Казакстанга караганда 18 сомго кымбат. Бул тууралуу маалыматты Энергетика жана өнөр жай министрлиги жарыялады. Маалыматка ылайык, Казакстанда АИ-95 бензини 41,9 сомдон сатылууда. Бирок, аталган мекеме ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу майдын орточо баасы башка өлкөлөргө караганда төмөн экенин да баса белгилеп, Өзбекстанда АИ-92 65,5 сом, Арменияда 79,1 сом, Орусияда 54,2 сом турарын билдирген. Бензин эмне үчүн Казакстанда бизге салыштырмалуу арзан? Бул суроого “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстандын Нефтетрейдерлер…

Прочитайте больше

Пекин Ооганстанга 30 млн. доллар чукул жардам көрсөтөт

Пекин Ооганстанга 30 млн. доллар чукул жардам көрсөтөт

Кытай бийлиги Ооганстанга 200 миллион юань (30 млн. долларга жакын) чукул жардам бере тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И айткандыгын ТАСС агенттиги жазды.Белгилей кетсек, Ван И бул жөнүндө Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери катышкан онлайн жолугушууда сүйлөдү.Дипломат Кытайдын жардамы ооган элинин муктаждыктарына байланыштуу көрсөтүлөрүн белгиледи.Кытай ТИМ башчысынын айтымында, Пекин Ооганстанга азык-түлүк, кышкы товарлар, вакциналар жана дары-дармектерди жөнөтөт. “Керектүү шарттар пайда болгондо, анын ичинде коопсуздук жаатында, Кытай Ооганстанга реконструкциялоого жана…

Прочитайте больше

Пакистан жарандарынын келүүсүнөн бюджетке канча каражат түштү?

Пакистан жарандарынын келүүсүнөн бюджетке канча каражат түштү?

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистан жарандарынын Кыргызстанда болушунан бюджетке канча акча түшкөнүн айтып берди. Быйыл өлкөгө айрыкча пакистандык туристтердин агылып келишкенин баары байкагандай. Берилген маалыматтарга караштуу, жайында 7500дөй пакистандык жарандар келишкен.Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 7-сентябрдагы жыйынында ал туристтик электрондук виза берүү чет өлкөлүктөр үчүн 51 долларга бааланарын айтты.Бул тууралуу: “Январь айынан бери 10 миңге жакын виза берилди.” Кыргызаэронавигация “65 чартердик учакты тейлегени үчүн 200 миң доллар киреше тапты.”…

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

“Электр станциялар” ААКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 3-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12, 042 млрд. метр кубга жетти. Суу сактагычка суткасына орто эсеп менен 380 метр куб суу агып келип, 172 метр куб суу чыгып жатат. Токтогул суу сактагычындагы суунун максималдуу көлөмү – 19,5 млрд. метр куб. 17 млрд. деңгээл “нормалдуу” деп саналат. Мындан ылдыйлаганда электр кубатынын подстанцияларына ашыкча күч келип, жарык өчүп калышы мүмкүндүгү айтылып келет.Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи – Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр…

Прочитайте больше

Египеттин жаңы банкнотуна гейлердин белгиси киргизилет

Египеттин жаңы банкнотуна гейлердин белгиси киргизилет

Египет өкмөтү 2021-жылдын ноябрында рынокто пайда боло турган жаңы акча банкнотторунда гейлердин желегин (ЛГБТ) символикасын колдонушу, калк арасында көптөгөн нааразычылыктарды жаратты.  Бул тууралуу Абдул-Азиз Абу Аль-Аинин мындай деп жазат: “Биздин абалыбызды карачы, биздин акчабызда гейлердин желектери турат, Аллах бизге ырайым кылсын! “Банкноттордо колдонулуучу гейлердин желегинен башка түстөр калбай калган окшойт”.Ал эми, Тунис 365 колдонуучусу бул тууралуу мындай деп жазган: “Жаңы акчага “Мухаммад Али” мечитинин дизайнында гейлердин желегинин түсүн колдонуу мусулмандардын ыйык нерселерине шек келтирүү болуп саналат”.Египеттик белгилүү…

Прочитайте больше

Кыргызстанда жашылчалардын баасы арзандады

Кыргызстанда жашылчалардын баасы арзандады

Кыргызстанда айрым жашылчаларга болгон баа арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Маалыматка ылайык, июль айында картошка, помидор жана бадыраңдын баалары арзандаган. Өлкө боюнча картошканын орточо чекене баасы 1 кг үчүн 41,63 сомду түзгөн. Бул мурунку айга салыштырмалуу 19,1 сомго арзан. Помидордун баасы 1 кг үчүн 51,13 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 20,4 пайызга, ал эми бадыраңдын баасы 1 кг үчүн 21,35 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 25,6 пайызга арзандаган. Картошканын эң төмөн баалары түштүк…

Прочитайте больше

Келаткан кыштан кантип чыгабыз?

Келаткан кыштан кантип чыгабыз?

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов алдыда турган жылытуу мезгилине өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдануунун маанилүүлүгүн белгиледи.  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси боюнча республикалык штабдын кеңешмесин видеоконференция режиминде өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө алдыда турган күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык, социалдык объектилердин жана жалпы эле энергетика тармагынын даярдыгы талкууланды. Ошол эле учурда калкты көмүр менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тиешелүү мамлекеттик органдар, Бишкек…

Прочитайте больше
1 4 5 6 7 8