Өзбекстанда соода борборунда катуу жарылуу болду (видео)

Өзбекстанда соода борборунда катуу жарылуу болду (видео)

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Денау шаарындагы “Инденим” соода борборунда 7-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 3:57де катуу жарылуу болуп, андан соң өрт чыкты. Окуядан бир киши каза таап, 9 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жарылуудан улам соода борборунун дубалдары урап түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар барышкан. Өрт саат 04:25те өчүрүлгөн. Жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат.

Прочитайте больше

Ирандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кандай өнүгүп жатат? – ЕЭКтин жообу

Ирандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кандай өнүгүп жатат? – ЕЭКтин жообу

“ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу макулдашуунун ишке ашырылышы эки тараптын тең соода-сатыгынын көлөмүнө жакшы таасирин тийгизет”, – деди Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев. ЕЭКтин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали менен жолуккан. Тараптар Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүүгө шарт түзгөн убактылуу келишим соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешкен. “2021-жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 60%га өскөн. ЕАЭБге…

Прочитайте больше

Иран-ооган чек арасындагы ок атышуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы?

Иран-ооган чек арасындагы ок атышуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы?

1-декабрда Иран менен Ооганстандын чек арасында ирандык чек арачылар менен “Талибан” согушкерлеринин ортосунда ок атышуу болуп, артиллерияны колдонуу менен олуттуу кагылышууга чейин жетип, салгылашуу 2-декабрга караган түнү гана аяктаган. Бул окуя эмнеден кабар берет жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы? Эки мамлекеттин тең маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, чыр-чатак талиптердин түшүнбөстүгүнөн келип чыккан, алар ирандык дыйкандарды мамлекеттик чек араны кесип өттү деп жаңылыш ойлоп алышкан. Бирок ооган жана ирандык маалымат каражаттарынын чек арада болгон окуяга карата…

Прочитайте больше

Дүйнөдө бомбаланган жалгыз футбол матчынын окуясы!

Дүйнөдө бомбаланган жалгыз футбол матчынын окуясы!

Дүйнөдөгү жалгыз футбол матчында абадан кол салуу болуп, он беш оюнчу, көрүүчүлөр жана калыстар шейит болгон окуя. “Тасним” агенттигинин маалыматына ылайык, мындан 35 жыл мурда Саддам Хусейндин согушкерлери Ирандын “Чавар” Иламдагы футбол талаасына кол салган. Бирок бул окуя тууралуу көбү билбей калган.Бул тууралуу Иран ислам Руспубликасынын Руханий лидери мындай деди: Бул кичинекей окуя эмес, бул чоң окуя; Мындай окуялардын дүйнөлүк масштабда таанылышы, айтылышы, кайталанышы ылайыктуу. Бул биздин спорттук шейиттерибиздин зулумунун билдирүүсү. Белгилей кетсек, 1986-жылы күндөрдүн…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Ирандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Сиздин позитивдүү көз карашыңыздын аркасында дос жана бир тууган эки өлкө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүнүн негизги багытында уланып, өлкөлөрүбүздүн эки тараптуу тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана элдердин бакубаттуулугун чыңдоодо жана жайылтууда аймактык жана эл аралык кызматташтык маанилүү роль ойнойт деп ишенем. Жараткандан Сизге жана үй-бүлөңүзгө ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү тилейм»,…

Прочитайте больше

Түркияда Эрдоган катышкан митингде терракт ооздукталды

Түркияда Эрдоган катышкан митингде терракт ооздукталды

Түркиянын коопсуздук күчтөрү президент Режеп Тайып Эрдогандын катышуусундагы митингде терракттын алдын алганы белгилүү болду. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы маалымдады. Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башысынын орун басары Хамза Дагдын айтымында, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери тинтүү учурунда унаалардын биринен жардыруучу затты табышып, зыянсыздандырышкан. Бул мамлекет башчынын эл алдына чыгар алдында болгон. “Жардыруучу зат Мардинде иштеген полиция кызматкеринин унаасынын астына коюлган, аны Эрдоган Сиирт шаарына митингге келгенде жардыруу пландалган. Алар митингди үзгүлтүккө учуратууну пландаштырышкан. Тынч чөйрөнү бузууга аракет кылып жаткандар бар”,…

Прочитайте больше

Жаңы жылдан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат

Жаңы жылдан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат

2022-жылдын 1-январынан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жасады. “Жарлыкка ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турат. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз…

Прочитайте больше

Сауд коалициясынын Таиз провинциясына жасаган аба соккусунан 16 Йемен жараны набыт болду

Сауд коалициясынын Таиз провинциясына жасаган аба соккусунан 16 Йемен жараны набыт болду

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд коалициясынын Таиз провинциясындагы шаарга жасаган кандуу аба соккусунда Йемендин 16 жараны набыт болду.  Сауд коалициясынын согушкерлери жума күнү кечинде Таиз провинциясынын Макбана шаарында бир катар жайкын тургундарды бутага алып, кеминде 16 йемендик жаранды, анын ичинде бир нече балдарды өлтүрүштү. “Аль-Масиранын” маалыматына караганда, саудиялык согушкерлер аймактын үстүнөн учуп жүргөндүктөн, куткаруучулардын урандыларды чыгаруу жана каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу үчүн аймакка жетүүсү мүмкүн эмес.

