Болгарияда автобус кырсыктап, 46 адам мерт болду

Болгарияда автобус кырсыктап, 46 адам мерт болду

Болгариянын батышында жүргүнчү ташыган автобус аварияга кабылып, кеминде 46 киши набыт болду. Мерт болгондордун арасында балдар да бар. Жети киши күйүк менен ооруканага жеткирилди. Жол кырсыгы жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экилер чамасында Боснек айылына жакын трассада катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча автобус жол тосмосун сүзүп, андан соң күйүп кеткен. Автобуста Түндүк Македониянын номуру болгон. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Буяр Османи автобус Түркиядан Скопье шаарын көздөй келе жатканын кабарлады. Туристтер дем алыш күндөрү Стамбулга…

Прочитайте больше

Түркияда лиранын курсунун түшүшүнө нааразы болгондор бийликтин кетишин талап кылышты (видео)

Түркияда лиранын курсунун түшүшүнө нааразы болгондор бийликтин кетишин талап кылышты (видео)

Түркияда лиранын долларга карата курсу рекорддук деңгээлге түшкөндөн кийин Анкара менен Стамбулда нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды. Нааразылык акцияларынын катышуучулары өкмөттүн жана бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын мүчөлөрүнүн кызматтан кетишин талап кылышты. Нааразычылык кечээ кечинде башталып, борбор калаанын ар кайсы райондорунда жана Стамбулда өттү. Анкарада полиция демонстранттарга тоскоолдук кылууга, анын ичинде тосмолорду орнотууга аракет кылган. Твиттерде жарыяланган видеодо Стамбулдун Куртулуш районунан полиция чогулган демонстранттарды кармоого аракет кылып, көчөнү тосуп жатканын көрүүгө болот….

Прочитайте больше

Бишкекте «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия мамлекеттери үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүүдө

Бишкекте «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия мамлекеттери үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүүдө

Бүгүн, 24-ноябрда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүп жатат. Аталган иш чара Ж. Баласагын атындагы КМУ, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, «Евразиялыктар – жаңы толкун» Фонду, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн интеграция көйгөйлөрүнө илимий-иликтөө жүргүзгөн «СОНАП-2050” борбору, “Күндеми» мультимедиялык маалымат борбору тарабынан уюштурулду. БУУ: Талибан Ооганстандын 50-70%ын көзөмөлдөйт Конференциянын максаты – Афганистандагы саясый кырдаалдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жаралган тобокелчиликтерге, чакырыктарга, коопсуздукка келтирилген…

Прочитайте больше

Шайлоо-2021: Парламентке кайсы партиялар өтүшү мүмкүн?

Шайлоо-2021: Парламентке кайсы партиялар өтүшү мүмкүн?

Туура төрт күндөн кийин – ушул жекшембиде, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Кыргызстандыктар биринчи жолу парламенттин депутаттарын аралаш система менен шайлайт. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бул жолу парламентке өтүүгө 7 партиянын олуттуу мүмкүнчүлүгү бар.   Мындай божомол жакында эле кыргызстандыктардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо айтылат. “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду “Парламентке кайсы партиялар өтүшү мүмкүн?”, – деген кеңири масштабдагы социологиялык  сурамжылоодо өткөргөн. Анда шайлоо жарышына катышкан партиялардын…

Прочитайте больше

ЮНЕСКО Кыргызстан тарабынан демилгеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды

ЮНЕСКО Кыргызстан тарабынан демилгеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды

ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча сунушун колдоду. 2021-жылдын 23-ноябрында Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттер бир добуштан Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген жана Кыргыз  Президент Садыр Жапаров тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында айтылган «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» аталышында резолюцияны колдоп беришти. Белгилей кетсек, резолюциянын башкы максаты тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө. Туруктуу өнүгүү жана реализациялоо Күн тартиби – 2030дун…

Прочитайте больше

Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери Тажикстанда жолугушту

Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери Тажикстанда жолугушту

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Европа Биримдиги (ЕБ) – Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйыны өттү. 22.11.2021 ~ 22.11.2021 Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Европа Биримдиги (ЕБ) – Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйыны өттү. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, жыйынга Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун…

Прочитайте больше

Путиндин өкүлү Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Путиндин өкүлү Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Лаврентьев жана Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин, ирандык министр Абдуллахиян менен «эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактагы абалдарды жана Сириядагы кырдаалды» талкуулашты. 22.11.2021 ~ 22.11.2021 Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен бул өлкөнүн борбор шаары Тегеранда жолукту. Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Сириянын борбор шаары Дамасктан кийин Тегеранга барган Лаврентьев жана Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Абдуллахиян…

