1-сентябрдан баштап электр энергиясына болгон тариф кымбаттайт

1-сентябрдан баштап электр энергиясына болгон тариф кымбаттайт

Отун энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде 1-сентябрдан баштап Кыргызстанда электр кубатына болгон жаңы тарифтер коюлуп башташы мүмкүн экенин билдирди. Ал Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору боюнча коомдук талкуунун жыйынтыгы күтүлүп жатканын билдирип: “Азыр бир аз кечигип жатабыз. Эгерде 15-июлда коомдук талкуу аяктай турган болсо, аны өкмөткө алып барып, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн бир…

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн кубметрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн кубметрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Бүгүн, 24-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, суунун агып кириши секундасына 508 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 433 куб метрге жетүүдө.Эки ай мурда суунун көлөмү 8,6 миллиард куб метрди көрсөтүп жаткан. Маалым болгондой, бул эң төмөнкү көрсөткүч.Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша…

Прочитайте больше

Кыргызстанда сабиздин кымбатташына Тажикстандын тиешеси барбы?

Кыргызстанда сабиздин кымбатташына Тажикстандын тиешеси барбы?

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу сабиздин баасы 100 сомго жетип, андан да ашып кетти. Буга эмне себеп болду? Сабиз мурда Тажикстандан келип, учурда чек ара жабылгандан улам кымбаттадыбы?Акыркы апталарда сабиздин баасы 50-60 сомдон болуп, учурда 100сомдон ашып кеткени белгилүү.Сабиз эле эмес, кызылча, картошканын баалары да жогору. Дыйкандар мунун себебин коңушу өлкөлөргө, Орусияга экспорттолуп жатканын айтышууда.Айрым жашылчалардын кымбатташы, “ашыкча” экспорттон экени да күмөн. Бир четинен жашылчылардын аздыгынан пайдаланып, ортодо бааны атайын жогорулатып жибериши да мүмкүн. Тилекке каршы…

Прочитайте больше

Түркияда миллиард доллардан ашык алтын кени табылды

Түркияда миллиард доллардан ашык алтын кени табылды

Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жаңы шахтанын ачылышында 1 млрд. доллардан ашык деп бааланган алтындын кору табылганын жарыялады.Белгилей кетсек, алтын кен Түркиянын Агра провинциясындагы Моллакара кыштагынын аймагында түстүү металлдардын ири кендери алтын казуучу “Коза Алтын” компаниясы тарабынан табылган.Алтын кендин 20 тонна корунун болжолдуу баасы 1,2 млрд. долларды түзөт. Бул жерден ошондой эле 2,8 млн. долларлык 3,5 тонна күмүш табылган.Эске салсак, акыркы он жылдын ичинде Түркияда алтын казууга инвестициялар төрттөн бирге өстү.2020-жылы өлкөдө 18 шахтадан…

Прочитайте больше

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен тышкы карызы эң аз кайсы өлкө?

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен тышкы карызы эң аз кайсы өлкө?

Евразия экономикалык бирлигине кирген 5 өлкөнүн ичинен Орусия эң көп мамлекеттик тышкы карызга ээ. Тагыраак айтканда, Орусиянын тышкы карызы 2021-жылдын 1-январына карата 56 млрд. 702,9 млн. долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтү ар бир жаранына бөлгөндө $3067 туура келет.Ал эми Тажикстан  тышкы карызы эң төмөнкү деңгээлдеги өлкө катары белгиленгени менен 3,7 млрд. долларды (тышкы карыз) ар бир жаранга эсептегенде $1641дан айланып калат.Ошондой эле коңшу Казакстандын тышкы карызы 160,9 млрд. доллар, ар бир жаранга $4005. Өзбекстандын тышкы карызы…

Прочитайте больше

Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев кыргыз-түрк достук мамилелери өнүктүрүлө тургандыгын белгиледи. “Кыргызстан менен Түркия өз ара соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда”,- деп билдирди Кубанычбек Өмүралиев Анадолу агенттигине. Элчи өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 507 млн. долларды түзгөнүн эске салып: “Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы стратегиялык макамга ээ”,- деди. Анын айтымында, Кыргызстан Түркия менен айыл чарба, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка өз ара пайдалуу тармактарда биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууга кызыкдар. Кубанычбек Өмүралиев мындай…

Прочитайте больше

Түркия Кыргызстанга ГЭС курат

Түркия Кыргызстанга ГЭС курат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) жетекчиси Рыфат Хисаржыкоглу жетектеген делегация менен жолукту. Бул тууралуу  Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда Улукбек Марипов кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерине жана Түркия Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканына токтолуп, “Бүгүнкү күндө жетекчиликтин бирден бир милдети бул инвесторлор үчүн шарттарды түзүү. Тилекке каршы бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы товар жүргүзүү реалдуу потенциалга жооп бербейт. Жалпы максатка жетишүү үчүн биздин өлкөлөр ириде биргелешкен…

Прочитайте больше

Орусия доллардан баштарта баштады

Орусия доллардан баштарта баштады

Америка Кошмо Штаттарынын санкцияларынын күчөшүнөн улам Орусия акырындык менен доллардан баш тарта баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.Bloomberg агенттиги белгилегендей, өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде Орусиянын экспорттук төлөөлөрүндө доллардын үлүшү биринчи жолу 50%дан төмөндөп, 48,3%ды түздү. Мындан бир жыл мурун бул көрсөткүч 61 пайыздан ашкан. Учурдагы кырдаал көбүнчө Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнө байланыштуу экени айтылууда.  Өткөн жылдын төртүнчү чейрегинин аягында эки өлкөнүн экономикалык алакаларынын 80 пайыздан ашыгы евро менен жүргүзүлгөн. Маалыматта, акыркы…

Прочитайте больше

Өкмөт салык жана бажы кызматтарындагы коррупцияны кантип жоёт?