Прочитайте больше

Чилиде динозаврдын жаңы түрү табылды

Чилиде динозаврдын жаңы түрү табылды

Динозаврдын куйругу жалбырак сымал түзүлүштө биригишкен жети жуп жалпак сөөктөн турат. “Stegouros elengassen” деп аталган динозаврдын калдыктары Чилинин түштүк аймагы болгон Патагониядагы Магалланес провинциясынан табылды. Болжол менен 2 метр өлчөмүндөгү «анкилозавр» деп аталган кичинекей динозавр фоссилинин болжол менен 71,7 миллиондон 74,9 миллион жыл мурда жашагандыгы аныкталды. Динозаврдын куйругу жалбырак сымал түзүлүштө биригишкен жети жуп жалпак сөөктөн турат.

Прочитайте больше

Күндөгү жарылуудан геомагниттик бороон пайда болду

Күндөгү жарылуудан геомагниттик бороон пайда болду

Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Физика институтунун Күн рентген астрономиясы лабораториясынын билдирүүсүндө орун алды. Бейшемби күнү Күндөгү жарылуудан улам пайда болгон ири геомагниттик бороон кечээ түштөн кийин дүйнөгө таасирин тийгизди. Россия илимдер академиясынын Физика институтунун Күн рентген астрономиясы лабораториясынын билдирүүсүндө, «Учурда Жердин магнитосферасында (магниттик талаа) магниттик бороон (жарык, G1 деңгээли) уланууда»,делди. Окумуштуулардын берген маалыматына караганда, геомагниттик бороон кечээ Москва убактысы боюнча саат 15:00дө (Түркия убактысы менен бирдей) башталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул табигый окуя…

Прочитайте больше

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Кечээ, 3-декабрда президент Садыр Жапаров менен Орксиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен евразиялык мейкиндикте өз ара аркеттенүүнү өрчүтүүнү талкуулашты. Сүйлөшүү жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ошондой эле кесиптешине Кыргызстанда өлкө Конституциясына жана эл аралык ченемдерге толук ылайык, элдин эрки…

Прочитайте больше

«Талибан» Өзбекстанды ооган тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды

«Талибан» Өзбекстанды ооган тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды

“Талибан” кыймылы түзгөн убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар Ташкентти ооган учкучтары айдап барып таштаган Өзбекстандагы учактары менен тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды. Бул тууралуу “Афганистан.ру” басылмасы жазды. Буга чейин Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев баштаган өзбек делегациясы 30-ноябрда Кабулда Талибан өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолукканы кабарланган. Быйыл август айында ооган учкучтары өлкөдөгү жалпы учактардын жана тик учактардын 25% айдап, Өзбекстан менен Тажикстанга учуп барышкан. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Термез шаарындагы ооган учкучтарынын 15и A-29 Super…

Прочитайте больше

NASA: Жерге өтө кооптуу 330 метрлик астероид жакындап келе жатат

NASA: Жерге өтө кооптуу 330 метрлик астероид жакындап келе жатат

NASA коркунучтуу астероид “4660 Nereus” 11-декабрда Жерге жакындай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. “4660 Nereus” потенциалдуу кооптуу астероид болуп эсептелет. Анын диаметри 330 метрди түзөт. Маалыматка караганда, 1982-жылы ачылган астероид Жерге 4 миллион чакырымга чейин жакындайт. NASA уюму бул астероидди Жер үчүн кооптуу объект болуп саналарын эскертти. Ал 664 күндө Күндү толугу менен айланат. Формасы жумурткага окшош. Буга чейин, астероидди космостук миссиянын бутасы катары колдонуу бир нече жолу сунушталган.

Прочитайте больше

Ирандын ШКУга толук мүчө болуусу Батыштын изоляциялоо аракетин токтотот

Ирандын ШКУга толук мүчө болуусу Батыштын изоляциялоо аракетин токтотот

Кечээ, 2-декабрда Ирандын Исламабаддагы элчисинин орун басары өз өлкөсүнүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө болушун аймактык жана эки тараптуу деңгээлдеги маанилүү кадам деп атады. Мохаммад Сорхаби Исламабаддагы Регионалдык изилдөөлөр институту уюштурган “Ирандын ШКУга мүчөлүгү – мүмкүнчүлүктөр” аттуу вебинарда сөз сүйлөдү. Ал Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болуу тууралуу арызынын кабыл алынышы маанилүү кадам болгонун жана уюмдун калган мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүдө оң роль ойной тургандыгын белгиледи. “Ирандын Ислам революциясынан кийинки биринчи аймактык уюм…

Прочитайте больше

Кыргызстан Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алат

Энергетика министрлиги Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун быйыл июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында Түркмөнстандан жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга жетишилген. Анын негизинде 1-августтан тарта Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы берилип жатат. Быйыл апрелден сентябрга чейин Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши акыркы төрт жылдагыдан бир топ аз болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Суу…

Прочитайте больше
1 59 60 61 62 63 133