Прочитайте больше

COVID-19: АКШда 1.5 миллиондон ашык адам жыт сезүүсүн биротоло жоготту

COVID-19: АКШда 1.5 миллиондон ашык адам жыт сезүүсүн биротоло жоготту

Америкада жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы COVID-19дан кийин 1,6 миллионго жакын адам аносмиядан жапа чеккенин көрсөттү. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Пандемия башталгандан бери АКШда болжол менен 48,5 миллион адам коронавирус жуктурган. Изилдөөлөргө ылайык, илдетке чалдыккандардын 1,6 миллионго жакынында аносмия кеминде алты айга созулган. Адистер жыт сезүү алты айдын ичинде калыбына келбесе, анда адам бул сезимден биротоло айрылышы мүмкүн экенин, бир нече жыл бою жыт сезбей калгандардын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү азыраак…

Прочитайте больше

«Центерра» Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү таратты

«Центерра» Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү таратты

Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган. “Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, “Кумтөр” мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компаниясы болуп саналат жана биз “Кумтөр” кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоону улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе…

Прочитайте больше

«Талибан» аялдар катышкан сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салды

«Талибан» аялдар катышкан сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салды

Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү өлкөдө аялдар катышкан телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салышты. Бул тууралуу өлкөнүн Ислам багыты министрлиги билдирди. Эми бардык телекөрсөтүү ЖМКлары эфирге чыгарып жаткан программалары шарияттын мыйзамдарына жана моралдык нормаларга дал келип жатканын карап турушу керек. Көңүл ачуучу программалар динди мазактабашы керек, ал эми кадрда иштеген аялдар сөзсүз башына жоолук салынышы керек. “Аялдар катышкан телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салынат. Эркектер менен аялдар жарым жылаңач болуп тартылган тасма, клиптерди көрсөтүүгө да тыюу салынат”, –…

Прочитайте больше

Жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн – изилдөө

Жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн – изилдөө

Америкада Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин божомолдошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Адистердин айтымында, жумуртканын сарысында холестерин көп болгондуктан, адам жумасына үч гана жумуртка жесе кээ бир олуттуу оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө Америкадагы 29 миңден ашык адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды изилдешкен. Катышуучулардын орточо жашы 51,6 жашты түзгөн, алардын абалы 17,5 жыл бою көзөмөлгө алынган. Адистер изилдөөнүн катышуучуларынын тамактануу адаттарын…

Прочитайте больше

Орусияда мигранттар баңгизатка көз каранды эмес экенин ырастаган маалымкаттарды берүүгө милдеттендирилет

Орусияда мигранттар баңгизатка көз каранды эмес экенин ырастаган маалымкаттарды берүүгө милдеттендирилет

Орусияга 90 күндөн ашык мөөнөткө барган эмгек мигранттары менен чет өлкөлүк жарандар 29-декабрдан тартып баңгизатка көз каранды эмес экенин жана ВИЧ-инфекциясы жоктугун ырастаган медициналык маалымкаттарды көрсөтүүгө милдеттүү болушат. Тиешелүү буйруктун долбоорун Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) даярдаган. Ал быйыл 29-декабрда күчүнө кирет. Буйрукка ылайык, медициналык документтер буга чейинки маалымкаттардын мөөнөтү аяктагандан кийинки 30 күндүн ичинде берилиши керек. Документтерди ИИМдин миграциялык бөлүмдөрүнө, ошондой эле ишкана же ыйгарым укуктуу уюмдарга кагаз түрүндө же электрондук түрдө берсе болот….

Прочитайте больше

Жапаров Мишустинге Кыргызстан “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты

Жапаров Мишустинге Кыргызстан “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы, анын ичинде салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. “Биз “жакыр” өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаров: «Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат»

Президент С. Жапаров: «Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат»

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берди. – Садыр Нургожоевич, саламатсызбы. – Президент С.Жапаров: Саламатчылык. – Уруксаат берсеңиз, Садыр Нургожоевич, алгачкы эле суроом Сиздин акыркы чет өлкөлүк сапарыңзыдын бирине байланыштуу. Тактап айтканда, Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын бараандуу ишкерлерин Баткен облусуна келип, ишканаларды ачкыла деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге? – Президент С.Жапаров: Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка…

Прочитайте больше

Өзбекстанда 26 миңден ашуун адам вакцинадан баш тартканы үчүн жумуштан четтетилди

Өзбекстанда 26 миңден ашуун адам вакцинадан баш тартканы үчүн жумуштан четтетилди

Республикада мыйзамдарды аткаруудан баш тарткандарга катуу чаралар көрүлүүдө. Өзбекстанда коронавируска каршы милдеттүү эмдөөдөн баш тарткан жарандарга айып пул салынып, жумуштан четтетиле баштады. Бул туурасында Республиканын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын (СЭС) Telegram-каналындагы билдирүүдө айтылат. “Эмдөө талаптарын сактабаганы үчүн 26 миңден ашык адам жумушунан четтетилип, 2 миңден ашуун иш берүүчүгө айып салынып, 175 мекеме убактылуу жабылды”, — деп белгиледи уюм. Жалпысынан 50 миң адам милдеттүү эмдөө талабын аткарган эмес. Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты…

Прочитайте больше
1 62 63 64 65 66 133