Өкмөт салык жана бажы кызматтарындагы коррупцияны кантип жоёт?

БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Премьер-министр Улукбек Марипов: Фискалдаштыруу тутуму ар кандай каршылыктарга карабастан ишке ашырылышы керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдирди. «Негизги милдеттердин бири – бул салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу тутумун толук кандуу ишке киргизүү, ал ар кандай каршылыктарга карабастан өз мөөнөтүндө ишке ашырылышы керек.  Бул бизге коррупцияны жоюп, көмүскө экономиканын деңгээлин кескин кыскартып, мамлекеттин кирешесин жогорулатууга…

Прочитайте больше

Жакында Баткенде мунай чыгарган завод иштей баштайт

Жакында Баткенде мунай чыгарган завод иштей баштайт

Келерки айдан баштап Баткен облусунун Лейлек районунда мунай иштетүүчү завод ишке кирет. Бул туралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлаганын “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Аталган министрликтен билдиргендей, «Баткен облусунун Лейлек районунда “Сафар” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мунай иштетүүчү чакан завод курулуп жатат. Маалыматка ылайык, завод май айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүүнүн көлөмү арттырылып турмакчы. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштеп чыгуусу күтүлүүдө. Анда дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарылат….

Прочитайте больше

Иранда мунайдын өндүрүшү болуп көрбөгөндөй өстү

Иранда мунайдын өндүрүшү болуп көрбөгөндөй өстү

Американын Wall Street Journal гезити Ирандын санкцияланган мунай өндүрүшү  Кытайдын импортунун өсүшүнүн аркасында акыркы эки жылдын ичиндеги эң жогорку деңгээлге жеткенин билдирди. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттигине шилтеме берип “Eurasia Today” агенттиги кабарлайт. Wall Street Journal гезити өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн ортосунда Ирандын чийки мунай зат экспорту көбөйгөнүн, эми Тегеран мурункуга караганда көбүрөөк мунай өндүрүп жатканын жазды. Ошондой эле Ирандын санкцияланган мунай өндүрүшү Кытайдын импортунун өсүшүнүн аркасында акыркы эки жылдын ичинде эң жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи жана бул…

Прочитайте больше

Эксперт: «Иран мунайы Кыргызстандагы бензинге болгон бааны арзандатмак»

Эксперт: «Иран мунайы Кыргызстандагы бензинге болгон бааны арзандатмак»

Ирандын чийки мунайын ташып келүү Кыргызстандагы күйүүчү май кризисин азайтууга жардам бермек. Муну кандайча жүзөгө ашыруу керек экендиги жөнүндө Кыргызстандагы белгилүү эксперт, саясат таануучу Марс Сариев өзүнүн пикирин  “Eurasia Today” агенттигине бөлүштү. Жакында эле Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетти. Тактап айтканда, ал кыргызстандык кесиптеши Руслан Казакбаев жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууларды өткөрдү. Эксперттин айтымында, акыркы жылдары Иран менен Кыргызстандын мамилеси жакшырып келе жатат, бирок тилекке каршы пандемия…

Прочитайте больше

«CASA-1000» долбоорунан Кыргызстан жылына 80 млн. доллар киреше табат (фото)

«CASA-1000» долбоорунан Кыргызстан жылына 80 млн. доллар киреше табат (фото)

Президент Садыр Жапаров: «CASA-1000» долбоору энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат. «CASA-1000» долбоору — регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Бул тууралуу  3-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди. Мамлекет башчысы аталган долбоордун өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин жана бул долбоорду ишке ашыруудагы Кыргыз Республикасы…

Прочитайте больше

Депутаттар алтын кениндеги миллиондорго кызыгышты

Депутаттар алтын кениндеги миллиондорго кызыгышты

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Комиссиянын мүчөлөрү жакында эле «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соӊ Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен жеринен таанышып келдик. Жыйынтыгында тоо-кен тармагында заманбап жаӊы технологияларды колдонуу зарылдыгына көзүбүз жетти. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы…

Прочитайте больше

Күйүүчү майдын кымбатташы: Орусиянын өзүндөгү кризис коркунучу

Күйүүчү майдын кымбатташы: Орусиянын өзүндөгү кризис коркунучу

Орусияда күйүүчү майга болгон баалар кайрадан көтөрүлдү. 2021-жылдын башынан бери бензин менен дизелдин баасы 2-3% өстү. Бензиндин кымбатташы күйүүчү май кризисине алып келип, анын кесепетинен социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн деп эскертти Эсеп палатасы. Кремль кырдаал көзөмөлдө экенин айтууда. Бааны түшүрүү үчүн бийлик бюджеттен кошумча каражат бөлмөк болду. Орусиянын энергетика министрлиги күйүүчү майга болгон баанын кымбатташын керектөөнүн өскөнү менен түшүндүрүүдө. Баа көтөрүлгөн учур 2020-жылдын жайында болду. Анда расмийлер муну локдаундун бүтүшү менен түшүндүргөн. Көп өтпөй баалар…

Прочитайте больше
1 5 6 7 8